7 октября, 2024

Кыргыз тилине мамлекеттик статус   

Кыргыз элинин тарыхында бир чоң окуя бул – кыргыз тилинин мамлекеттик статус алуусу жɵнʏндɵгʏ Кыргызстан Борбордук партия комитетинде каралып, атайын жер-жерлерде, партиялык, комсомолдук, профсоюздук уюмдарда, жалпы эмгекчил элдин талкуусуна коюлган.  Мен Ысык-Кɵлдɵ эс алып жʏргɵн жеримден 1989-жылы 6-сентябрь кʏнʏ эртелеп учуп келип, кечки саат тɵрткɵ Ош облустук архитектурасынын Ош районундагы жети кабат имаратынын  алдында эң жакшы жыйындар залы боло турган. Ошону облустук архитектуранын башчысы Назаров Кубанычтан сурап алып, Ош шаарындагы кыргыз тилинин тагдыры кайдыгер калтырбай турган, мекенчил атуулдарды жыйнап Кыргызстан Борбордук партия  комитетинин  “Кыргыз тилинин Мамлекеттик статусу жɵнʏндɵгʏ” мыйзамдын долбоорун талкуулоого чакырдым. (Анда мен китеп сʏйʏʏчʏлɵр коомунун Ош шаарындагы «Жибек-соода ɵндʏрʏш аймагы» боюнча жооптуу катчы болуп иштечʏмʏн) талкууга келгендер тил маселесине кызыгуу менен ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты, аягында бир нече кишиден турган уюштуруу комитетин тʏздʏм, тʏштʏк боюнча бʏт аймакты камтып бир жуманын ичинде 230 миң адамдын колдоосун уюштурдук жана республикалык мамлекеттик тил боюнча тʏзʏлгɵн комиссияга Фрунзеге ʏч бɵлʏп 3 жолу жеткирдик…

Тɵмɵндɵ ошол жыйындын кээ бир катышуучуларынын пикирлери 10 кʏндɵн кийин гана «Ленин жолу» гезитине жарыяланды, (Ош обком партиясынын кээ бир катчыларынын кысымынын айынан), алар эмне ʏчʏн жанталашып кыргыз тилинин мыйзам долбоорун талкуулоого, ошол партиянын нанын жеп туруп каршы болгондугун эмдигиче тʏшʏнбɵймʏн.

Ошол кездеги Кыргызстан Борбордук партия комитетинин биринчи катчысы, кыргыздын чыгаан уулу

Кыргызстан Борбордук Коммунисттик партия комитетинин биринчи катчысы Апсамат Масалиев башында туруп жасаган ишке кайсы бети менен бут тосушту экен?!) бир топ демилгелʏʏ атуулдар менен гезиттин редакторуна барып жʏрʏп (Кыргызстан Компартиясынын партиялык, комсомолдук, профсоюздук уюмдарда, эмгек жамааттарда, окуу жайларда ж.б. талкуулансын деген токтомуна карабай), араң дегенде жалгыз кыргызча облустук “Ленин жолу” гезитине (16-сентябрь 1989-ж.) тɵмɵнкʏ талкуу баян басылган эле… Кыргыз тилинин статусун алуу ʏчʏн кыргыз азаматтардан куугунтукталып канча белге тебилгенибиз эстен чыкпас. Т.Закирова КГБнын тизмесинин башында туруп, облустук, шаардык партия комитеттерине мени (Т.Закированын) партиялуулугун карап, чечʏʏ маселеси коюлду.

Эмгек жамааттарда мен уюштурган тил жɵнʏндɵгʏ мыйзамдын  долбоорун талкуулоолорго «жанагы ɵкʏлдɵр» катышып, ʏстʏмдɵн кʏнʏгɵ жогору жакка кабар берилип турду. Антсе да эл, жумушчу калк менин «интернационалист болуу ʏчʏн  сɵзсʏз Ооганстанга баруу зарыл эмес, биздин балдарыбыз ɵз тилин билʏʏгɵ шарт тʏзʏʏ ʏчʏн колдоңуздар» деген сɵзʏмдʏ чоң-чоң эмгек жамааттарда, ɵндʏрʏштɵрдɵ тʏрдʏʏ улуттун ɵкʏлдɵрʏ туура тʏшʏнʏп, жалпы жамаат токтомдорду кабыл алып, дʏʏлдɵп кол коюшуп, бир кʏндɵ жʏк ташуучу лифттер менен ʏч-тɵрт жыйын ɵткɵргɵн жерлеримде кызуу колдоп турушту…

Мени эл кɵтɵрʏп, эл колдоп кетти. “Т.Закирова гезитке талкуунун материалын баскыла”,-деп кыстап жатат» деп улам обкомго чалып жʏрʏшʏп басылган. Тɵмɵндɵ ошол гезиттин материалын беремин.

КРнын эл акыны Тазагʏл Закирова

АДИЛЕТТYY ТАЛАПТАР  АЙТЫЛДЫ

Биздин республикабызда бул кʏндɵрʏ кыргыз тилинин мамлекеттик укугун берʏʏ боюнча тʏзʏлгɵн  мыйзамдын долбоорун кызуу талкуулап, ɵз сунуштарын кийирип жаткан кез. Ошондой эле Ош шаарынын адабият, агартуу, маданият, искусство, басма сɵз ишмерлери, архитекторлор, сʏрɵтчʏлɵр жана ири ишканалардын ɵкʏлдɵрʏ катышкан “Жибек-соода-ɵндʏрʏш бирикмесинин” китеп сʏйʏʏчʏлɵр коомунда тʏзʏлгɵн кызыктуу жолугушуулар клубунда “Кыргыз тилине мамлекеттик укук берʏʏ» долбоору боюнча кызуу талкуу болуп ɵттʏ. Кеченин катышуучулары бул талкууда жогорку активдʏʏлʏгʏн кɵрсɵттʏ. Ɵздɵрʏнʏн баалуу сунуштарын айтышты. Аларга окурмандардын кɵңʏлʏн бурабыз.

Бейшекеев Н.Б.,  Ош мамлекеттик педагогикалык  институтунун  кыргыз тили  кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент:

  — Кыргыз тилине мамлекеттик статус берʏʏ жɵнʏндɵгʏ долбоор тарыхый  зарылдыктан келип чыкты. Себеби, ушул кезге дейре окуу жайларында, мекемелерде, уюмдарда иш кагаздарын жʏргʏзʏʏ орус тилинде болгондуктан, эне тилибиз ɵз жашоосун солгундатып  жиберген. Долбоордо мамлекеттик тилди ɵздɵштʏрʏʏгɵ узак убакыт талап кылынат деп кɵрсɵтʏлгɵн, бирок, ал маселени конкреттештирип, ʏч жылдык аралык менен чектɵɵ зарыл.

Республикалардын суверендʏʏлʏгʏн, улуттардын тең укуктуулугун камсыз кылуу гана интернационалдык биримдикте, совет элин ынтымакта жашоосуна мʏмкʏнчʏлʏк тʏзɵ тургандыгы айдан ачык. Маалымдуулук жана демократиянын жарчылары болгон «Советская  Киргизия», «Вечерний  Фрунзе», «Ленинский путь» сыяктуу гезиттердин позициясы жалпы тʏпкʏлʏктʏʏ элдин таламына карама-каршы коюлуп жаткандыгы жакшы жɵрɵлгɵ эмес.

 Ирисов Ф.И., Ош мамлекеттик педагогикалык  институтунун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти, филология  илимдеринин кандидаты:

  — Долбоордун 22 — каадасында орус тили кыргыз тили менен тең катар коюлуптур. Мындай жымсалдоо мамлекеттик тилдин колдонулушун чектеп, кайрадан эле абалдын ɵзгɵрʏʏсʏз калуусуна алып келет. Дагы бир айта турган нерсе орус улутундагы айрым интеллигенттер абалга туура эмес мамиле жасашып, чуулганды кɵбɵйтʏп жатышат. Чындыгында кыргыз тилине мамлекеттик статус берилиши орус тилинин беделине эч кандай доо кетирбейт, биздин республикабызда жашаган башка улуттардын ɵкʏлдɵрʏнɵ болгон ɵз ара тʏшʏнʏшʏʏнʏ, урматтоону басаңдатпайт.

 21 — каадада биринчи абзацтын акыркы сʏйлɵмʏндɵ «Мында атуулдарга окутуунун тилин эркин тандап алуу камсыз кылынат» деп берилген, анда Г.Штремплер сыяктуулар ɵз билген тилинде эле сʏйлɵп, мамлекеттик тилди карап да койбойт. «Ɵзʏн – ɵзʏ билип, ɵтʏгʏн тɵргɵ иле» береби?  Бул сʏйлɵм артыкбаш болуп саналат, себеби, биринчи сʏйлɵмдʏ жокко чыгарып турат. Экинчи абзацта  «…Окутуу жана ʏйрɵтʏʏ камсыз кылынат» деп турат, аны «…Мамлекеттик тил  милдеттʏʏ тʏрдɵ окутулат» деп калтыруу максатка ылайык.

Мамытов Ж. М., Ош мамлекеттик педагогикалык   институтунун кыргыз тили кафедрасынын доценти, филология  илимдеринин кандидаты:

—  Улуу кɵсɵмʏбʏз В.И.Ленин бардык тилдерге урматтоо менен мамиле жасоонун айрыкча зарылдыгын баса белгилеген. Азыркы кайра куруунун мезгилинде ар бир тилдин ɵсʏп-ɵнʏгʏшʏнɵ камкордук кɵрʏлʏп жатышы бул калыстык. Мисалы: Понтий падыша – ɵзʏнʏн тегерегинде жашаган элдердин тилин жакшы билгендиги ʏчʏн тарыхта белгилʏʏ болгон. Ал падышачылыгы анчалык деле деңгээлде болбосо да, дегеле кɵп тилди билгендиги ʏчʏн эч ким зыян тарткан эмес.

   8-каададагы «мамлекеттик тилди» деген сɵздɵн кийин «толук кɵлɵмʏндɵ сɵзсʏз тʏрдɵ билʏʏгɵ жана колдонууга милдеттʏʏ»  деп жазылганы жɵндʏʏ.

 33- каадада «Кыргыз ССРинин аймагында почта-телеграф кагаздары мамлекеттик тилде толтурулат, ал эми республикадан тышкары элдерге (эл аралык кагаздардан башкалары)  мамлекет тил жана орус тилдеринде жɵнɵтʏлɵт»  деп жазылса ачык, туура болот.

Сайдуллаев Н., облустук сыналгынын редакторунун орун  басары, жазуучу:

—  Кыргыз Республикасында чыгарылган гезиттер кайсы гана тилде жазылбасын, союздук маселелерди чечʏʏгɵ катышуу менен бирге эле кыргыз мамлекетинин эң башкы проблемаларын, таламдарын кɵздɵɵнʏ негизги вазифасы деп билʏʏгɵ тийиш. Бирок, бʏгʏнкʏ кʏндʏн орчундуу проблемаларына ʏн кошууда Г.Штремплер сыяктуулардын тар мʏдɵɵчʏл ойлорун жандап чаап, “Ленинский путь”, “Вечерный Фрунзе” сыяктуу гезиттер лениндик улут саясатынын адилеттʏʏлʏгʏн сакташпай, калк кызматында дагы калыс жоопкерчилигин унут калтырып жатышат.

Камчыбеков М., Оштогу сʏрɵтчʏлɵр союзунун  тɵрагасынын орун басары, сʏрɵтчʏ:                                                                          

      — Ɵзʏнʏн желеги, герби, гимни болгон элдин сɵзсʏз тʏрдɵ тили болушу зарыл. Андыктан Союздук аренада орус тили экинчи эне тилибиз болгон сыяктуу эле,  биздин республикабызда кайсы гана улуттун ɵкʏлʏ болбосун кыргыз тили анын экинчи эне тили болууга тийиш.

     Тɵлɵнов Б., – облустук  телеберʏʏнʏн редактору:

       — Кылымдардан бери келаткан эл тарыхын жадыбызда сактоо атуулдук да, адилеттик дагы парызыбыз. Андыктан, топонимиялык аттарды (Фрунзе – Пишпек, Рыбачье – Балыкчы ж.б.) тʏпкʏлʏк турпатында жазуу сакталышы зарыл.

      Калбаев Н., Оштогу Жибек-соода –ɵндʏрʏш   бирикмесинин   директорунун сапат  боюнча орун басары:

 — 23- каадада «илимий эмгектердин тилин эркин тандап алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ берилет жана жʏзɵгɵ ашырылат». Бул кааданы кайрадан мынтип:  «Илимий эмгектерди мамлекеттик тилде жактоо милдеттʏʏлʏгʏ киргизилʏʏгɵ тийиш» деп оңдолушун талап кылам.

 Талкууга катышкан  ондогон атуулдар жана дагы ушул сыяктуу бир топ ой-пикирлерин ортого салышты. Жогорудагы сунуштарды эске алуу менен катар эле дамамат ойго алчуу нерсе, эгер долбоор оңдолбостон туруп кабыл алынса, улуттар аралык мамилени оңдомок турсун кайра курчутушу мʏмкʏн. Ошондуктан жʏргʏзʏлгɵн талкуулардын негизин камтыган бул сабактарын терең эске алып, олку-солку жасалма, кɵңʏл жайгарган пикирлерди четтетʏʏ менен кайра куруунун кайтарымын жактаган тил жɵнʏндɵгʏ мыйзамды кабыл алуу кечиктирилгис талап  экендиги баса белгиленди.

Т.Закирова «Ленин жолу» гезити, 16-сентябрь 1989-жыл.