18 октября, 2024

Икрам Юлдашов: “Ɵзʏбʏз кʏлʏп бʏтʏп алып, анан элге чыгабыз”

Ар кандай иш-чаралардын кɵркʏн ачып , тамашоучу катары таанылган актер, шоумен Икрам Юлдашовду ким билбейт. Ар тараптуу талант ээси Кара-Суу районунда тɵрɵлгɵн. Жубайы экɵɵ 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишет. Сʏйлɵсɵ сɵзсʏз кʏлдʏрʏп, дегеле турган турпаты тамашакɵй талант ээси Икрам Юлдашов менен болгон маегибизде  чыгармачылыгы менен кошо коомдогу кɵйгɵйлɵрдʏ да сɵз кылдык.

Студент кезде ачылган талант

-Чыгармачылыкка окуучулук мезгилимде эле кызыкчумун. Мектепти бʏтʏп, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетине тапшыргандан кийин чыгармачылыгымды ɵнʏктʏрɵ баштадым. Адегенде факультеттер аралык КВНдерге катыштым. Андан чемпион болуп, Ошто ɵткɵн “Тамашоу” лигасына чыгып, мындан да алдыга озуп чыгып жогорку лигага жолдомо алганбыз. Андан кийин кʏч экиге бɵлʏнбɵсʏн деп биз “Но нейм” командасына кошулдук. Башында 15 бала элек. Алардын арасынан кете тургандары кетип калып, акыры Динара Багышбаева экɵɵбʏз ал курамдын  туруктуу оюнчусу болуп калып кеттик.

“Менин кыялым Шахрух Хан менен бир кинодо тартылуу эле”

-Жээн тайын тартат демекчи, таякемди тартып калсам керек. Анткени аткаруу чеберчилиги боюнча тайларым тарап таланттуу. Таякем Оштогу ɵзбек драма театрында актёр. Мен дагы ошол инсандай  болуп кичинемден берки кыялым актёр болуу эле. Жɵн гана актёр болбостон, Индияга барып, Шахрух Хан менен бирге киного тартылуу болчу. Бирок тилеке каршы, азыр Шахрух Хан комада экен, ал кыялым болбой калат окшойт ( кʏлʏп).

“Машина жуусам, “акчаң жокпу?” деп сурай беришет”

-Менин жакшы кɵргɵн жумушум машина жуу. Тагыраагы, хоббим десем да болот. Мойкага барганда дагы ɵзʏм жуусам рахат алам. Мындай учурда адамдардын арасында “эмне акчаңыз жокпу?” дегендери дагы болот.

“Менин кɵңʏлʏм жеңʏʏ же жеңилʏʏгɵ кɵз каранды эмес”

-Сахнада жеңилʏʏ жана жеңʏʏ болот. Бирок мен жеңилʏʏгɵ эч качан ɵкʏнбɵймʏн. Менин сахнага чыгуудагы негизги максатым – жеңʏʏ эмес, эң негизгиси даярданып чыктык, зал кɵрдʏ, зал кʏлдʏ, а чечимди калыстар чыгарды. Жакшы жери биз уят болбодук. Менин тамашама эл кʏлдʏ, элдин кʏлкʏсʏ жетет мага. Сен эл менен бааланасың. Эл сени карап турат, сени колдоп турат. Акчасын, убакытын коротуп сага келип жатат. Мен алардын эмоциясын чыгарып, кʏлдʏрʏп, маанайын кɵтɵрʏп жатам, демек бул менин жеңишим деп билем.

“Садык экɵɵбʏз Калыбекти унутуп калганбыз”

-Сахнада эсте калаарлык учурлар кɵп болот. Мындай кырдаалдар кʏлʏп жибергенде же унутуп калганда, байкабай калганда болот. Менин эсимде калганы Ошто кайсы бир концертте тамаша аткарып жатканбыз. “Универсал” командасындагы Садык жана Калыбек менен ойногон элем. Ал оюнду кɵрсɵтʏп жатканда Калыбек ыйлап бурчка кетип, кайра келиш керек эле. Биз Садык экɵɵбʏз ойноп жатып, Калыбекти эсибизден чыгарып коюптурбуз. Анан башка тамашаны ойноп  кырдаалдан чыгып кеткенибиз эсимде. А Калыбек болсо бизди кечке кʏткɵн. Ал келиш керекпи же биз ага барыш керекпизби деп эстей албай сыртка чыгып алып аябай кʏлгɵнбʏз.

-Бизге идеяны биринчи Кадыр Жарматов айтат. Анан аны Эмил Токтошев экɵɵбʏз улап кетебиз. Идея келгенде алдын ала бири- бирибизге айтып кʏлʏп алабыз. Мисалы, Кадыр идея тапса, биринчи ɵзʏ кʏлʏп, анан бизге айтып чогуу кʏлɵбʏз. Анан кечке репетиция кыла берип, бизге кʏлкʏлʏʏ деле болбой калат.

