19 сентября, 2024

Бала бакча, китеп жетишсиздиги кɵйгɵйлʏʏ маселе

Ɵлкɵдɵ мектепке чейинки билим берʏʏ мекемелеринин жетишсиздиги курч. Билим берʏʏ жана илим министрлигинин ɵзгɵчɵ кɵзɵмɵлʏндɵ турган кɵйгɵйлʏʏ маселе десек болот. Анткени ɵлкɵбʏздɵ бала бакчага барбаган балдардын саны кɵп. Расмий маалымат боюнча, мектепке чейинки курактагы балдардын 75%дан ашыгы бала бакчага барбайт. Ал эми мектепке чейинки билим берʏʏ балдардын билиминин негизи болуп эсептелет. Буга кошулуп акыркы жылдары китеп жетишсиздиги кʏч алып, ата-энелердин нааразычылыгын кʏчɵттʏ. Мындай маселелер боюнча Ош шаарында кандай иш аракеттер жʏргʏзʏлʏп жатат, канчалык деңгээлде жетишсиздиктер толукталды. Кененирээк  тɵмɵндɵ баяндайбыз.

Нурлан Закиров, Ош шаардык мэриясынын социалдык ɵнʏгʏʏ бɵлʏмʏнʏн башчысы:

“Бала бакчалар Ош шаарынын балансына ɵткɵрʏлʏп баштады”

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ кɵйгɵйлʏʏ маселелердин бири бала-бакчалардын жетишсиздиги. Балдардын мектепке чейинки билим берʏʏ тармагы Ош шаардык мэриясынын негизги маселелеринин бири. Бул жаатта  биз буга чейинки мамлекеттик мекемелердин менчигине (ЖОЖдор, атайын окуу жайлар) ɵтʏп кеткен бала-бакчаларды кайтаруу иштерин жʏргʏздʏк.  Айта турган  болсок мамлекеттик мекемелердин менчигине ɵтʏп кеткен 20, ал эми жеке менчикке ɵтʏп кеткен 16 бала бакча бар. Азыркы учурда баарын ордуна кайтаруу аракеттери жʏрʏп жатат. Мамлекетке ɵтʏп кетти дегендер, окуу жайга, колледждерге ɵтʏп кеткендер. Алсак 20 бала бакчанын ичинен 8 бала бакчаны Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ, илим министрлиги менен биргеликте макулдашып, ɵкмɵттʏк токтом чыгарып, Ош шаарынын балансына ɵткɵрʏʏ алдында турабыз. Бул боюнча токтомдор дагы даярдалып жатат. Калган 12нин 11и окуу жайга ɵткɵн. Ош мамлекеттик университети колдонуп жаткан 4 бала бакча. Булар министрлик уруксат бергени ʏчʏн ɵзʏнʏн багытында бала бакча катары иштетʏʏгɵ уруксат алышты. Ал эми ОшМПУ дагы ОшМУ сыяктуу эле ɵзʏнʏн багыты менен иштетʏʏгɵ уруксат алып, аракетин баштады. Баса белгилɵɵчʏ нерсе, биз университеттер менен атайы сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏздʏк. Эгерде бала бакчанын баасы жеке бала бакчадан кымбат болсо, анда керектʏʏ аракеттерди жасайбыз деп эскерттик. Мындан сырткары башка бала бакчалар боюнча соттук териштирʏʏлɵр жʏрʏп жатат. Жалпысынан жеке жактарга ɵтʏп кеткен бала бакчалардын саны 16 болсо, анын жетисине соттук териштирʏʏлɵр жʏрʏп тийиштʏʏ материалдар топтолду. Калган тогузуна  сотко чейинки аракеттер жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

“Ош шарында ʏй тибиндеги 22 бала бакча ачылды”

“Ɵкмɵттʏк акселераторлор” программасына ылайык Ош шарында ʏй тибиндеги 22 бала бакча ачылды. Негизги максаты бала бакчалардын жетишсиздигин жоюу. Ушул аптада эле дагы 2 ʏй тибиндеги бала бакча ачылды. Бала бакчалардын жетишсиздигин чечʏʏ жана «Ɵкмɵттʏк акселераторлор» программасын ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берʏʏ системасын ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн ʏй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча иштер уланууда.  “Сулайман-Тоо” жана “ Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыктарында аталган программанын алкагында Ага-Хан фондунун «WE CARE: Аялдардын туруктуу ишмердʏʏлʏгʏнɵ шарт тʏзʏʏ» долбоорунун кɵмɵктɵштʏгʏ менен “Жетиген” жана “Жаннат” аталыштарында ʏй тибиндеги бала бакчалардын ачылышы болду. Аталган программанын алкагында ачылган ʏй тибиндеги бала бакчалардын бул багытта чоң жардам берилет.  Ош шаарында ʏй тибиндеги бала бакчалардын жеңилдетилген шартта ачуу боюнча эл арасында калкка кеңири тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзгɵн атайын жумушчу топ иш алып барууда. «Ɵкмɵттʏк акселераторлор» программасынын алкагындагы долбоордун максаты — ɵлкɵдɵгʏ чакан бизнести колдоо жана ʏй-бʏлɵлɵргɵ ʏйʏндɵ же батиринде ʏй тибиндеги бала бакча уюштурууга жардам берʏʏ, документтерди алууну жɵнɵкɵйлɵтʏʏ болуп саналат. Мунун негизинде жеңилдетилген тʏрдɵ бала бакча ачам дегендер ʏй шартында 25 балага ылайык бала бакча ачса болот. Азыркы учурда ошол ʏй тибинде ачылган 22 бала бакчада 300 дɵй бала тарбияланып жатат. Андан сырткары жыл сайын мэрия тарабынан планга коюлуп 2-3 тɵн бала бакчалар салынып турат. Мисалы, 2023-жылы 3 бала бакча ишке берилген, быйыл дагы 3 бала бакча ишке берилʏʏдɵ. Буюрса, кийинки жылы дагы 3 бала бакча бʏткɵрʏлʏп, колдонууга берилет.

