Ош шаарындагы “Боорукердик” ʏй-интернатынын жаңы имараты колдонууга берилди. Имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишʏкʏр ажы Нарматов, шаардык социалдык мекемелердин ɵкʏлдɵрʏ жана жергиликтʏʏ тургундар катышты. Жаңы 3 кабаттуу ʏй-интернаты 32 карыган адамга жана 45 балага туруктуу жашоо ʏчʏн ылайыкташтырылып, зарыл болгон бардык шарттар тʏзʏлгɵн.
ʏй-интернаттын курулушу Абдишʏкʏр ажы Нарматовдун жана кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу менен ишке ашырылды. Иш-чаранын алкагында шаар башчысы мекемеге белекке интерактивдʏʏ доска тапшырды.


Окшош макалалар
«ЭКИ ДОС» ТАНДЕМИ: Президент бардык суроолорго жооп берди
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат