18 октября, 2024

Байболот Капарович Абытов:   “Ош – байыркы элдер байырлаган тарыхый жерибиз”

Маданий мурастарга бай шаарыбыз кылымдар бою жашап, кɵптɵгɵн саясий окуяларды башынан ɵткɵрдʏ. ʏч миң жылдан ашуун убактан бери сакталып турган шаардын сыры эмнеде? Шаар кʏнʏн утурлай Оштун сакталып калган жана эл оозунда айтылып жʏргɵн тарыхый жерлери жɵнʏндɵ тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун Чыгыш кол жазылмалары жана мурастар фондунун жетекчиси, Ош шаарынын миң жылдык тарыхын изилдеген окумуштуу Байболот Абытов айтып берет.

“Шаарыбыз “экинчи Мекке” деп бекеринен айтылбайт”

-Ош шаарынын 3000 жылдан ашуун тарыхында маанилʏʏ, эсте каларлык бир топ тарыхый жерлери, эстеликтери бар экени талашсыз. Тээ байыркы мезгилден тарта Ош ɵзʏнʏн тарыхый, географиялык, климаттык, аскердик-стратегиялык жактан ээлеген маанилʏʏ ордуна жараша байыркы адамдардын мекени болуп келген. ʏч миң жыл мурда Оштун жашоочулары Сулайман-Тоонун айланасын, айрыкча тʏштʏк, кʏн чыгыш тарабын байырлаган. Алардын издери, жашаган жерлери,  калдыктары археологдор тарабынан табылып келʏʏдɵ. Демек, Сулайман-Тоосу, аны айлана жайгашкан шаарыбыз биздин алгачкы тарыхый жерибиз, ээлигибиз десек болот. Ошол эле Сулайман-Тоо жɵнʏндɵ уламыштар жана андагы отко сыйынуучулардын храмы жɵнʏндɵ кɵптɵгɵн уламыштар, тарыхый маалыматтар бар. Сулайман-Тоонун ʏстʏнкʏ музейинде байыркы отко сыйынуучулардын, зороастрийлердин храмы болгон. Зороастрийлер же болбосо отко сыйынуучулардын негиздɵɵчʏсʏ Ахура Мазда отко сыйынуучулардын ыйык китеби “Авестаны” Сулайман-Тоонун ʏңкʏрʏндɵ жазган деген уламыштар бар. Алардын байыркы кол жазмасынын бир ʏлгʏсʏ, бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ирандын музейинде сакталып турат. Араб дооруна чейинки Оштун негизги шаардык бɵлʏгʏ Тɵлɵйкɵн айылына кирип бараткандагы сол жактагы дɵңдɵ жайгашкан, аны окумуштуу археологдор араб мезгилине чейинки Ош деп коюшат.

 Табигый кырдаалдарга, айрыкча согуштук, социалдык, экономикалык кырдаалдарга жараша шаар жылып турган. Орто кылымдардан бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин сакталып турган бир топ тарыхый эстеликтерибиз бар. Мисалы, эң байыркысы Араван аялдамасынын жанында турган Асаф-ибн-Бурхиянын мавзолейи. Бул Караханийлер дооруна таандык бир камералуу тарыхый-архитектуралык эстелик 11-12-кылымдарда тʏптɵлгɵн. Мавзолей Совет доорунда кɵрʏнʏп турчу. Азыр Араван аялдамасынын айланасы жеке менчик тараптарга берилип, ар тʏрдʏʏ курулуштар салынгандыктан эстеликти ʏстʏнɵн же атайы издеп барган адам гана кɵрɵ алат.

 Сулайман-Тоонун ʏстʏндɵгʏ “Бабурдун ʏйʏ” деп аталып жʏргɵн Бабурдун ɵжʏрɵсʏ жашоо ʏчʏн же мечит катары салынган эмес. Ɵжʏрɵ аскердик стратегиялык мааниде пайдаланылган. Ошко келе жаткан кандай гана адам болбосун соода кербени болобу же жоо болобу ошол жерден алаканга салгандай айлана кɵрʏнʏп турчу. Андан жогорараакта анын абасы Султан Махмуд деген Ɵзгɵндʏн беги да ɵжʏрɵ курган. Демек Ош аскердик стратегиялык жактан маанилʏʏ орунду ээлеген. Ал эми бʏгʏнкʏ турган Бабурдун ʏйʏ бир нече жолу реставрациядан ɵткɵн. Акыркы жолу 90-жылдары шаар эли мурдагы кыйрап калган Бабурдун ɵжʏрɵсʏн реставрациялады. Ошол эле Сулайман-Тоонун алдында, азыркы Араван аялдамасы, Сулайман-Тоо мечити турган жерлерде 20-кылымдын башында кɵптɵгɵн бир-эки камералуу  адамдардын мавзолейлери, мʏрзɵлɵрʏ болгон. Алардын баары Кеңеш доорунда, атеизм кʏчɵп турган мезгилде сʏрдʏрʏлдʏ.  Ош – бул экинчи Мекке деп бекеринен айтылбайт. Сулайман-Тоонун касиеттери тууралуу  Бабурдун китебинде деле айтылган. Мисалы, тоонун капталында дарылык касиети бар булак оргуштап турган. Тоодон бычак, кылыч кооздой турган тʏстʏʏ таштар чыккан.

“Керамика тʏтʏк менен суу алып кирʏʏнʏ Европадан мурда ɵздɵштʏргɵн”

-ОшМУнун жанынан киргенде сол жакта темирден турган кыргыз ʏй, артында Рават Абдаллахтын мечити. Абдаллах деген шейбаниддердин ханы болгон. Ал убагында ɵзʏ жетип, басып алган жерлерге медресе, чайхана, айрыкча мечиттерди кɵп салган. Ошто 16-кылымда курган мечит бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин ошол таризде турат. Дагы бир тарыхый эстелигибиз Сулайман-Тоого чыгып баратканда оң жакта орто кылымдарга таандык мончо. Тилекке каршы, акыркы убакта бул мончо каралбай калды. Элестетиңиздер, Европа керамика тʏтʏк менен суу алып кирʏʏгɵ 18-19-кылымда жеткен. Ошто болсо 11-12-кылымда Караханиддердин доорунда болуп жатат. Керамика тʏтʏктɵрʏ менен мончого суу алып келгенди билген калк ʏйлɵрʏнɵ таза суу алып келбеди деп ким кепилдик бере алат. Эгерде азыркы жетекчилер ошол мончону реконструкциялап, эл кɵрɵ турган кылып койсо жакшы болмок. Тарыхчы, археологдорубуз деле археологиялык практиканын убагында барып тазалап, тарыхый кɵркʏнɵ келтирип турса дурус болор эле.

“Азыркы чоң проспектилердин курулушу таш тɵшɵɵ менен башталган”

-Сакталбай калган, бирок эл оозунда айтылып жʏргɵн тарыхый жайларга токтолсок, негизгилеринин бири согуш мезгилинен кийин бузулган Алымбек датканын Ак медресеси. Кɵпчʏлʏк аны азыркы кийим тазалоочу жайдын ордунда болгон деп туура эмес айтып жʏрɵт. Алымбек Датканын ак медресеси Кокон хандыгынын хан сарайынын ʏлгʏсʏндɵ жасалып, жылына 100-120 баланы Алымбек датка ɵз эсебинен окуткан. Ал убакта окуу жайлар, университеттер болбосо да сабатсыздыкты жоюу максатында медреселер пайдаланылган. Жалаң диний предметтерден сырткары светтик предметтеден математика, география жана башка илимдер окутулган. 1998-1999-жылдар болсо керек, Алымбек датканын 200 жылдык мааракесин белгилеп жатканда ошол медреседе окуган аравандык эки абышка келген. Ак медресе да ашынган атеизмдин мезгилинде жок кылынган. Ошол районго жакын жашаган аксакалдардын кɵбʏн кɵрʏп калдык, “кыштарын бир ай бою ташыганбыз, ушунчалык бекем эле” деп айтып калышчу. Оштун кɵркʏн ачкан дагы бир тарыхый эстелик ОшМУнун жанында чоң Боз ʏй турбайбы, ошонун ордунда Абдырахман Афтабачынын небереси салдырган, заңгыраган, алыстан абройлуу кɵрʏнʏп турган Ак мечит бар эле. Аталышы да ак, ɵзʏ да ак таштан курулган мечит болчу, аны тарыхый сʏрɵттɵрдɵн гана кɵрʏп калдык.

    Кезинде Оштун базарлары да шаардын кɵркʏн ачып турган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ классикалык маанидеги кɵчɵлɵрдʏ кезинде Алымбек Датка ɵз каражатына курдурган. Ал жаш кезинде тиягы Кытайга — Кашгарга, ʏрʏмчʏгɵ, биягы Ташкент, Бухара, Самаркандга барып, ошол жактагы шаардын таш кɵчɵлɵрʏн кɵрʏп келип,  Оштогу азыркы Курманжан датка, Ленин, Масалиев, Шакиров кɵчɵлɵрʏнɵ таш бастырган. Уулдары Абдылдабек, Камчыбек да кɵптɵгɵн чайканаларды, мечит-медреселерди салдырышкан. 2000-жылдардын аягында Алымбек датканын убагында отургузулган чынар теректердин эң акыркылары шаардагы Ноокат бийиктигинен кыйылды. Демек, шаарды шаар кылган архитектуралык курулуштардын кɵбʏ Совет доорундагы шаар куруу планына дал келген.

“Абдылдабек ʏчʏнчʏ датка”

    -Азыркы эски “Алай” мейманканасынын айланасында 1831-жылы Алымбек датка Анжиан вилайетинен бек болуп дайындалып келет. Келген соң жыл айланбай ошол жерге Анжиан вилайетинин саясий-экономикалык маданий борборун Анжиандан Ошко которгон. Алымбек датканын Ак ɵргɵɵсʏ азыркы «Алай» мейманканасы, Автотрест менен арак заводунун айланасында жайгашып, ортодо 12 канат Ак ɵргɵɵ, тегерете 40 боз ʏй тигилип турган. Ал жерге чоочун адамдар, мал-жандык барган эмес. Дайыма кɵк жайыт бойдон сакташкан. Башка мамлекеттин ɵкʏлдɵрʏ, элчилер, саякатчылар келгенде азыркы филолология факультети турган жерден тосуп алышкан. Ал жерде аткана, малкана, кызматчылар ʏчʏн мейманкана болгон. Келгендер ошол жерге тʏшʏп, жайгашып, Ак-Буурада жуунушуп, таза кийинип алып анан Алымбек датка, Курманжан датканын кабылдамасына келишкен. Кɵпчʏлʏккɵ маалым эмес, эки эле датка бар деп ойлошот. Чынында 1875-1876-жылдары элдик кɵтɵрʏлʏш кʏчɵп турган кезде Кудаяр хандын, Улеманын-кеңешчилердин жыйырмадан ашуун мɵɵрʏ коюлган Абдылдабекке датка деген наам берген инаятнамасы — жарлыгы бар. Датка деген фарс тилинен адилеттʏʏ башкаруучу дегенди билдирет.

“Камчыбектин кербен сарайы кийин тʏрмɵ деген ат менен калып калды”

-Азыр бизде тарыхый эстелик эмес, колдонулуп жаткан объекттерден Камчыбектин тʏрмɵсʏ деген ат менен калып калган имарат бар. Азыркы Ош облустук ИИБнын маңдайындагы убактылуу кармоочу жай — Сизо. Негизи Камчыбек соода-сатык менен алектенген. Ал Ошко келген соодагерлерге мейманканасы, малкана, атканасы, базарга тʏшʏрʏлʏʏчʏ товарларды сактаган складдары, кароолдору менен тʏзʏлгɵн комплекстʏʏ кербен сарай курган. Анын тʏрмɵ деп аталып калышына дагы бир окуяны айтып жʏрʏшɵт, Камчыбек кербен сарайдын дубалын бекем кыш менен салып, ʏстʏн жаап, толук бʏткɵндɵн кийин апасы Курманжан даткага кɵрсɵтʏʏ ʏчʏн алып келет. Ошондо энеси курулуштун пайдубалы менен полу бир аз жапыз болуп, тʏрмɵгɵ окшоп калганын айткан экен — дешет. Бирок, Кеңеш аны тʏрмɵгɵ айландырат. 1894-жылы март айында Камчыбек дарга асуу боюнча аракеттер башталып, ал базар кʏнʏ элдин баары мал базарда, эл кɵп чогулган жерде асылган. Камчыбек дарга асылган жер тарыхый маалыматтар боюнча азыркы Навои эс алуу жайы болгон. Эс алуу паркы 1950-жылга чейин мал базар катары пайдаланылган.

Ош шаарынын аталышы кайдан келип чыккан?

-Ош уезди 1876-жылы 4-мартта тʏзʏлгɵн. Атайы указ чыгып, Фергана облусунун Ош уезди Ош шаары менен тʏзʏлсʏн деген буйрук менен негизделген. Кийинчерээк Орус императорунун  бекитʏʏсʏ менен Оштун герби кабыл алынган. Гербде Сулайман-Тоо, уламыштагы эки ɵгʏздʏн башы эки жакта, ортосунда таажы жана дыйканчылык чагылдырылып, бир четинде жибек курттарынын элеси тʏшʏрʏлгɵн. Орус империясынын убагында Кыргызстанда эки шаардын кээ бир маалыматтарда ʏч шаардын ɵзʏнʏн герби болгон. Ош сɵзʏ “хош” деген сɵздɵн келип чыккан делет. Илгери Сулайман пайгамбар эки ɵгʏз менен келе жатып, бир жагында тоо, бир жагында суу, абасы таза жерге келгенде “хош, болду, жеттик, ушу жерден токтодук” деген мааниде айткан экен. Бара-бара “хош” сɵзʏ Ошко айланат.

