22 октября, 2024

БƟЛМƟ ГYЛДƟРY – кооздук менен кошо аба тазалайт

ʏйгɵ келген адамдын назарын ɵзʏнɵ буруп, бир чети бɵлмɵгɵ ɵзгɵчɵ сулуулук, аруулук тартууласа, экинчи жагынан таза абанын булагы болгон бул бɵлмɵ гʏлдɵрʏ. Гʏл ɵстʏрʏʏгɵ кызыгып, бирок туура жолун таппай келсеңиз, анда тɵмɵнкʏ макаланы сунуштар элем. Бул рубрикабызда жан дʏйнɵсʏ, жашоосу менен чогуу гʏлдɵгɵн, гʏл сʏйʏʏчʏ Нуржамал айым менен бирге гʏлдɵр дʏйнɵсʏнɵ саякаттайлы. 

Нуржамал Жусумамат кызы, 28 жашта,  гʏл дʏкɵндʏн ээси:

“Гʏлдɵрʏм кɵбɵйʏп, дʏкɵн ачуума себеп болду”

-Гʏл ɵстʏрʏʏгɵ кантип кызыгып калдыңыз?

Гʏлгɵ болгон кызыгуум мындан тɵрт жыл мурун башталган. Алгач ʏйгɵ гʏлдɵрдʏ алып келип, ɵстʏрʏп жʏрдʏм. Кийин кызыгуум дагы да кʏчɵдʏ. ʏйʏбʏз тʏркʏн тʏстʏʏ гʏлдɵргɵ толду. Алып келген гʏлдɵрʏм кɵбɵйʏп, ʏйгɵ батпай дʏкɵн ачуума себеп болду. Учурда гʏлдɵрʏм абдан кɵп. Гʏлдɵрдʏн тʏрʏ да арбын. Азыркы учурда улам жаңы тʏрлɵрʏн изилдеп, алып келип ɵстʏрʏп жаткан учурум.

“Гʏл ɵстʏрʏʏдɵгʏ негизги эреже, идишти туура тандоо”

-Кандай кеңеш берер элеңиз, гʏл ɵстʏрʏʏгɵ кызыккан айымдарга?

-Гʏл ɵстʏрʏʏдɵ, идиш тандоодо эч качан ката кетирбɵɵ керек. Анткени идишти туура тандоо негизги эрежелердин бири. Гʏлдʏн кɵлɵмʏнɵ карап отургузуу керек. Кээ бир аялдар же гʏл сʏйʏʏчʏлɵр гʏлдʏ отургузарда кичинекей болсо деле, чоң идишке отургузуп коюшат. Мындай кырдаалда гʏлдʏн гʏлдɵшʏ же ɵсʏшʏ кыйын болот. Гʏлдʏн чоңойбой, гʏлдɵбɵй калышынын негизги себеби да ушул. Эгер гʏлдʏн тамыры кысылып турса, бат ɵсʏʏгɵ себеп болот. Эгер чоң идишке отургузуп койсо анда тамыры жайылып кетет дагы, тамыры кысылмай сайын ɵйдɵгɵ ɵсʏшʏ кыйын болот. Эгерде гʏлдʏ бат чоңойтом десеңиз, анда кɵлɵмʏнɵ жараша идишке отургузушуңуз керек.

“Гʏлдʏ сугаруу менен гана ɵстʏрʏʏгɵ болбойт”

-Гʏлдʏ канча убакта сугарыш керек?

-Гʏлгɵ суу куюунун дагы эрежеси бар. Кээ бир гʏлдɵр сууну аябай сʏйʏшсɵ, кээ бирлери тескерисинче, сууну сʏйʏшпɵйт. А бизде болсо гʏлгɵ суу куйсаң ɵсɵт, куйбасаң ɵспɵйт деген нерсени эреже кылып алышкан. Гʏл ɵстʏрʏʏчʏ ʏй кожойкелерибиз кандай гʏл болбосун сууну куя беришет. Натыйжада гʏлдɵр соолуп же ɵлʏп калууга душар болот. Мындай кырдаалдын негизги себеби гʏлдʏн тамыры. Анткени кɵп суу куюп койсо, тамыры соолуп калат  гʏл дагы чирип кетет. Ошондуктан адегенде гʏлдʏн азыктануусу менен таанышып чыгуу керек. Ошого жараша гʏлгɵ суу куюп, азыктандырса жакшы ɵсɵт. Гʏлдʏн ɵсʏшʏнɵ жакшы жардам берген негизги зат бул топурак. Жакшы азыктануусу, бат чоңоюусу ʏчʏн сɵзсʏз тʏрдɵ топуракты да туура тандоо керек. Топуракты тандоодо ар бир гʏлдʏн структурасына жараша минералдарга бай жана жумшак топурктарды  колдонууну сунуштар элем.

“Эң кɵп сатылган топ 3 гʏл”

-Дʏкɵндɵ кайсы гʏлдɵр кɵп сатылат?

-Азыркы мезгилде гʏлдɵрдʏн тʏрʏ кɵп. Ошого жараша алуучулардын табити дагы ар кандай. Кɵбʏнчɵ “орхидея”, “Спатифиллум” (Женское счастье), “Антуриум” (Мужское счастье) гʏлдɵрʏн алышат.  Бул гʏлдɵр кардарлар арасындагы сатууга эң кɵп чыгарылган гʏлдɵр. Канча кɵп болсо дагы алуучулардын саны азайбайт. Учурда бул гʏлдɵргɵ талап жогору.

