22 октября, 2024

Байытылган ун – эне- балага керектʏʏ витамин   

Байытылган ун – урпак менен чыгып кеткен витаминдер жана микроэлементтердин кɵлɵмʏн кайра калыбына келтирʏʏ болуп эсептелет.  Ал унду “премикс менен байытуу” деп аташат.    Премикстин курамы  витаминдерден турат: — B1 ,B2, B 3, фолийкычкылы (В9),цинк (Zn), темир (Fe). Дʏйнɵлʏк практикада ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ унду жана башка азыктарды керектʏʏ  витаминдер менен байытуу колго алынган.

Ал эми сиз байытылган унду колдонуу менен тɵмɵнкʏ кɵйгɵйлɵрдɵн оолак болосуз!

 Эгер эненин ичиндеги тʏйʏлдʏк ɵɵрчʏп  жатканда бул заттар жетишпесе, бала  оорукчан тɵрɵлʏп калуусу ыктымал. Гидроэнцефалопатия – акыл-эси кем болуусу жана темир жетишсиздигинен улам аз салмакта же маалына жетпей ара тɵрɵлʏʏ жана мээнин кычкылтек менен аз камсыз болуусуна, адамдын иммунитети тɵмɵн болуусуна, эске тутуу жана кɵңʏл  коюу жɵндɵмдʏʏлʏгʏнʏн жоголуусуна дал ушул пайдалуу заттардын жетишсиздиги себеп.

   Бʏгʏнкʏ кʏндɵ тамак-аш азыктарынын кɵпчʏлɵк бɵлʏгʏ технологиялык кайра иштетʏʏнʏн натыйжасында ɵзʏнʏн пайдалуу касиеттерин жоготот.  Аларды калыбына келтирʏʏнʏн мыкты жолу бул унду байытуу.

Эмне ʏчʏн унду байытышат?

Буудай дʏйнɵ жʏзʏндɵгʏ анын ичинде Кыргызстандагы эң кеңири колдонгон дан азыктарынын бири болуп саналат. Бул азык адамдын организмине керектелʏʏчʏ энергетикалык  муктаждыктын 45%на чейин камсыз кылат. Дал гана ɵзʏнʏн кеңири колдонулушу менен адамды микроэлементтер менен камсыз камсыз кылууга ɵтɵ ыңгайлуу деп табылган. Жогорку жана биринчи сорттогу гана ундар байытылат, себеби аларды даярдоодо сырткы кабыгы, эң кɵп санда пайдалуу заттарды камтыган бɵлʏктɵрʏ тазаланат.

Кандай витаминдер менен унду байытат?

Байытылган ундун курамына тɵмɵнкʏ витаминдер жана микро элементтер киргизилет:

* Темир – кандуулуктун ɵнʏгʏʏсʏнʏн алдын алат, эс тутумду жана кɵңʏл бурууну жакшыртат.

* Цинк – баланын дене-бой жана акыл-эсинин ɵсʏшʏн, организмдеги иммундук системанын иштɵɵсʏн жогорулатууга ɵбɵлгɵ тʏзɵт.

* В тобундагы витаминдер – мээни азыктандырат, эс-тутумду жана кɵңʏл бурууну жакшыртып, ыклас коюуга  таасир берет. Бул топко фолий кычкылы кирет, ал балдардагы нерв системасынын тубаса жабыркоосун, ал эми чоң кишилерде жʏрɵк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун тɵмɵндɵтɵт.

Байытылган ундун артыкчылыктары

1.Ден соолукка оң таасирин тийгизет:

-кош бойлуулуктун толук кандуу ɵтʏшʏн камсыз кылат;

-тʏйʏлдʏктʏн нерв системасындагы бузулуулардын ɵнʏгʏшʏнʏн алдын алат;

-балдардын жана ɵспʏрʏмдʏрдʏн ɵсʏп турган мезгилинде физикалык жактан ɵнʏгʏшʏнɵ жагымдуу таасир берет;

-Аялдар жана эркектерде физикалык жана акыл эстик ишмердʏʏлʏктʏн натыйжасында сарпталган темирди калыбына келтирет;

2.ʏй-бʏлɵнʏн бюджетин сарамжалдайт:

-Аз кандуулукту дарылоо узак убакытка чейин темир препаратын фолий кычкылы менен чогуу кабыл алууну талап кылат

-Байытылган унду колдонуу аз кандуулуктун алдын алат.

Байытылган унду сатып алууда анын маркировкаланган эмблемасына,ошондой эле чыгарылган мезгилине кɵңʏл буруу керек.

Ош шаардык санэпидем. борборунун санитардык дарыгери  Матеипова Э.И.