18 октября, 2024

КАЧКЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН СТАТУСУ БИРДЕЙ

Кыргызстандын  мурдагы президенти Аскар Акаевден  Жогорку Кеңешке  ага экс-президент макамын берʏʏ жɵнʏндɵ арыз тʏшкɵнʏ кɵпчʏлʏккɵ маалым. Ал ɵтʏнʏч парламентте талкууланып, канааттандырылбаганы да кабарланды. Бул окуя Кыргызстандын качкын президенттери жагдайында азын-оолак кеп  салууга жем таштады. 

УБАКЫТ – ДАРЫГЕР ЭМЕС, УЛУУ АЛДАМЧЫ

Жаңылбасам, Бернард Шоунун ушундай учкул сɵзʏ бар. Ал кайсы бир деңгээлде бийлик ɵкʏлдɵрʏн да ɵз ичине алат.

Кыргызстан эгемендʏʏлʏк алгандан бери эсеп-насилинен алганда алтынчы президенттин доорунда жашап жатабыз. Эгемендʏʏ Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин башына биринчи болуп Аскар Акаев келген. Адегенде эле Улуу Кыргыз империясынан алынган сɵз менен ажо атыгып кеткен Акаев Советтер Союзу кулап, кыргыз кыйын  кʏнгɵ кабылып баштаган мезгилде бийлик башына келгендигин эске сала кетели. Акаевдин президентикке шайланып калышында СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачевдун жана кадимки Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгону мурда-кийин айтылып жʏргɵнʏ жалпыга маалым.

Жаш окумуштуу жана илбериңки демократ атка конгон Аскар Акаев Кыргызстанды ашык-кеми жок 14 жыл башкарды. Анын башкаруу мɵɵнɵтʏ жарымдап калган мезгилде эле Кыргызстандын оппозициясы аны бийликти узурпациялоо жана ʏй-бʏлɵлʏк башкаруу, мамлекеттик чыккынчылык кылуу сыяктуу аша чабууларга айыптай башташкан. Мындайларга ɵлкɵнʏн Конституциясынын кɵп ирет ɵзгɵртʏлʏʏсʏ( беш ирет) жана референдумдар (эки ирет)  Акаевдин бийлигин улам узартылуусуна олуттуу роль ойноосу жана кыргыз-кытай чек арасын делимитациялоодо Yзɵңгʏ-Кууштун Кытайга ɵтʏп кетʏʏсʏ негиз болуп берген.

Аялы Майрам Акаеванын таасири ɵлкɵнʏн коомдук-саясий турмушунда ɵсʏп олтуруусу жана кызы Бермет менен уулу Айдарды саясатка чукулунан тартуу бийлик оппозициясынын эле эмес, жалпы коомчулуктун нааразылыгын жарткан. “Атка минген кыргызды итке мингизди” деген кайгылуу какшык  сɵз ошол Акаевдик доордон калган. Акаев доорунан калган дагы бир оор жана татаал “мурас”-коррупциянын тамыры ушул кʏнгɵ чейин толук кыркылбай келе жатканы ɵкʏнʏчтʏʏ. “Коррупция Ак Yйдʏн жетинчи кабатына чейин жетиптир!” деп башын бир муштап алгандан башка Акаев бул жаатта бир дагы кɵзгɵ басаар иш жасабады.

 2005-жылдын 17-мартында Аксы районундагы жарандардын тынч митингинин катышуучуларына ок атылып, алты азаматтын каза болушу Аскар Акаевдин ʏй-бʏлɵсʏ менен кошо ɵлкɵдɵн качып чыгуусуна негиз болуп берген.

2023-жылдын январында Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши  мɵɵнɵтʏ ɵтʏп кеткендигине байланыштуу токтотулгандыгын Кыргыз Республикасынын Баш прокуратурасы билдирген.

“АЛЫМКУЛДАН  ПИРИМКУЛ…”

Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев коомчулуктун ɵтɵ чоң ʏмʏт-тилектеринин агымында бийликке келгендиги жаңылык эмес. Бакиев президенттик постко эки ирет шайланды. Анын доорун кыргызстандыктар мамлекеттик эмес,  ʏй-бʏлɵлʏк башкаруунун жана бийлик менен кылмыш дʏйнɵсʏн кошулуп  кеткен, Акаевди бийликтен кулаткан Март революциясынан кийинки ʏмʏттɵрдʏ актабаган жана эң негизгиси, “кан тɵгʏлгɵн” мезгил катары сыпатташат.

2010-жылдагы 87 жаран окко учуп, бир нече жʏздɵгɵн адам жарадар болгон Апрель   революциясынан кийин туугандары менен ɵлкɵдɵн качып чыгып, ушул мезгилге чейин Беларуссияда баш калкалап жʏрɵт.

