19 сентября, 2024

С.Жунусбаев: “Шаарга 100 автобус алынып, 4 линияга жайгаштырылды”

Жаңы окуу жылынын башталышы менен жарандар тарабынан коомдук транспорт кɵйгɵйлɵрʏ айтыла баштады. Алар автобус, троллейбустун, кичи автобустардын дайыма тыгын болуп жатканын белгилешʏʏдɵ. Мунун себеби эмнеде, жаңы сатылып алынган автобустар кайсы линияларга жайгаштырылды, Ош шаарын коомдук транспорт менен толук камсыздоо ʏчʏн канча автобус керектелет жана накталай эмес тɵлɵмдɵр боюнча тийиштʏʏ тараптарга суроо салганбыз.

Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары.

“Кичи маршруттарды муниципалдык автобуска алмаштырып жатабыз”

-Сонунбек Калмаматович, буга чейин кичи маршруттук каттамдардын саны канчаны тʏзгɵн, аларды автобуска алмаштыруу аракеттери жɵнʏндɵ айтсаңыз?

-Транспорт маселеси кɵптɵн бери кɵйгɵйлʏʏ маселе экени талашсыз. Элден кɵбʏнчɵ “маршруттук каттамдар убагында каттабайт, кечинде эрте эле токтоп калышат, адамдар кɵчɵдɵ калып калууда” деген сыяктуу нааразычылыктар айтылып келген. Ошондуктан мэрдин тапшырмасы менен биз автобус, троллейбустарды кɵбɵйтʏʏ аракетин кɵрɵ баштадык. Себеби, муниципалдык автобус жергиликтʏʏ бийликке тиешелʏʏ болуп, айткан мɵɵнɵттɵ, бекитилген график боюнча жʏрɵт. Тагыраагы, эрте менен 6:00дɵ чыгып, кечки 22:00гɵ чейин шаар тургундарын тейлейт.

Буга чейин 1200 жеке менчик кичи маршруттар бар болчу. Аларды муниципалдык автобуска алмаштырып жатабыз. Быйыл 100 автобус алынып, 4 линияга жайгаштырылды. Атай кетсем, 125-маршруттук каттам Ош районунан чыгып, Туран тарапка жʏргɵн, анын ордуна муниципалдык 25-автобустар коюлду. Андан сырткары элге кɵп талап кылынуучу 149, 107, 143 маршруттук каттамдары да автобустарга алмаштырылды. Бирок, бул да жетишсиз. Анткени Ош шаарын автобустар менен толук камсыздоо ʏчʏн 500 автобус керектелет. Бизде азырынча 200 автобус гана бар. Учурда Бишкек шаарынан троллейбустардын алгачкы партиясы менен 25 даана троллейбус келди. Алар шаардын батыш бɵлʏгʏндɵгʏ кичи райондорго линия тартылып каттайт. Мындан сырткары дагы 100 даана троллейбус Ошко келет.

“Бензинден баш тартып, электроавтобустарга ɵтʏʏ керек”

-100 троллейбус шаарга кɵптʏк кылбайбы?

-Бул шаар ʏчʏн жетиштʏʏ эле. Анын бирин ɵкмɵткɵ сунуш беребиз, эгер колдоо тапса Кара-Суу шаарына чейин каттатсак деп турабыз. Ошондой эле 50 электроавтобус алуу жɵнʏндɵ пландалып жатат. Заман талабына ылайык экология маанилʏʏлʏгʏнɵ карап дизель, солярка, бензинден баш тартып, электроавтобустарга ɵтʏʏ керек. 2025-2026-жылдары Ош шаарында транспорт кɵйгɵйлɵрʏн толук чечʏʏгɵ аракеттер жасалып жатат.

-Азыр 2-троллейбус каттам да жок, окуу жылынын башталышы менен ушуга окшогон кɵйгɵйлɵр дароо кɵзгɵ урунду, айрым жарандар тарабынан нааразычылыктар да айтылууда.

-Ооба, социалдык тармактардан аялдамаларга эл толуп, автобустар, троллейбус, кичи маршруттар тыгын кетип бараткан сʏрɵт, видеолор чыгып жатат. 2-троллейбустук линия Курманжан-Датка кɵчɵсʏндɵ оңдоо иштери жʏрʏп жаткандыгына байланыштуу жабык. Шаардык газ боюнча мекеме Шейит-Дɵбɵдɵ тʏтʏктɵрдʏ алмаштыруу иштерин жʏргʏзʏʏдɵ. Биз аларга 15-сентябрга чейин мɵɵнɵт бергенбиз. 3 бригада кʏнʏ-тʏнʏ иштеп жатышат. Мындан сырткары чоң кɵчɵлɵрдʏн бири болгон Ы.Монуев кɵчɵсʏндɵ, тагыраагы, аркадан кирип келгендеги кɵчɵдɵ да чоң курулуш болуп жатат. Бул да унаалар тыгынына, аялдамалдарда адам топтолуп калышына таасирин тийгизʏʏдɵ.

-49 автобус Мады айылынан каттап баштагандан бери Мады, Кыргыз-Чек айылынан ары кеткен айылдар да ʏмʏт кыла баштагандай. Негизи автобустарды алыскы райондорго каттатуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ барбы?

-Албетте. Шаарга жакын айылдардан барып-келип иштегендер, окуучулар, студенттер кɵп экени бизге маалым. Жогоруда айткан 500 автобус менен камсыздалса. Ош-Кара-Суу, Ош-Араван, Ош-Ɵзгɵн сыяктуу каттамдарды ачсак деген пландарыбыз бар. Бул айыл менен шаарды байланыштырууда элге абдан жакшы шарт тʏзмɵк.

Туратбек уулу Дидарбек, Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын эксплуатациялоо бɵлʏмʏнʏн башчысы.

-Учурда Ош шаарында автобус, троллейбустун канча каттамы бар?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаарында 9 автобустук, эки троллейбустук каттам бар. Калган бир нече кичи маршруттук каттамдар элди тейлеп келет. Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой жакында айрым кичи маршруттук каттамдар автобуска алмаштырылган.

-Жол акысы жана накталай эмес тɵлɵм боюнча кандай иштер жасалууда?

-Тарифтер Ош шаардык Кеңешинин токтому менен гана бекитилет. Бирок, жол акыга тиешелʏʏ сунуштарды биздин ишкана берет. Аны мэрия талдап чыгып, андан кийин шаардык Кеңешке киргизет. Накталай эмес тɵлɵм боюнча тендерден “Элдик pay” деген компания утуп алган. Азыр 120 дан ашуун автобустарга атайы планшеттерди орнотту. Калган системалары да ушул ай ичи коюп бʏтɵрʏ кʏтʏлʏʏдɵ. Октябрь, ноябрь айларынан толук кандуу накталай эмес тɵлɵмгɵ ɵтɵ баштайбыз. 

Айжылдыз Тойчиева