Болот Баетов:

-Ош шаардык Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын демилгеси менен жеке тараптарга ɵтʏп кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу иштери алгылыктуу жʏрдʏ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаардык сотунда 10 дон ашык бала-бакчаларды мамлекеттин карамагына кайтаруу боюнча иштер жʏргʏзʏлʏп жатат. Анын бирɵɵсʏ Кɵкʏм-Бий кɵчɵсʏндɵгʏ мурунку бал бакча, жеке менчикке ɵтʏп,  мамлекеттин балансына кайтаруу ʏчʏн сотко берилген болчу. Соттук териштирʏʏлɵрдɵ Ош шаардык соту жеңип чыгып, 2 гектар жери менен кайрадан мамлекеттин балансына кайтуу алдында турат. Бир гана бул эмес, буга окшогон кɵптɵгɵн бала бакчаларды кайра иштетʏʏ, ɵз калыбына келтирʏʏ, кайра кайтаруу боюнча иштер жʏргʏзʏлʏп жатат.

Барчынай Айдарова, Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын адиси.

“Ички миграциянын кɵбɵйгɵндʏгʏ  китеп жетишсиздигине алып келет”

-Окуу китептердин жетишсиздиги бул жыл сайын боло турган кɵйгɵй. Ар бир жылдын башында окуу куралдарын толуктоо иши башталат. Анын аркасында жетишпеген китептерден улам ызы-чуу чыгат. Бул кɵйгɵйдʏн бирден бир себеби, ички миграциянын кɵбɵйгɵндʏгʏ. Айылдагылар шаарга, шаардагылар айылга окууга келип жатышат. Ошол себептен дагы мектептерде китеп жетишсиздиги жаралууда. Быйыл мамлекет тарабынан 1-класстар  ʏчʏн орус жана кыргыз “Алиппе” китеби басылып чыкты. Азыркы учурда окуучулардын колуна тийди. Калган окуучуларга былтыркы китептер менен эле окуу жылын баштадык. Анткени окуу программасы ɵзгɵргɵн жок. Ошондуктан эски китептерди эле мʏмкʏнчʏлʏктʏн болушунча пайдаланып жатышат.

“Окуучулар былтыркы китептерин белекке беришти”

-20-августтан 30-августка чейин атайы  ата-энелерге жана окуучуларга ярмарка уюштуруп бердик. Мектепте ата-энелер ɵз алдынча карым-катнашта болушуп, колунда бар окуу китептерди бир-бирине берип, жок китептерин толукташат. Андагы китептер базардагы китептерге караганда бир кыйла тɵмɵн баада болду. Окуучулар ярмаркада былтыры сатып алып, бир жыл пайдаланган китептерин, керектɵɵчʏ окуучуларга арзан баада ɵткɵрʏп беришти. Кээ бирлери ɵтɵ арзан баада сатышса, кээ бирлери бекер эле белек катары берип жатышты. Ошентип биз мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏздʏн болушунча китептер менен камсыз болдук. Шаарыбыздагы билим берʏʏ мекемелерибизде 70% китептер мамлекет тарабынан камсыздалса, 30% ата-энелер тарабынан камсыздалды. Буюрса, кийинки жылдан бул маселе дагы жоюлат. Ага ылайык бардык китептер тʏп тамыры менен ɵзгɵрʏп, жаңы программалар жазылат. Мамлекет тарабынан бардык предметтик китептер басылып чыгарылып берилет.

“Бардык окуу китептерин электрондук форматта окуй алышат”

-Жогорку класстын окуучулары ʏчʏн атайы электрондук китептер дагы бар. Жогорку класстар толугу менен электрондук китепканадан пайдалана алышат. Ал боюнча атай “kitep.kg” сайтыбыз бар. Мында баардык предметтик китептердин электрондук варианттары камтылган. Азыр баарында телефон болгондугу ʏчʏн заманга жараша кɵбʏрɵɵк интернетти пайдаланышат.

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы