28 сентября, 2024

Кулактандыруу!!!

Урматтуу Ош шаарынын Т.Кулатов, Төлөйкөн, Анар, Курманжан-Датка, Достук, Черемушки кичи райондорунун, Туран, Көкүм-Бий, Авиагородок, МЖК-2 конуштарынын, Алимбеков, Ленин көчөлөрүнүн жана Жийделик №70 көп кабаттуу турак үйүнүн жашоочулары!

Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы ушул жылдын 28-29-сентябрь, дем алыш күндөрү жылуулук энергиясын жеткирүүчү түтүктөрдү сыноо үчүн гидравликалык сыноо жүргүзөт.

Гидравликалык сыноонун экинчи этабы 5-6-октябрь, дем алыш күндөрү жогорку басым менен жүргүзүлөт.

Жукарган түтүктөрдөн жана батирлердеги радиаторлордон суу чыгып кетүү авариялык жагдайды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн күндөрдү эске алып, мүмкүн болушунча үйүӊүздөрдө калууну, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңиздерди көзөмөлсүз калтырбоону суранабыз.

Эскертүү: «Жылуулук камсыздоо» ишканасы авариялык учурларга жооп бербейт!!!

Байланыш телефондору:

+996551 111 371

+996777 113 371.