19 сентября, 2024

Паспорт алууда, алмаштырууда эмнелерди билʏʏ керек?

Аты-жɵнʏн ɵзгɵртʏʏдɵ талап кылынуучу документтер:

-Алмаштырылуучу паспорт,

-никеси тууралуу кʏбɵлʏк,

-КРнын президентинин жарандыкты кабыл алуу буйругунун кɵчʏрмɵсʏ.

Аты-жɵнʏн ɵзгɵрткɵндɵ паспортту убагында алмаштырбагандыгы ʏчʏн айып пул салынат.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жɵнʏндɵ кодексинин 479-беренесине ылайык, калкты каттоо чɵйрɵсʏндɵгʏ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук бузуулар жɵнʏндɵ иштерди карайт жана кодекстин 400-беренесинде каралган жаза чараларын колдонот. Аты-жɵнʏн ɵзгɵрткɵндɵ же жарандык абал актыларынын жазууларына ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏдɵ документтерди убагында алмаштырбагандыгы ʏчʏн жеке адамдарга 10 эсептик кɵрсɵткʏч (1000 сом) ɵлчɵмʏндɵ айып пул салынат.

Паспортту чет ɵлкɵдɵ алууга же калыбына келтирʏʏгɵ болот

Дипломатиялык ɵкʏлчʏлʏктɵ (элчиликте) жана Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде Кыргыз Республикасынын паспортторун алууга болот.

Миграцияда жʏргɵндɵ паспортунун мɵɵнɵтʏ аяктаса

Жаңы паспорт алуу же анын жарактуулук мɵɵнɵтʏн узартуу ʏчʏн кайсы ɵлкɵдɵ турса, ошол жердеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинин консулдук бɵлʏмʏнɵ кайрылуусу зарыл.

Даяр паспорт КТБларда эки жыл сакталат

Персонификациядан ɵткɵндɵн кийин бир жыл ичинде алынбаган ID-карталар жана жалпы жарандык паспорттор аймактык бɵлʏмдɵргɵ жана калкты тейлɵɵ борборлоруна (КТБ) ɵткɵрʏлʏп берилип, ал жерде эки жыл бою сакталат. Бул мɵɵнɵт аяктагандан кийин ID-карталар жана жалпы жарандык паспорттор жок кылынат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору тɵмɵнкʏ учурларда жараксыз деп таанылат:

–  Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мɵɵнɵтʏ аяктаганда;

–  Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулган учурда (жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыратуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгы жɵнʏндɵ мыйзамда каралган башка негиздер, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен белгиленген);

–  Улуттук паспорт жаңы паспортко алмаштырылганда;

–  Паспорт ээси каза болгон учурда же соттун чечими менен каза болгон деп таанылганда;

–  Паспорт ээси аныкталбаган учурда;

–  Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн улуттук паспортторунун тиешелʏʏ тʏрлɵрʏ жɵнʏндɵ токтомдору менен бекитилген улуттук паспорттун ʏлгʏсʏнɵ жана мазмунуна дал келбеген паспорт жана анын мазмуну;

–  Ички иштер органдарынын акыркы чечими боюнча;

–  Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун чет ɵлкɵдɵ жоготкондон кийин кайтып келʏʏ кʏбɵлʏгʏн берген учурда.

Жалпы жарандык паспорт 18 жумуш кʏндʏн ичинде жасалат

ID-картаны персонификациялоо жана берʏʏ жалпы тартипте тɵлɵм жʏргʏзʏлгɵн кʏндɵн тартып 12 жумуш кʏндʏн ичинде, жалпы жарандык паспорт 18 жумуш кʏндʏн ичинде жʏргʏзʏлɵт.

Паспорттордун даяр болушун “Тʏндʏк” тиркемесинен билʏʏгɵ болот

Паспорттун даярдыгын “Тʏндʏк” электрондук кызмат кɵрсɵтʏʏлɵр мамлекеттик порталынан “Жаңы паспорттун даярдыгынын статусу жɵнʏндɵ маалымат” кызматы боюнча онлайн текшерʏʏгɵ болот.