18 октября, 2024

Кароого муктаж жандарды калкалаган “Боорукердик ʏйʏ”

Адам баласы  кайсы куракта болбосун жакындарынан колдоо, мээрим кʏтɵт. Тагдырдын жазмышы менен айрымдары бул мээримди башкалардан алышат. Мына ушундай тагдырдын сыноосуна кабылып, жашоосун карылар ʏйʏндɵ, балдар ʏйʏндɵ ɵткɵргɵн мээримге, кароого муктаж жарандарды калкалап келе жаткан Ош шаарындагы “Боорукердик” ʏй интернаты тууралуу сɵз кылабыз. 

Матисакова Насибохан, социалдык кызматкер:

“Жаңы имарат курулуп, шарттарыбыз жакшырды”

-“Боорукердик” ʏй интернаты Ош шаарынын мэриясы тарабынан 2004-жылдын 28-январында тʏзʏлʏп, кароосуз калган карыялар жана социалдык коргоого муктаж болгон балдарга багытталган социалдык-медициналык мекеме болуп эсептелет. Быйыл 2024-жылы “Боорукердик” ʏй-интернатынын 3 кабаттуу жаңы курулушу бʏтʏп,  ачылуу аземи болду. Азыркы учурда толук кандуу ишке киришип, жумушубузду улантуудабыз. Мындан мурун эски, шарттары анча жакшы эмес имаратта турчу элек. Азыр болсо аябай жакшы шарт тʏзʏлʏп, бир аз болсо дагы жумушубуз жеңилдеди. Ар бир бɵлмɵдɵ ɵзʏнчɵ ажаткана, жуунуучу жай бар. Эски имаратта карыяларыбыз тɵрттɵн тыгылып жашашса, азыр ʏчтɵн, жада калса экиден жашап жатышат. Ал эми кичинекей балдарыбыз ʏчтɵн жашашат. Бɵлмɵлɵр дагы чоң. Карыяларыбызга 16 бɵлмɵ бɵлʏнгɵн. Ар бир бɵлмɵгɵ экиден карыя болсо, жалпы 32 адамга ылайык бɵлмɵ бар. Ал эми балдар ʏчʏн 48 балага ылайык орундуктар бар. Биз жакын арада эле ачылып, иштеп баштаганыбызга байланыштуу, азыр бала аз. Айдын башында 4 бала бар эле. Бирок аларды ата-энеси Россиядан келип алып кетишти. Азыр 1 эле балабыз бар. Мурун эски имаратыбыз ɵрттɵнʏп кетип,  балдарыбыздын кɵпчʏлʏгʏн багуучу ʏй-бʏлɵлɵр алып кеткен. Алар менен 6 ай келишим тʏзгɵнбʏз. Буюрса, балдардын келе турган убактары да болуп калды.

“Карыялар менен балдар бирин-бири калкалашат”

-Мурда балдар менен карыяларыбыздын имараты эки бɵлɵк болчу. Азыр экɵɵнʏ бир кылып койгонбуз. Карыялар менен балдарыбыз бири-бирине абдан жакын. Эки тарап тең мээримге муктаж жан болгондуктан бирин-бири толуктады деп айта алам. Карыяларыбыз бака-шака болуп, балдарыбыз жок болсо сагынып, издеп калышат. Балдарыбыз дагы жɵн отурбай карыяларыбызга ырларды айтып берип, кɵңʏлдɵрʏн кɵтɵрʏшɵт.

“Кызматкерлерибизге таазим”

-Бизде иштеген кызматкерлердин орду аябай чоң. Бул жерде иштɵɵ ɵзʏ эле чоң жоопкерчилик. Айлык аз болсо дагы кайыл болуп, соопчулук ʏчʏн иштеп келе жаткандар жок эмес. Карыяларыбыздын тамактарын жедиришип, ыштан, жалаяктарын алмаштырып, бул аял эле, бул эркек эле дебестен карап, кызматына так, жоопкерчиликтʏʏ кызматкерлерибиз менен сыймыктанабыз. Ал гана эмес жуунтуп, тырмактарын алып, чачтарын тарап беришет. Эч кандай атаандашуу жок, сенин ишиң, менин ишим дешпейт. Деги эле бул нерсе бардыгыбызда бар. Бош убактыбыз болсо, кимибиз болбосун, чачтарын тарап берип, сʏйлɵшʏп олтурабыз.

“Балдарды 4 жаштан баштап кабыл алабыз”

-Бизге балдар 4 жаштан жогору кабыл алынат. 4кɵ чыкканда бала ɵзʏн билип, баарын тʏшʏнʏп адаптация боло баштайт эмеспи. Мына ошол жашта бизге ɵткɵрʏп беришет. Мектепке бара турган балдарды мектептерге жайгаштырабыз. Ал эми жашы жете электерди ɵзʏбʏз кɵзɵмɵлдɵп, мектепке даярдайбыз. Мектептеги балдарыбызды кʏндɵ барып карап, алып келип турабыз. Балдарыбыз бизге аябай жакын. Кɵнʏп да калышкан. Ошол себептен биз келбей калсак жоктоп, сагынып турушат.

“Айтып кеткен керээздерин аткарабыз”

-Бул жерде кɵзʏ ɵтʏп кеткен аталарды, апаларды ɵздɵрʏнʏн айтып кеткен керээзи менен кɵмʏʏгɵ аракет кылабыз. Орус улутунан болсо, орусча кɵмбʏз. Ал эми мусулман болсо, мусулманча кɵмɵбʏз. Бирок кээ бир ата, апаларыбыздын атайы туугандары, жердештери келип, ɵздɵрʏнʏн жерине кɵмɵбʏз деп алып кетишет. Мындай кырдаалда биз тараптан сɵзсʏз тʏрдɵ уруксат берилет.