“Алгач жыгачтан курулган Архангель чиркɵɵсʏ”

-1876-жылы алгач жыгачтан эле курулуп, 1900-жылы реконструкцияланып таштан курулган орус чиркɵɵсʏ да сакталып калган тарыхый курулуш. Облустук администрациянын жанында, техникумдун айланасында орус армиясынын казармалары, офицерлердин тʏрк жайлары жайгашып турган. Андан бир аз жогоруда орус мещандары жана атуулдук кызматта жʏргɵндɵр базар кʏнʏ чиркɵɵгɵ келип, чиркɵɵдɵн чыккандан кийин солдаты да, офицери да, мещандары да чекедеги базарга барып, арак ичип, мушташып, тополоң чыгарып жʏрʏшʏп, акырындык “пьяный базар” – пьянбазар аталып кеткен. Азыр пьян базары турган жерде эч кандай тарыхый нерсе сакталган эмес, чектерге бɵлʏнʏп, сатылып кеткен. Ал эми ошол эле жердеги аскерий казарма, кийинчерээк Кеңеш доорунда курулду.

“Ош шаардык мэриясынын ордунда сейсмикалык станция болгон”

-Муну кɵпчʏлʏк билбеши мʏмкʏн, тарыхый булактарга таянсак азыркы Ош шаардык мэриясы менен облустук администрация турган жерге Фергана ɵрɵɵнʏндɵгʏ биринчи сейсмикалык станция курулган. Ошко уездерден биринчилерден болуп телеграф тартылган. 1876-1878-жылдары алгачкы Скобелев атындагы классикалык ʏлгʏдɵгʏ парк – эс алуу жайы курулган. Архивдик маалыматтарда Араван аялдамасынан жогору кɵздɵй жогорку Ош делип, орус армиясы, орустар жашаган жак болгон. Тɵмɵнкʏ Ош деп 12 махалласи менен Араван аялдамасынан ылдый карай, Шейит-Дɵбɵ, суунун наркы ɵйʏзʏ кошулуп 12 махалланин аты аталган.

Оштун орустарды кызыктырган тарабы

-Исакбек Монуев кɵчɵсʏ мурда Анжиан кɵчɵсʏ деп аталчу. Анжиандан Алайга, Эркештамга чейинки биринчи араба жʏрчʏ жолду орустар курган. Оштун дагы бир артыкчылыгы Кытайга жакын турган шаар. Орус империясы Амур, Байкал жагы менен Пекинге барганга чейин 3 айдан 6 айга чейин убакыт кеткен. Оштон Кашкарга, андан ары ʏрʏмчʏгɵ 10-14 кʏнгɵ чейин убакыт кетип, стратегиялык жактан да маанилʏʏ шаар болгону орустарды кызыктырган.

    Архивдик документтерде оштуктар Николай II нин жана жазуучу Николой Гоголдун Москвада тургузулуп жаткан эстелигине акча чогултуп беришкен. Ошто алгачкы жолу Араван аялдамасынан бир аз жогоруда 12 орундуу Николай II нин аялы Александра Федоровна атындагы оорукана курулган. Ошто алгачкы эки класстык орус тузем мектеби ачылган.

3000 жылдан бери сакталып турган шаардын сыры

-Ош тогуз жолдун томунда, Улуу Жибек жолунун боюнда, тарыхый-географиялык жактан, аскердик-стратегиялык, социалдык-экономикалык, маданий жактан маанилʏʏ шаар болгон. Билимдин, маалыматтын борборун тʏзгɵн. Кɵптɵгɵн саякатчылар, чалгынчылар, окумуштуулар чыгыш, батыш ɵлкɵлɵрʏ жɵнʏндɵ маалыматтарды Оштун кербен сарайларына, базарларына келип бири-биринен алып турган. Демек, белгилʏʏ чекте Ош коммуникациялык, маалымат борбору да болгон. Оштун тургундарынан бир топ аалымдар чыккан. Алар Али ибн Осман, Муса аль Оши, Мансур аль Оши анын балдары Имран жана Масуд, Абу Абдаллах аль Оши, Мухаммед бин Сулейман эл Оши ж.б.. Ош байыртадан кыргыздардын шаары. Жай мезгилинде жайлоодо болгону менен кʏз-кышта шаарда байырлашкан. Бул тууралуу тээ орто кылымдардагы, араб, перс, тʏрк жазууларында жазылып турат.

Айжылдыз Тойчиева