Расмий Бишкек бир нече ирет Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо ɵтʏнʏчʏ менен Минскиге кайрылган, бирок майнап чыккан эмес. Бакиевди жана анын жакын туугандарын сот он кылмыш иши  боюнча кʏнɵɵлʏʏ деп таап, анын ɵзʏн 30 жылга эркинен ажыратуу ɵкʏмʏн сыртынан чыгарган.

Тʏштʏктɵ “Алымкулдан Пиримкул, абжирсинбей ары тур!” деген какшык сɵз бар. Бул ɵңʏттɵн караганда, алгачкы эки президент тең бири- бирине жана коомчулукка да “мен  абжирмин, мен акмын” деп айта албайт.

“УТУРУМДУК  ПРЕЗИДЕНТ” 

Ɵлкɵнʏн ʏчʏнчʏ (азырынча аялдардан жалгыз) президенти болуп Роза Отунбаева эсептелет. Эгемендʏʏлʏк жылдарында ал  тышкы иштер боюнча вице-премьер-министрлик, Тышкы иштер министри, элчилик кызматтарды ээлеген. 2009-жылдан  тартып оппозициялык кʏчтɵрдʏн башында туруп, Бакиев качкандан кийин Убактылуу ɵкмɵттʏ жетектеп калган. Тагдырына 2010-жылдагы кандуу Ош жана Жалал-Абад окуяларынын оор сыноолору туш келген.  Бир жылдан кийин кабыл алынган Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын преиденттик кызматын ɵткɵрʏп берген. Отунбаеванын доору жогоруда айтылган Июнь коогалаңынан жана Бакиевдин убагында башталып, бʏтпɵй калган Камбар-Ата ГЭСинин бир агрегатын ачуудан башка бир да оозго аларлык иши жок мезгил катары эсте калды. Роза Отунбаева президенттик кызматка оппозициялык лидерлердин бул постту талашып-тартышып, бир бʏтʏмгɵ келе албаган кырдаалынын агымы менен  келип калганын азырга дейре айтып жʏрʏшɵт.

ОРУС МИСАЛЫ ОҢКО ТYШYРГƟН ПРЕЗИДЕНТ

Отунбаевадан кийин бийлик Кыргызстандын тɵртʏнчʏ президенти эсептелген Алмазбек Атамбаевдин колуна ɵттʏ. Ɵзʏнɵн мурункулардай эле Атамбаев да Россиядан жогорку билим алган. Акаев жана Бакиев  башкарган жылдарда ал ар кандай мɵɵнɵттɵр менен  министрлик кызматтарды ээлеп, ал турсун Кыргыз Республикасынын премьер-министри да болгон. Президенттик жарышка ʏч жолу тʏшкɵн. 2010-жылы Убактылуу Ɵкмɵт башчысынын биринчи орун басары болгон. Ал эми 2011-жылдын аягында Алмазбек Атамбаев ɵлкɵ президенттигине расмий шайланган. Кыргыз Республикасынын 2010-жылы кабыл алынган Конституциясына ылайык, Атамбаевдин президенттик мɵɵнɵтʏ  алты жыл менен чектелген жана бир адам катары менен эки ирет президенттик кызматка шайлана албайт эле.

Атамбаевдин алты жылдык президенттик мɵɵнɵтʏнʏн экинчи жарымы Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого байланышкан чыр-чатактар жана эркин журналисттердин, саясатчылардын ар кандай сын-пикирлерине катаал мамиле жасагандыгы, аягында улуттук коопсуздук комитетинин бир офицерин ɵлтʏргɵнʏ менен эсте калды. Азыр бул иштердин жоопкерчилигин тартуу маселеси жаңы ачылган жагдайларды кароо деген жʏйɵɵ менен создуктурулуп жатканын айта кетʏʏ керек. Анын тушунда 2010-жылы кабыл алынган Конституция да ɵзгɵртʏлгɵн. Алмазбек Атамбаев башында коомчулукта  мамлекетти   орус президенти Владимир Путинчесинен досу менен алмак-салмак башкарууга бел байлагандай таасир калтырганын  да айта кетʏʏгɵ туура келет. Бирок, андан кийин аныгыраагы, 2017-жылы иш жʏзʏндɵ президент болуп шайданган Сооронбай Жээнбековдун ɵз алдынча кеткен жолу ага бɵгɵт койду. Жээнбековдун тактыга олтураар инаугурациясындагы сʏйлɵгɵн сɵзʏндɵ “Менин досум Соке мен баштаганды аягына чыгарат” деп айтканы бар.

Жалпы жонунан Атамбаевге карата ондон ашык кылмыш иши козголгон.

2020-жылкы парламенттик шайлоо жарандардын нараазычылыктарын козгоп, акыбетинде бул ирет да баары кооптонуп бʏткɵн сарай тɵңкɵрʏшʏ менен аяктады. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан отставкага кетип, Садыр Жапаровго ыйгарым укуктарын ɵткɵрʏп берди. Эгемендʏʏлʏктʏн тарыхы уланууда.

Азырынча экс президент деген макам Отунбаева менен Жээнбековдо гана бар.

Абдираим Мамытов