Билим берʏʏ тармагы кʏндɵн-кʏнгɵ ɵсʏп, жаңы программалар методикалар пайда болуп жатат. Учурда “STEАM” деп аталган программа абдан актуалдуу. Бул программанын ɵзгɵчɵлʏгʏ, билим берʏʏдɵгʏ пайдалары жана кɵпчʏлʏктʏ кызыктырган менталдык арифметика боюнча адистер айтып беришет.
Айнура Мамашарип, STEАM тренер, “Zeen Education” окуу борборунун негиздɵɵчʏсʏ.
-Учурда актуалдуу болуп жаткан бул программанын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏнɵ токтолсоңуз?
-STEАM деген сабакты теориянын негизинде эмес, практиканын негизинде ɵтʏʏ. Буга чейин мугалимдер сабактарды теория менен ɵтʏп келген болсо, STEАM ошону жашоодон алып келип, мисал келтирʏʏ менен ʏйрɵтɵт. Адам кɵзʏ кɵргɵн нерсеге ынанат эмеспи, ошол сыяктуу баланы да ынандыруу керек. Доскага 1+1=2 деп жазгандан кɵрɵ, 2 алманы же башка нерселерди кɵрсɵтмɵ курал кылып, табиятта бизди курчап турган нерселер аркылуу жеткирсе тʏшʏнʏктʏʏ болот. Балдар STEАMдин негизинде билим алган соң аны жашоосунда колдоно алат. Мектепте ɵткɵн теманы сыртка чыкканда реалдуу тʏрдɵ жашоодо кездештирип, ынанып, баланын алдынан чыккан кɵйгɵйлɵрдʏ оңоюраак чечʏʏсʏнɵ шарт тʏзɵт. Мектеп системасы баланын сабаттуулугун 4-класска чейин эле жоёт. Андан ары балага жашоону ʏйрɵтʏʏ маанилʏʏ. Ар бир предмет жашоодон алынган. Мектепте туура билим берилсе, бала жашоодо кыйналбайт. Азыр эмне ʏчʏн бʏтʏрʏʏчʏлɵр мигрант болуп жʏрɵт. Тилекке каршы, балдар алган билимин кайсы жерде, кантип колдонорун билбейт.
“STEАM менен PISA бири-бирине тыгыз байланышкан»
-Ɵлкɵбʏздɵ бул программа 3 жылдан бери колдонулуп келет. Чет ɵлкɵдɵн окуп, ɵзʏмʏн колдонуп баштаганыма 6-7 жыл болуп калды. Дʏйнɵ жʏзʏндɵ, анын ичинде Кыргызстанда да актуалдуу болуп жаткан методика. STEАM методика активдʏʏ колдонгон ɵлкɵлɵрдʏн бири Финляндия, анан Сингапур. Азыр баарыңыздар билгендей, PISA тестине аябай дайындык кʏч. Ушу кʏнгɵ чейин тесттен Финляндия ар дайым 1-орунду алып келген. Акыркы эки жолкусунда Сингапур алды. Ɵзгɵчɵлʏгʏн изилдей келгенде STEАMди активдʏʏ колдонору белгилʏʏ болду. STEАM менен PISA эгиз козудай чогуу жʏрɵт. STEАM практиканын негизинде сабак ɵтсɵ, аны практикада канчалык деңгээлде колдоноорун PISA тести баалап берет.
“Менталдык арифметика – баланын интеллектуалдык жана психикалык ɵнʏгʏʏсʏнɵ пайдалуу”
Гульнара Молдалиева, “КеlBil” билим берʏʏ комплексинин менталдык арифметика боюнча мугалими.
-Менталдык арифметика эмнеси менен пайдалуу?
Менталдык арифметика бул – эсептɵɵлɵрдʏ кагаз жана калемсиз, тактап айтканда, акыл менен жʏргʏзʏʏнʏн уникалдуу ыкмасы. Бул система баланын мээсинин эки жарым шарынын бирдей иштешин ɵнʏктʏрʏʏгɵ багытталган. Менталдык арифметиканын ɵзгɵчɵлʏгʏ, биринчиден, эки жарым шардын иштешин бирдей ɵнʏктʏрʏʏ. Абакус (эсептɵɵ куралы) менен иштɵɵнʏн аркасында бала оң жана сол жарым шарды бирдей колдонууну ʏйрɵнɵт. Бул эс тутумду, концентрацияны, логикалык ой жʏгʏртʏʏнʏ жана чыгармачылыкты жакшыртат.
Тез эсептɵɵ: менталдык арифметиканы ʏйрɵнгɵн балдар абдан тез жана так эсептɵɵ жɵндɵмʏнɵ ээ болушат. Алар кɵбɵйтʏʏ, бɵлʏʏ, кошуу жана азайтуу амалдарын оңой эле жасайт.
Эс тутумду жакшыртуу: абакустун визуалдык образы жана сандар менен иштɵɵ эс тутумду кʏчтʏʏ кылат. Балдар чоң сандарды, сандардын тизмесин жана маалыматтарды оңой эстеп калышат.
Концентрацияны жогорулатуу — сабак учурунда баланын толугу менен эсептɵɵгɵ кɵңʏл буруусу талап кылынат. Бул анын концентрациясын жана кɵңʏл буруусун бир жерге топтоо жɵндɵмдʏʏлʏгʏн ɵстʏрɵт.
Логикалык ой жʏгʏртʏʏнʏ ɵнʏктʏрʏʏ — балдар ар кандай татаал эсептɵɵлɵрдʏ чечʏʏ ʏчʏн ар кандай стратегияларды колдонууну ʏйрɵнʏшɵт. Ишенимдʏʏлʏктʏ жана ɵзʏнɵ болгон ишенимди арттыруу – ар бир жаңы деңгээлди ийгиликтʏʏ ɵтʏп, татаал эсептɵɵлɵрдʏ чечкенде бала ɵзʏнɵ болгон ишенимди сезип, жаңы бийиктиктерге умтула баштайт. Жыйынтыктап айтканда, менталдык арифметика – бул баланын интеллектуалдык жана психикалык ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн абдан пайдалуу курал.
-Менталдык арифметиканы ʏйрɵнʏʏдɵ жаш-курак чектелбейби?
-Кызыккан адам каалаган жашта ʏйрɵнсɵ болот. Кɵпчʏлʏк адамдар “бул жɵндɵмдʏʏлʏктʏ бала кезден ɵрчʏтʏш” керек деп ойлошот. Бирок, чоңдор да бул илимдин сырларын ачып, эсептɵɵлɵрдʏ тез жана так аткарууну ʏйрɵнɵ алышат. Менталдык арифметиканын чоңдор ʏчʏн пайдасы: жаңы нерсени ʏйрɵнʏʏ — мээнин ар кайсы бɵлʏктɵрʏн активдештирип, анын иштешин жакшыртат, эс тутумду кʏчɵтɵт, жаңы кɵндʏмдɵрдʏ ɵздɵштʏргɵндɵ ɵзʏнɵ болгон ишеними артат. Кɵпчʏлʏк эксперттер 5-7 жаштан баштаса эффективдʏʏ болорун белгилешет. Себеби, бул куракта балдардын мээси абдан активдʏʏ болуп, жаңы нерселерди тез ʏйрɵнʏшɵт. Эске салуучу жагдай, баланын индивидуалдуу ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн эске алуу маанилʏʏ. Эгер бала математикага кызыкса жана сандар менен иштɵɵнʏ жактырса, анда албетте, эрте баштаса болот. Мектептеги математикалык маселелерди чечʏʏдɵ да менталдык арифметиканын пайдасы чоң. Математикага болгон кызыгууну арттырып, окууга болгон ишенимди бекемдейт. Бирок, менталдык арифметика мектептеги математиканы ɵздɵштʏрʏʏдɵгʏ бардык кыйынчылыктарды чечип бере албайт. Баланын жеке ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ, ʏйрɵнʏʏ стили жана мугалимдин профессионалдуулугу маанилʏʏ. Жыйынтыктап айтканда, менталдык арифметика мектептеги математиканы ɵздɵштʏрʏʏгɵ кɵмɵкчʏ болгон эффективдʏʏ ыкма десек болот. Бул ыкманы башка окуу ыкмалары менен бирге колдонуу жакшы натыйжа берет.
-Менталдык арифметика сабактары канча мʏнɵт болот?
Менталдык топтордо окуу убактысы баланын жашына, топтун деңгээлине жана ар бир баланын жеке ɵзгɵчɵлʏктɵрʏнɵ жараша болот. Жалпысынан алганда кичинекей балдар 20-30 мʏнɵттɵн ашык эмес убакыт, мектеп жашындагы балдар 45-60 мʏнɵт бою оюн топтой алышат. Баштапкы деңгээлдеги топтордо сабактар кыска жана оюн форматында ɵтʏлсɵ, ал эми алдыңкы деңгээлдеги топтордо окуу убактысы узагыраак болушу мʏмкʏн. Ар бир баланын ɵзʏнʏн окуу ылдамдыгы жана кɵңʏл буруу узактыгы болот. Кээ бир балдар тез чарчап калышат, ал эми башкалары узак убакыт бою активдʏʏ болушат. Сабактар ар тʏрдʏʏ тапшырмалар менен алмашылып турушу керек.
-Эл аралык мелдештердеги окуучулардын ийгилиги?
-Кыргызстанда менталдык арифметиканын кеңири жайылышы жана окутулушу салыштырмалуу жаңы кɵрʏнʏш. Так сандарды айтуу кыйын болсо да, акыркы 10-15 жылдын ичинде бул багыттагы курстар жана борборлор олуттуу ɵсʏшкɵ жетишти. Кыргызстандык окуучулар эл аралык ареналарда менталдык арифметика боюнча мелдештерге катышып, жакшы натыйжаларга жетишип келʏʏдɵ. Алардын ийгиликтери Кыргызстандын бул тармактагы потенциалы жɵнʏндɵ айтып турат.
-Менталдык арифметиканы кантип ʏйрɵнсɵ болот?
-Атайын курстарга катышуу, профессионал тренерлерди тандоо. Ɵз алдынча ʏйрɵнʏʏ, интернетте менталдык арифметика боюнча кɵптɵгɵн маалыматтар, видео сабактар бар. Атайын колдонмолорду окуу, смартфондор ʏчʏн иштелип чыккан атайын колдонмолор менталдык арифметиканы ʏйрɵнʏʏгɵ жардам берет. Эң башкысы, каалоо жана тынымсыз машыгуу. Эгерде сиз менталдык арифметиканы ʏйрɵнʏʏнʏ чечсеңиз, анда сɵзсʏз ийгиликке жетесиз!
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Легендарлуу парламент депутаттары: “Мамлекеттин бир тыйынына кɵз артпай иштегенбиз”
Энени тʏйшʏккɵ салган тɵрɵттɵн кийинки депрессия
Байболот Капарович Абытов: “Ош – байыркы элдер байырлаган тарыхый жерибиз”