7 октября, 2024

ПАЛЕСТИНА-ИЗРАИЛЬ ЖАҢЖАЛЫ:  ТУҢГУЮК ЧЫРДЫН ТАРЫХЫНАН

Дʏйнɵ коомчулугунун тынчын алып жаткан Израиль-Палестина жаңжалы кечээ эле башталган жок. Саясий, этникалык жана диний мʏнɵздɵргɵ ээ жана бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин уланып жаткан бул тирешʏʏ тʏбʏ тереңдеп кеткен жаңжалдардын катарында туруп, кененирээк араб-израиль чыр-чатагынын курамдык бɵлʏгʏ катары каралат. Каршылашуунун предмети болуп 1920-жылдан 1948-жылга дейре Улуттар Лигасынын атынан Улуу Британия башкарып келген Палестинанын аймагы эсептелет. Конфликттин тарапкерлери адистер тарабынан чɵлкɵмдɵ жашаган палестиндиктер менен еврейлердин эки жамааты, эки тобу же эки эли катары мʏнɵздɵлɵт. Конфликт алардын этникалык, улуттук, аймактык жана диний айырмачылыктары менен тыгыз байланышкан. 1979-жылкы Иран революциясы бул конфликттин форматына ɵз таасирин тийгизип, ага кɵбʏрɵɵк конфессиялар аралык мʏнɵз бергенин изилдɵɵчʏлɵр белгилешет. Аймактык-саясий пландан алганда конфликттин бир жагында жарым-жартылай таанылган Палестина мамлекети турат. Ал географиялык жана саясий жактан Газа секторуна жана Иордан дарыясынын батышындагы палестин  аймактарына бɵлʏнгɵн. Экинчи жагында Израиль мамлекети турат.

КОНФЛИКТТИ ЖƟНГƟ САЛУУ АРАКЕТТЕРИ

Буга дейре палестина-араб жаңжалын  жɵнгɵ салуу же чечʏʏнʏн бир нече жолку аракеттери жасалган. Бирок, эч бир майнап чыкпаган. Палестина-Израиль тирешʏʏсʏ дʏйнɵдɵгʏ эң эле узак мезгилди камтыган конфликттердин катарына кирип, ал дээрлик 75 жылдан бери созулуп келе жатат. Жыйырманчы кылымдын башына чейин саясий картада Израиль деген мамлекет жок эле. Еврейлер диаспора болуп дʏйнɵнʏн кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрʏндɵ жашап турушкан. Ал эми Палестина  ɵлкɵсʏ  бар болуп, ал Тʏркия мамлекетинин карамагында болгону тарыхтан маалым.

1939-жылдын майында Британ бийлиги араб улутчулдарынын кɵпчʏлʏк талаптарын канааттандырган Ак  китеп документин жарыялаган. Документте жакынкы беш жыл аралыгында еврейлердин Палестина аймагына кɵчʏп кирʏʏсʏнɵ чек коюлган. Бирок, 20-кылымдын этегинде эле Палестинага жарым миллион адам кɵчʏп кирип, анын 50 миңин гана еврейлер тʏзгɵндʏгʏ да маалым. Германиядагы бийликке Гитлер келген 1933-жылдан тартып еврейлердин Палестинага карай миграциясы ɵскɵн. Ал эми 1939-жылы экинчи дʏйнɵлʏк согуштун башталышынан кийин еврейлердин Палестинага болгон массалык миграциясын  токтотууга эч бир мʏмкʏнчʏлʏк калбаганы ɵзʏнɵн ɵзʏ тʏшʏнʏктʏʏ.

1947-жылы Улуу Британия маселени чечʏʏнʏ Улуттар Лигасынын ордуна жаңы эле тʏзʏлгɵн Бириккен Улуттар Уюмуна ɵткɵрʏп берген.

Натыйжада Палестина аймагы сегиз бɵлʏккɵ ажырап, анын ʏчɵɵсʏ еврей мамлекетин, ʏчɵɵсʏ араб мамлекетин тʏзʏʏ ʏчʏн берилген. Жетинчи бɵлʏк еврей аймагындагы араб анклавы болуп, сегизинчиси-Иерусалим эл аралык башкарууну ишке ашыруу ʏчʏн БУУнун эгидасында калган.

ƟЗ  ЖУРТУНУН  ƟГƟЙЛƟРY

Израиль-Палестина тирешʏʏсʏнʏн эң башкы себеби болуп БУУнун ɵз алдынча мамлекеттерди тʏзʏʏ чечимин еврейлер ылдам аткарып, Израиль ɵлкɵсʏн тʏзʏп алгандыгында, ал эми кандайдыр бир себептер менен араб Палестинасы мамлекетин тʏзʏʏ маселеси ушул кезге чейин создуктурулуп келатышы эсептелет.

Ал арада Израиль мамлекети кыска убакытта ɵзʏнʏн мамлекеттик-улуттук тилин тикелеп, бир нече согуштардын жардамы менен аймагын Араб Палестинасынын эсебинен бир кыйла кеңейтип алганга жетишти. Ал эми 1967-жылы Газа секторун жана батыш жээкти БУУнун Чыгыш Иерусалими менен кошо оккупациялап алды. Бул аракеттер араб коомчулугунун нааразчылыктарын жаратып келатат.

1974-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы  палестина эли ɵз мамлекетин тʏзʏʏгɵ укуктуу деп ɵз позициясын дагы бир ирет кайталаган.

1987-жылы жыйырма жылдан ашык мезгилден бери аскердик оккупацияда жаткан Газа  секторунда жана Батыш жээкте стихиялык кɵтɵрʏлʏш арабдардын “интифада” (силкинʏʏ) деген аталышы астында болуп ɵткɵн. 2000-жылы экинчи “интифбада” ɵткɵрʏлгɵн. Эки учурда тең кɵтɵрʏлʏштɵр  израилдик коопсуздук кʏчтɵрʏ тарабынан аеосуз басылган. Бирок, палестиндиктердин ɵз алдынча мамлекет куруу демилгеси эл аралык коомчулуктан активдʏʏ колдоо тапкан. 2011-жылы Палестинаны ЮНЕСКОго мʏчɵлʏккɵ кабыл алышкан. 2012-жылы Палестина БУУнун байкоочусу статусун алган 

Ал эми Израиль бул тирешʏʏдɵн дагы да пайдаланып, аймагын кеңейтип алуунун аракеттерин токтото элек. Израиль Палестинаны ɵз алдынча мамлекет катары тааныбай келе жатат.

Палестинанын калкынын саны 4,5 миллионду тʏзсɵ, палестиналык качкындардын саны 5,5 миллион адамга жетет.

Абдираим Мамытов