“Биз алып келген гʏлдɵрдʏн сапатына кепилдик жок”

-Кай жактан алып келесиздер?

-Биз гʏлдɵрдʏ Голландиядан алып келебиз. Сатыкка даяр болуп гʏлдɵп турган мезгилинде алып келип, сатып баштайбыз. Бирок мындай биз алып келген бардык эле гʏл сапатын жоготпой келет деп кепилдик бере албайбыз. Кээ бир гʏлдɵрдʏн шагы сынып келет. Мындай учурда биз ал гʏлдʏн тамырын алып кɵбɵйткɵнгɵ аракет кылабыз.

“Витаминдери менен кошуп сатабыз”

-Биз сатууда бир гана гʏлдʏ эмес,  гʏл менен бирге кам кɵрʏʏчʏ минералдуу азыктарды жана витаминдерди кошуп сатабыз. Алардын тʏрлɵрʏ аябай кɵп. Гʏлдɵтɵ турган витаминдер, ɵстʏрɵ турган витаминдер, жана ар кандай курт-кумурска пайда болгондо, алардан арылтуучу, коргой турган витаминдер да бар.

“Гʏлдʏн жанында чарчоом басылат”

-Гʏл отургузуу ырахатпы сизге?

-Ооба да. Гʏлдɵрдʏ отургузуп, карап, жалбырактарын арчыгандан ырахат алам.Чарчаганымда гʏлдɵрʏмдʏн жанына келип алар менен сʏйлɵшʏп, тазалап, суу куюп олтурсам жеңилдеп, чарчоом басылып калгансый берет. Гʏл ʏйдɵгʏ абаны тазалоо менен биргеликте табийгый кооздукту берип, жан дʏйнɵнʏ эс алдырат.

Гʏл  жɵнʏндɵ кызыктар

1. Дʏйнɵдɵгʏ эң кичинекей гʏл – вольфия, анын диаметри 1 миллиметр. Бул гʏлдʏ жɵн кɵз менен кɵрʏʏ кыйын. Вольфия протеинге абдан бай. Аквариум балыктары ʏчʏн абдан жакшы тамак деп эсептелгени да таң калычтуу эмес. Кɵбʏнчɵ Африкадагы тропикалык токойлордун суу сактагычтарынан кездештирʏʏгɵ болот.

2. Ал эми планетадагы эң чоң гʏл Арнольд раффлезиясы  эсептелет. Диаметри 91 сантиметр болсо, салмагы орточо эсеп менен 11 килограммды тʏзɵт. Кɵбʏнчɵ Малай жарым аралында, Суматра, Ява, Калимантан жана Филиппин аралдарында кездешет.

3. Гʏлдɵрдʏн репродуктивдʏʏ органдары муздап, шʏʏдʏрʏмдɵн жабыркап калбаш ʏчʏн тʏнкʏсʏн жабылат.

4. Коңгуроо гʏлʏ ичиндеги нектарды жамгырдан коргоо ʏчʏн дайыма ылдый карашат. Уруктары тамыры аркылуу кɵбɵйɵт.

5. Австралияда розентелла орхидеясы жер ʏстʏндɵ эмес, жер астында гʏлдɵйт. Аны аарылар эмес, коңуздар чаңдаштырат.

6. Планетадагы эң кɵп жашаган роза 1000 жылдан бери Германиянын Хильдешхайм шаарчасынын кооздугун арттырат. Эч нерсеге карабастан жыл сайын гʏлдɵп турат.

7. Ит мурунда роза гʏлʏндɵй беш гана желекчеси бар, ал эми жасалма жол менен ɵстʏрʏлгɵн сорттордо алардын саны 128ге жетет.

8. Жасмин гʏлʏ – зайтун дарагынын тʏрʏнɵ кирет, бирок сыртынан алар таптакыр окшошпойт.

9. Окумуштуулар гʏлдɵр адамдарга кандай мамиле кылганына жараша мамиле кыларын далилдешти. Анткени алар да тирʏʏ зат. Эгерде гʏлдʏн чаңын аарчып, сʏйлɵшʏп, сырдашып, ырдап берсең бат гʏлдɵп, бат ɵсɵт деген жыйынтыкка келишкен. Эгерде гʏлдʏ ɵстʏрʏп, бирок кɵңʏл бурбасаң анда ал дагы тура берет, бирок ɵспɵйт.

Акыры ɵлʏʏгɵ дуушар болушат деп далилдешкен.

10. Дʏйнɵдɵгʏ эң кымбат гʏлдʏ болжол менен 5 миң долларга сатып алса болот. Бул алтын орхидея гʏлʏ. Малайзиянын тоолорунда ɵсʏп, 15 жылдан соң биринчи гʏлʏн ачат.

11. Жер жʏзʏндɵ эң бийик гʏл Индонезиянын сыймыгы – аморфофалл титаник болуп эсептелет. Ал жерден 3 метрдей бийиктикте кɵтɵрʏлɵт. Салмагы 50 килограммга жакын, сабынын калыңдыгы 5 метрге чейин жетет.

12. Жер бетинде болжол менен 258 650 гʏлдʏʏ ɵсʏмдʏк бар.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы