19 сентября, 2024

ДИЛ ТАГДЫРЫ ТИЛДЕ, ТИЛ ТАГДЫРЫ КИМДЕ?

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ

Кыргызстандын мамлекеттик тили – Кыргыз Рспубликасында мамлекеттик  иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берʏʏчʏ орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларда окутууну жʏргʏзʏʏдɵ бир ɵлкɵдɵ милдеттʏʏ колдонулуучу тил.

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жɵнʏндɵ” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил,  ал эми орус тили  расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тили мамлекеттик тил статусун кабыл алуу менен Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин ɵнʏгʏшʏнɵ кам кɵрʏʏ Конституцияда, тил мыйзамында баса кɵрсɵтʏлгɵн. Ощондуктан, орус, ɵзбек, казак, дунган жана башка тилдерде окутуу жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдар мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат. Иш кагаздары, сот иштери мамлекеттик жана расмий тилдерде жʏргʏзʏлɵт. Эгерде айыпкер сот иши жʏрʏп жаткан тилди билбесе,  анда ага эне тилде сʏйлɵɵ же тилмечтен пайдалануу укугу берилет.

Кыргыз тилине мамлекеттик статустун берилиши – адилеттʏʏлʏктʏ калыбына келтирʏʏгɵ болгон зор кадам, ошону менен бирге коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жʏгʏртʏʏгɵ багыт алуусу.

Жалпы алганда, тил – ар бир эле улуттун баа жеткис байлыгы  болуп саналат. Тил улуттук руханий курал, ал улуттун мʏнɵзʏн, ɵз алдынчалыгын айкындайт.

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тили бардык мекеме-ишканаларда, уюмдарда, билим берʏʏдɵ, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, мамлекетте, ɵкмɵттʏк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарында жана жеке менчик тармактарында, жыйындарында, транспортто, соода-сатык, саламаттыкты сактоо, тейлɵɵ ишканаларында колдонулат. Мамлекеттик тил бул – мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун каражаты катары кызмат кылат.

УЛУТТУК ТИЛ

 Улуттук тил – тарыхый-социалдык категория катары белгилʏʏ бир улуттагы калктын ɵз ара карым-катыш, байланыш, пикир алышуусун тейлеген тил. Ал негизинен эки формада жашайт: оозеки жана жазуу формасында. Улуттук тил улут жаралганда кошо калыптанат. Ошол эле учурда бир жагынан улуттук тил улуттун калыптануусу ʏчʏн да ɵбɵлгɵ жана шарт катары кызмат ɵтɵйт, экинчи жагынан ошол эле процесстин, башкача айтканда, улуттун калыптануу процессинин  туундусу жана жыйынтыгы да болуп эсептелет. Анткени, биринчиден, улут жаралышы ʏчʏн  улутттук тил болушу керек болот, экинчиден,  улуттун жаралышы менен кошо улуттук тил жаралат. Бул эки категория бири-бирисиз жашай албаган, эки жактуу карым-катышка ээ болгон категориялардан. Улуттук тилдин мамлекеттик тилден бир айырмачылыгы ушунда жатат.

Улуттук тил ɵзʏнʏн функционалдык жана  ички структуралык мʏмкʏнчʏлʏгʏ боюнча жалпы элдик тилдин  кийинки ɵнʏгʏшʏ катары аныкталышы шарт. Анткени, кандай гана улуттук тил болбосун, анын жаралышы ʏчʏн маани-маңызы туруктуу болуп, бирок эволюциялык мʏнɵздɵ ɵнʏгʏп-ɵзгɵрʏп келген, маңыз-мааниси ɵркʏндɵɵнʏн натыйжасында жогорку деңгээлге жеткен, улуттук тил болгонго чейин эле муун менен улам кийинки муунду байланыштырып, ошол тилде жаралган маданий-тарыхый дɵɵлɵттɵрдʏ, баалуулуктарды сактап келген жалпы элдик тил жашайт. Улуттук тил ошол жалпы элдик тилдин негизинде, анын базасында жаралат. Бул жалпы философиялык негизде, ɵзгɵрʏлмɵлʏʏлʏк менен туруктуулуктун, жаңынын жаралуусу менен айрым эскинин жоголуусунун, бирок мурункунун сакталуусу, улануусу сыяктуу категориялар аркылуу шартталган.