“Фанатка” кинобуздун негизги идеясы…

-Учурда Кадыр Жарматов экɵɵбʏз чогуу иштешип жатабыз. Ɵзʏңʏздɵр билгендей жакында эле “Фанатка” аттуу кинобуз чыкты. Азыркы учурда кинотеатрларда коюлуп, жакшы жыйынтык кɵрсɵтʏп жатат. Кинобуздун негизи идеясы мындай башталган. Кадыр Жарматов экɵɵбʏз ойлонуп азыркы замандагы бейɵкмɵт уюмдарын чагылдырууну чечкенбиз. Азыркы убакта, акыркы жаңылыктарда аялдарга зулумдук кɵбɵйдʏ, жаңылыктын баары ушул сыяктуу маселелер болуп калды. Кыргызстанга келген коуч, мотиваторлор дагы ушул теманы кɵтɵрʏп, акча тапканды ʏйрɵнʏштʏ. Биздин айымдарыбыздын психологиясын буза башташты. Адегенде биздин алгачкы ойлонгон маселебиз ушул болду. Анан Эрнис Кулназаров кошулду. Баарыбыздын идеябыздын жыйынтыгында кинобуздун мазмуну келип чыкты. Бул боюнча менин жеке оюм Кыргызстандагы бейɵкмɵт уюмдар, Кыргызстандын мусулмандарына, каада-салтына аралашпай эле коюшса болмок. ʏй-бʏлɵдɵ чыр чыгат, аял менен эркек канча урушса деле эртең эле табышып алышат. ʏчʏнчʏ кʏчтɵргɵ, ʏй-бʏлɵнʏ буза тургандарга кɵңʏл бурбоо керек. Биз кинодо мына ушул маселелерди терең чагылдырып кɵрсɵтɵ алдык деп ишенем. Негизинен кинобуз элге жакты. 90% пайыз адамдар жакшы пикирин айтышты. Ал эми 10% пайыз адамдардын ичинен ɵзʏнɵ алып алгандар болду.

“Ɵзʏң кылбаган нерсени башкаларга айтпа”

-Куранда да айтылган. Мисалы, мен жакшы чуркашың керек деп бирɵɵгɵ ʏйрɵтɵ турган болсом, ɵзʏм дагы ʏйрɵткɵнгɵ жараша жакшы чуркашым керек. Алар деле ушул сыяктуу эле бактылуу болушу керек, анан бизге бактылуулукту ʏйрɵтсɵ болот. Бизнесмен деле бизнести ʏйрɵтʏʏ ʏчʏн ɵзʏ ошол иштин тамырына чейин билиши керек да.  Интернеттен кɵрʏп алып, ар кимге ар нерсени ʏйрɵтɵ берʏʏ болбойт. Бирок азыр кɵпчʏлʏк адамдар мындай жеңил жумушка кɵнʏп алышкандай. Эң негизгиси ар ким ɵзʏнʏн ишин жасаш керек. Эр эрдигин, аял аялдыгын аткарса жашоо тʏз, таттуу болот деп ойлойм.

“Фанатка” чыккандан кийин ɵзгɵрʏп кетипсиң дешти”

-“Фанатка” кинобуз чыккандан кийин “капризный” болуп калыпсың” дегендер болду. Негизи жылдыз оорусу менен деле ооруган жокмун, буга чейин деле ал илдетке жакын  эмесмин. Бирок эмнегедир ɵзгɵрдʏң дегендер кɵп болду. Балким, маанайым жок убакта жолугуп калсам керек. Анткени адам дайым эле бир калыпта кʏлʏп, каткырып жʏрɵ бербейт да. Адам баласы болгондон кийин бир кʏнʏ маанайың ачык болсо, экинчи кʏнʏ маанайың чɵгʏңкʏ болот. Бир кʏнʏ кʏлʏп жʏрсɵң, бир кʏнʏ кайгырып жʏрɵсʏң дегендей кеп.

“Бейɵкмɵт уюмдарга алданбайбыз”

-Мени ойлондурган кɵйгɵй сырттан келген уюмдардын элибизге тийгизген таасири. Элибиздин оңой алданганы. Бизнес, пирамида, коучтар. Мындайлардын аракети акырындап жалгыз жашоого чакырып жатат. Балким, 100 жылды, балким 150 жылда жыйынтыгын бере турган узун долбоор. Ал убакта адамдар ɵзʏ менен ɵзʏ болуп,  тууган урук менен катташпай, ʏй-бʏлɵ да курбай, аял ɵзʏ, эркек ɵзʏ, жалгыз жашап, жекече жашоо болуп калаары анык. Анын ʏстʏнɵ Орто Азия эли ач, бардык нерсеси болсо дагы напсини тыя албаган, кɵзʏ тойбогон калкпыз. Кɵбʏрɵɵк кɵрʏнгɵн акчага бат алданып кетебиз. Ошол ʏчʏн элибизге айтарым, ынтымакта, биримдикте жашайлы,  ар кандай уюмдардын акчасына алданбайлы. 

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы