22 октября, 2024

Тамак-аш азыктарында оор металлдардын  кездешʏʏсʏ

Оор металлдар Менделеевдин мезгилдик системасынын 7- катарында орун алган химиялык элементтер. Аты айтып тургандай эле атомдук массасы оор.

 Оор металлдар адам организмине  булганган аба, суу, топурак жана керектɵɵ товарлары аркылуу кирет, ошондуктан санитардык нормативдерде (НД, ТР ТС, ТР КР) бул оор металлдар катуу кɵзɵмɵлгɵ алынган.

Оор металлдарга тɵмɵнкʏлɵр кирет: коргошун, кадмий, сымап, никель, калай жана башкалар. Дээрлик бардык оор металлдар уулуу.

Аллергия, иммунитеттин тɵмɵндɵшʏ, начар уйку… ушул белгилердин бардыгы денеде оор металлдардын кɵп экендигин кɵрсɵтɵт.

Кɵбʏнчɵ организмде топтоло турган оор металл коргошун болуп эсептелет. Бул негизинен авто унаадан чыккан тʏтʏндɵн кирет, ошодой эле коргошун организмге ɵнɵр жай жана тиричилик таштандыларынан кирип алат.

Демек, биз адамдар кʏн сайын кɵбʏнчɵ билип туруп коргошун менен байланышып жатабыз.  Эң жагымсыз жери – коргошун организмге чогулат.

Мышьяк организмге атмосфералык аба менен кɵп ɵлчɵмдɵ кириши мʏмкʏн, анын концентрациясы кɵмʏр менен иштеген буу казандарынын жана ЖЭБдин жанында кɵп болот.

Кадмий дем алганда организмге кɵбʏнчɵ тамеки тʏтʏнʏнɵн кирет. Ошондой эле ири  ɵнɵр жайга бай ɵлкɵлɵрдɵ  кадмийдин ɵнɵр жай булганышы менен мʏнɵздɵлɵт, бул металлургиялык ɵндʏрʏш, тиричилик жана ɵнɵр жай калдыктарын кайра иштетʏʏ менен байланыштуу. Ɵнɵр жай ишканаларынан чыккан ɵндʏрʏш калдыктары менен абанын жана суунун булганышы пайда болушу мʏмкʏн.

Адам денесине сымапты “алуунун” эң кеңири таралган жолдору – деңиз азыктарынан жасалган тамак-аштар жана тиш пломбасын алуу, анткени амальгамалар жарымы ушул металлдан турат. Ошол эле учурда ал абдан бышык толтуруучу материалдардын бири болуп саналат. Термометрлерде табылган сымап бала кезибизде айтылгандай коркунучтуу эмес. Анын буулары гана коркунучтуу, ɵпкɵ ооруларын пайда кылат.

Никель организмге тамак-аш аркылуу да, тери жана былжыр челдер аркылуу да кирет. Мисалы, никель менен капталган идиш-аяк аркылуу.

Уулуу элементтер адам ʏчʏн кооптуу концентрацияда чийки заттан жана технологиялык иштетʏʏ процессине тиешелʏʏ технологиялык кɵрсɵтмɵлɵр бузулганда гана кириши мʏмкʏн. Мисалы, ɵсʏмдʏк сырьесунда алар курамында сымап, коргошун, мышьяк ж.б. сыяктуу уулуу элементтерди камтыган уу химикаттарды колдонуу эрежелери бузулганда пайда болушу мʏмкʏн. Ɵнɵр жай ишканаларынан чыккан ɵндʏрʏш калдыктары менен абанын жана суунун булганышы пайда болушу ыктымал.

Консерваланган азыктардын коргошун менен булганышын алдын алуу ʏчʏн ʏйдɵ жасалган тамак-аш да кɵзɵмɵлдʏ талап кылат.  Курама калай банкалардан ачылган консерваларды кыска мɵɵнɵттʏʏ сактоо ʏчʏн да айнек же фарфор идиштерге салуу сунушталат, анткени атмосфералык кычкылтектин таасири астында консерва банкалары коррозияга учурайт жана  бир нече кʏндɵн кийин банканын составындагы коргошун (жана калай) чыгып азыкка ɵтʏп кетʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ пайда болот.

Ошондой эле туздалган жашылчаларды, мɵмɵ-жемиштерди цинк жана кадмий менен булганбаш ʏчʏн цинк менен капталган идиштерде сактоого болбойт (цинк катмарында кадмий да бар).

Оор металлдар айыл чарба топурактарына жана ɵсʏмдʏктɵрʏнɵ ар кандай булактардан, кɵбʏнчɵ жер семирткичтер аркылуу кирет. Органикалык жана органикалык эмес жер семирткичтер кадмий, коргошун жана жез сыяктуу оор металлдарды топуракка киргизиши мʏмкʏн. Айыл чарба топурактарында оор металлдардын топтолушу, акыры ɵсʏмдʏктɵрдʏн ɵсʏшʏнɵ жана тʏшʏмдʏʏлʏгʏнɵ таасирин тийгизип, бʏт азык-тʏлʏк чынжырына коркунуч туудурат. Бул жер семирткичтерди узак мɵɵнɵттʏʏ пайдалануу кыртыштын булганышына, тʏшʏмдʏʏлʏктʏн тɵмɵндɵшʏнɵ жана ɵсʏмдʏктɵрдʏн жай ɵсʏшʏнɵ алып келиши мʏмкʏн.

Организмден оор элементтерди чыгаруу ʏчʏн кальций камтыган сʏт азыктарын, кɵп сандагы клетчаткаларды, кɵбʏрɵɵк жашылчаларды, кургатылган жемиштерди жана дан азыктарын мʏмкʏн болушунча кɵп жеш керек. Ошондо оор металлдар ичеги-карын жолдоруна жайгашып, сиңбей организмден чыгарылат.

Шайыргʏл Баймуратова Эгемназаровна, Ош шаардык санитардык гигиена лабораториясынын врач-лаборанты