Улуттук тил тʏшʏнʏгʏ тилдин ички структурасына, маңыз-маанисине анча деле  таасир этпеген, бирок тилдин жашоо, атоо  формасын кɵрсɵткɵн тʏшʏнʏк катары каралууга тийиш. Тил ар кандай атоо, жашоо формасында колдонулуусу мʏмкʏн. Маселен, уруу тили, элдик тил, адабий тил,  улуттук тил дегенибизде улуттук тил термини тилдин сырткы гана формасын, анын жашоо, атоо гана формасын чагылдырып турат. Бул жерде,  албетте,  уруу тилине караганда  элдик тилдин мʏмкʏнчʏлʏгʏ жогору да, ага караганда адабий тилдин мʏмкʏнчʏлʏгʏ жогору. Бирок тилдердин ички маңызы бири биринен анча деле ɵзгɵчɵлɵнбɵйт.

Улуттук тил формасынын жаралышы, анын структуралык, семантикалык, функционалдык ɵнʏгʏшʏнʏн жогорку деңгээли катары аныкталат. Анткени, улуттук тил базасында  улуттук адабий тил жаралат. Улуттук тил сыяктуу эле улуттук адабий тил да ɵзгɵчɵ, ɵзʏнчɵ тил эмес, уруу  тилинин, жалпы элдик тилдин нормалаштырылган, иштетилген, ɵркʏндɵтʏлгɵн, кодификацияланган гана жогорку формасы, сапаттык ɵнʏгʏʏгɵ учурап, колдонуу алкагы кеңейип, стилдик жиктелʏʏсʏ артып, ийкемдʏʏлʏктɵ колдонулган  формасы. Муну  кененирээк жана тереңирээк жиликтɵɵ ʏчʏн коом таануу илиминдеги адамдардын тарыхый жалпылыгы деген категорияга кайрылуу керек. Ага ылайык, бир атадан таркагандарды урук, бир канча уруктардын бирикмесин уруу, бир канча уруулардын бирикмесин эл, этнос десек, бир нече этнос биригип бʏтʏндɵй улутту тʏзɵɵрʏ белгилʏʏ. Бул процессти ар бир улут басып ɵтɵɵрʏ айтпаса да тʏшʏнʏнʏктʏʏ. Демек, улут дегенде адамдардын тарыхый жалпылыгынын эң жогорку формасын тʏшʏнʏп, ошонун алкагында ой жʏгʏртʏп, ошонун алкагында иш туткан инсан гана иш жʏзʏндɵ тигил же бул улуттун ɵкʏлʏ болуп саналаарын эстен чыгарбоо керек.

Ар бир улуттук тил аймактык, этностук диалект тʏрʏндɵгʏ тил, жалпы элдик тил,  адабий тил деген тʏшʏнʏктɵр туюнткан тилдерди курамына камтыйт. Мунун далили-улуттук тилде жазылган кандай гана кɵркɵм туундуларды албайлы анда говордук, диалектилик кɵрʏнʏштɵрдɵгʏ элементтер да, адабий тилдик нормага  жатпаган элементтер да, кодификацияланбаган бирдиктер да учурай берет.

САН  ЖАНА САПАТ

Ар кандай эле тилдин  тарыхый тагдыры дал ушул категорияга кɵз каранды болорун карт тарых бышыктап турат. Тактап айтканда, кайсыл тилдин ɵмʏрʏ узагыраак болору ал тилди алып жʏрʏʏчʏлɵрдʏн санынан кɵз каранды экени белгилʏʏ. Диалектикадагы  сан жана сапаттын катышында негизинен сан   артыкчылыкка ээ экени маалым. “Дʏйнɵнʏ сандар башкарат” деп Пифагор бекеринен айтпаган.

Азыркы убакта дʏйнɵдɵ  тилдердин уламдан улам кыскарып, жок болуп баратканын ɵкʏнʏʏ менен белгилеп кетʏʏгɵ туура келет. Ар эки апта убакыт аралыгында болжол менен дʏйнɵдɵ бир тилдин жоголуп жатканын тил  эксперттери эсептеп чыгышкан.

Биздин кʏндɵрдɵ дʏйнɵдɵ  7 миңге жакын тил болсо, ʏстʏбʏздɵгʏ кылымдын этегине жетип анын 3 миңи гана калаары айтылат. Тилдердин жок болуусу албетте, ошону менен токтоп калбайт, улана берет. Мында айрыкча тилди алып жʏрʏʏчʏлɵрдʏн саны миңден ашпагандардыкы аябай кооптуу. Тʏпкʏлʏгʏндɵ тилдердин сан жагынан кыскарып, улам жоголуп баратышы ар кандай эле улутту бир аз болсо да тʏйшɵлтпɵй кое албайт.

Жакында эле жаралган тарыхына 70 миң жыл толгон бир тилдин акыркы алып жʏрʏʏчʏсʏ кɵз жумуптур. Аны менен кошо ал сʏйлɵгɵн тил да жок болду. Кандай гана аянычтуу!

Абдираим Мамытов