“Балдар 18 жашка толгондо жумуш менен камсыз болушат”

-Биз балдарды 18ге чыккандан кийин атайы ишкерлерге тапшырабыз. Алар менен алдын ала сʏйлɵшʏп, келишим тʏзɵбʏз. Келишим боюнча ал ишкер ɵзʏ жардам берип, иш менен камсыз кылып, андан сырткары ʏйгɵ да жардам берет. Албетте, балабыздын же кызыбыздын макулдугу менен. Бирок тууганчылык деген нерсе бар эмеспи. Алыс  болсо дагы балдарыбыздын туугандары чыгып калат. 18 ге чыгары менен ɵздɵрʏ кɵзɵмɵлгɵ алып, ɵз мойнуна жоопкерчиликти илип, кароого алып кеткендер кɵп. Андан сырткары бизде миграция деген нерсе бар. Балдарыбыз чет мамлекетке чыгып, ɵзʏн ɵзʏ карап иштей алуусуна кɵзʏбʏз жетсе бул жолду дагы сɵзсʏз колдонобуз.

“Балдарды кичинесинен эмгекке ʏйрɵтɵбʏз”

-Бизге тартип бузган балдарды дагы алып келип тапшырышат. Жаман жолго тʏшʏп, жаштайынан эле чылым чегип, ичимдикке берилип кеткен балдарды ата-энелери атайы ата-энелик укугунан ажырап бизге алып келип тапшырышат. Мындай кырдаалда биз сɵзсʏз жардам берип, болгон кʏч-аракетибизди жумшайбыз. Биз бул жактан жакшы тарбияны гана эмес, эмгек кылууну дагы ʏйрɵтɵбʏз. Балдарыбызды кара жумушка ʏйрɵтсɵк, кыздарыбыз камыр жайганга, тамак жасоого, ʏй жыйноого ʏйрɵнʏшɵт.

Махрапат Абдувалиева, дарыгер:

“24 саат байланышта болуп, жардамыбызды кɵрсɵтɵбʏз”

-Адам жашы ɵткɵн сайын жаш бала сыяктуу болуп калат эмеспи. Биз берген дарыларды ичпей, жебей койгон ата-апаларыбыз дагы бар. Мындай учурда бизге бир аз кыйын болот. Ошентсе дагы алдап-соолап, жакшы сɵз сʏйлɵп, дарыны ичʏʏгɵ кɵндʏрɵбʏз. Мындан сырткары бардык учурда кʏтʏʏсʏз кырдаал болуп калбасын деп 24 саат байланышта болобуз. Ден соолуктары чың болсун ʏчʏн сезон сайын болуучу грипптин вакциналарын берип турабыз. Бул да болсо ооруну алдын алууга кɵмɵк болот.

Гʏлназ Мухаммадиева, медайым:

“Ар биринин ден соолугу маанилʏʏ”

-Менин жумушум карыяларга жана балдардын ден соолуктарын чыңдоого кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ. Ар бирине керектʏʏ дары- дармектерин берʏʏ, ийне саюу.  Бизде кɵбʏнчɵ карыяларыбыздын кɵйгɵйлɵрʏ бутунда. Азыркы учурда баспагандардан ʏчɵɵ бар. Калгандары кудайга шʏгʏр, басышат. Бирок ошентсе дагы алсыздыгы билинет. Дарыгер менен биргеликте керектʏʏ жардамды колубуздан келишинче кɵрсɵтʏп турабыз. Эгер жагдай оорлошсо, стационарга алып барабыз.

Бусажида Осмонова, кичи медайым:

“Карыяларды кароодон чарчабайым”

-Азыркы учурда ɵзʏм пенсиядамын. Ошентсе дагы ɵзʏмдʏн ата-энемдей болгон ата- апаларыбызды кароодон чарчабаймын. Шейшептерин, кийимдерин жууп, бʏктɵп, тазалыгын карайм. Негизи ишимдин оорчулугу карыяларыбыз аябай урушчаак болушат. Мына ошого чыдап кароо. Бул нерсеге да сабыр керек. Бирок ошентсе деле мага ɵз ишим жагат. Ар биринин кеп-кеңешин, батасын алып, сʏйлɵшʏп олтуруу чындыгында керемет. 

Дилбар Хамракулова, чарба кызматкери:

“Биз да ата-эне болобуз…”

-Биздин ишибиз чындыгында оор. Карыяларды 2 кʏндɵ бир 1 суткадан карап жатабыз. Ɵзʏбʏздʏн аталарыбыздай, апаларыбыздай эле болуп калышкан. Урушса урушун угабыз, жакшы маанайда болушса биздин да маанайыбыз кɵтɵрʏлɵт. Тургузабыз, отургузуп-жаткырабыз, булганып калышса тазалап, алмаштырабыз. Мындай кырдаал кɵбʏнчɵ баса албаган ата-апаларыбызда болот. Чынында оор, бирок канткен менен ɵзʏбʏздʏн деле ата-энебиз бар эмеспи. Аларды кандай карасак, буларды да ошондой кароого аракет кылабыз. Астын алмаштырып кароодон эч качан намыстанбайбыз, жийиркенбейбиз. Кайтар дʏйнɵ деп коёт эмеспи. Ɵзʏбʏз деле бир кʏнʏ карыйбыз да. Бул жумушта менимче ата-эненин кадырына жеткендер гана иштей алса керек.            

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы