19 сентября, 2024

17-ноябрда жергиликтʏʏ кеңештерге шайлоо ɵтɵт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  “Кыргыз Республикасынын жергиликтʏʏ кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтʏʏ кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жɵнʏндɵ” Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Кɵл, Нарын, Ош, Талас жана Чʏй облустарынын жергиликтʏʏ кеңештери таркатылды.  Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле  Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Кɵл, Нарын, Ош, Талас жана Чʏй облустарынын жергиликтʏʏ кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалды.  Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Баткен жана Сʏлʏктʏ шаарларынын жергиликтʏʏ кеңештерине депутаттарды шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагындагы ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ мыйзамдык жɵнгɵ салууну эске алуу менен ɵткɵрʏлɵт. Шайлоо аракеттеринин башталган кʏнʏ болуп 2024-жылдын 17-сентябры эсептелет.

Шайлоо босогосу 7% дан 5% га чейин тɵмɵндɵтʏлдʏ

Ɵнɵктʏктʏ ɵткɵрʏʏгɵ айрым ɵзгɵрʏʏлɵр кирди. Кабыл алынган Мыйзам менен шайлоону ɵткɵрʏʏнʏн негизги тартибин ɵзгɵртʏʏ каралган эмес: шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорциялуу система боюнча – партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин кɵрсɵтʏʏ аркылуу, ал эми айылдык кеңештерде шайлоо – кɵп мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.

Кабыл алынган ɵзгɵртʏʏлɵргɵ ылайык жергиликтʏʏ кеңештердин депутаттарын шайлоонун айрым эрежелерине ɵзгɵртʏʏ киргизилди:

 — шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар ʏчʏн шайлоо босогосу 7% дан 5% га чейин тɵмɵндɵтʏлдʏ ;

 — талапкерлердин тизмесин кɵрсɵтʏʏдɵ партиялар кеңештеги мандаттардын санына барабар сандагы талапкерлерди кɵрсɵтʏшɵт (мурда бир жарым эсе кɵп болгон);

 — айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер ʏчʏн шайлоо кʏрɵɵсʏ жокко чыгарылды (мурда кʏрɵɵнʏн суммасы 1000 сом болчу);

 — майыптыгы бар адамдардын активдʏʏ шайлоо укугун ишке ашыруу механизмдери кеңейтилет. Алсак, 49-берененин 7-бɵлʏгʏ саясий партияларды шаардык кеңештерге саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин тʏзʏʏдɵ 1ден кем эмес ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген талапкерди киргизʏʏгɵ милдеттендирген пункт менен толукталган; майыптыгы бар адамдар ʏчʏн шайлоо участокторунун жеткиликтʏʏлʏгʏнɵ конкреттʏʏ талаптар белгиленген;

— ар бир участокто шайлоочулардын максималдуу саны 2500дɵн 3000ге чейин кɵбɵйтʏлдʏ;

Админресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт

Алсак, 17-1-беренеде талапкерди кɵрсɵтʏʏгɵ жана (же) шайлоого кɵмɵктɵшʏʏчʏ ишти жʏзɵгɵ ашыруу ʏчʏн тартууга жол берилбеген адамдардын тизмесине аймактык коомдук ɵз алдынча башкаруунун кызматкерлери кошулган;

— шайлоого катышуу бɵлʏгʏндɵ, жергиликтʏʏ кеңештердин депутаттыгына кɵрсɵтʏлгɵн кызматта турган талапкерлерге карата талаптар кʏчɵтʏлдʏ. Алсак, жергиликтʏʏ кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниети болгон учурда ким убактылуу, ал эми ким ыйгарым укуктарын толугу менен токтото турганы боюнча чектɵɵ киргизилди. Атап айтканда, шайлоого катышкан учурда депутаттарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер, 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) ʏлʏш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын,  юридикалык жактын жана алардын бɵлʏмдɵрʏнʏн жетекчилери ыйгарым укуктарын толугу менен токтотушат;

— талапкерлер жана партиялар, эгерде алар ʏчʏн берилген добуштар шайлоо жɵнʏндɵ мыйзамдарды бузуунун натыйжасында жараксыз деп табылса, анда кийинки шайлоолорго катышууга укуксуз экендиги белгиленип, мындай учурларда партия тарабынан киргизилген шайлоо кʏрɵɵсʏ да кайтарылып берилбейт;

Санариптештирʏʏгɵ байланыштуу айрым жол-жоболор такталды

— Шайлоочуларды идентификациялоо электрондук документтерди пайдалануу менен ишке ашырылышы мʏмкʏн, талапкерлер жɵнʏндɵ бардык маалыматтар БШКга электрондук тʏрдɵ берилет, талапкерлердин жана саясий партиялардын соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкаттарды берʏʏсʏ боюнча талаптар алынып салынды. Мында талапкерлердин соттуулугунун жоктугун текшерʏʏ ж. б. ведомстволор аралык электрондук ɵз ара аракеттенʏʏ системасын жана мамлекеттик органдар тарабынан тастыктоонун атайын формаларын колдонуу менен ишке ашырылат, бул талапкерлердин мыйзамдарга ылайык келишин текшерʏʏнʏн жʏрʏшʏндɵ маалыматтар ʏчʏн жоопкерчиликти жогорулатууга алып келеши керек;

— аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча (мурда — жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен) шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгышат;

Ошондой эле, округдарды аныктоо шайлоо кʏнʏ белгиленгенден кийин 3 календардык кʏндɵн кечиктирибестен калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чɵйрɵсʏндɵгʏ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилʏʏчʏ маалыматтардын негизинде жʏзɵгɵ ашырылары такталды;

— 32-1-берене менен шайлоону ɵткɵрʏʏдɵ аралыктан же электрондук добуш берʏʏнʏ колдонуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ берилет. Бирок, ошол эле учурда аралыктан, электрондук добуш берʏʏнʏ ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ чечим шайлоону дайындоодо кабыл алынат. Ошондой эле добуш берʏʏнʏн жыйынтыктарын чыгаруу жол-жоболоруна бир катар тактоолор каралган.