16 сентября, 2024

   Тʏбɵлʏк тур, эгемендʏʏ Кыргызстан!

2001-жылы Кыргыз  мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн эки миң эки жʏз жылдыгы ЮНЕСКОнун урааны алдында бʏткʏл дʏйнɵлʏк деңгээлде белгиленген. Быйыл Кыргыз Республикасынын жʏз жылдык маарекесин майрамдаганы турабыз. Эртең- Кыргыз Республикасынын эгемендʏʏлʏгʏнʏн кʏнʏ. Тарыхый тактык ʏчʏн болсо да, мамлекет, мамлекеттʏʏлʏк  жана эгемендʏʏлʏк деген тʏшʏнʏктɵрдʏ айырмалап алуу  дурус болоору айтпаса да белгилʏʏ.

ЭГЕМЕН ƟЛКƟМ – КЫРГЫЗСТАН!

“Мамлекеттʏʏлʏк – ɵз алдына мамлекет тʏзɵ же кайра калыбына келтире алган мамлекеттердин тарыхый ɵнʏгʏʏсʏ менен белгиленген «ɵзгɵчɵ белги» деп айтылат илимий аныктамасында. Мамлекеттʏʏлʏк  дʏйнɵнʏн кɵптɵгɵн мамлекеттеринин жана аймактарынын тарыхындагы ɵткɵɵл мезгилде кʏрɵшʏʏнʏн саясий курч кɵйгɵйʏ жана тармагы  болуп эсептелет.

Мамлекеттʏʏлʏк коомдун мʏлкʏ жана ɵнʏгʏʏсʏнʏн гана кɵрсɵткʏчʏ болбостон, ал идеология, ɵлкɵнʏ мамлекеттин ɵнʏгʏʏсʏнɵ, анын коргоосуна, коомдун саясий уюмдарын жакшыртууга багытталган коомдук, саясий жана маданий багыт деп тʏшʏнсɵ да болот.

“Мамлекет: 1)укук теориясында коомду уюштуруунун белгилʏʏ ыкмасы, бардык коомго таралуучу, анын расмий ɵкʏлʏ катары чыгуучу жана аргасыз кылуу каражаттары менен чараларына таянган саясий тутумдун, жалпы саясий бийликти уюштуруунун негизги катышы. Коом башкаруучу тутум катары ички тʏзʏмгɵ, ɵзʏнʏн ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу атайын органдарга, механизмдерине жана аппаратка ээ; 2) конституциялык укукта бийликтин расмий органдарынын (ɵкмɵт, парламент, соттор) жыйындысы, бир ɵлкɵнʏн  же башка аймактык саясий бирдикте ошол органдардын ɵкʏлдɵрʏ менен аракеттенген; эл аралык укукта эл аралык мамилелердин негизги субьектиси. Уюмдашкан саясий бийликти жана белгилʏʏ аймактагы калкты ɵзʏнɵ камтыйт. Негизги аныктоочу белгиси эгемендʏʏлʏк болуп саналат” деп айтылат аныктамасында.

ЭГЕМЕНДYYЛYК БИЗГЕ КАНТИП КЕЛГЕН?

1990-жылдын март айында  андагы СССР Эл депутаттарынын ʏчʏнчʏ сьезди СССРде президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик ɵлкɵдɵ ɵкмɵттʏн ишмердигин аныктаган жана ишин кɵзɵмɵлдɵгɵн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Ɵзбекстанда жана башка бир катар союздук республикаларда да президенттик башкаруу системасына ɵтʏʏгɵ басым жасалган.

1990-жылдын 27-октябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде ал кездеги СССР  Эл депутаты Аскар Акаев Кыргызстандын туңгуч президенти болуп шайланган.

 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын эгемендиги”  жɵнʏндɵгʏ Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен ɵлкɵ катары жарыяланган. 1991-жылдын 22-январында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин ʏчʏнчʏ сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жɵнʏндɵ” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча, биринчи жолу президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтʏʏ бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган.1991-жылдын 5-февралында республиканын борбор шаарынын тархый аты калыбына келтирилип, Фрунзе  шаары кайрадан Бишкек деп аталган.

1991-жылдын 8-декабрында Минск шаарына жакын Беловежск токоюндагы ɵкмɵттʏк резиденцияда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Республикасы Кɵз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) тʏзʏʏ жɵнʏндɵгʏ келишимге кол коюшат. Ал эми 25-декабрда  Михаил Горбачев СССР жоюлганына байланыштуу ɵлкɵ президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирет. Ошону менен дʏйнɵнʏ бир доор дʏңгʏрɵткɵн  улуу Советтер Союзу, сɵз жок улуу держава кулайт.

ЛЕГЕНДАРЛУУ ПАРЛАМЕНТ

Эгемендʏʏлʏк кʏнʏндɵ андай салтанатуу датага ɵтɵ орчундуу салым кошкон жана эгемендʏʏлʏк тарыхыбызда олуттуу орду-ролу бар легендарлуу парламент жɵнʏндɵ да айтпай кетʏʏгɵ мʏмкʏн эмес.

Он экинчи чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттары 1990-жылы шайланган. Ал 1990-жылдын апрелинен 1994-жылдын сентябрына чейин иштеген жана кɵз карандысыз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи чакырылышы болуп эсептелет. 1993-жылдын майынан тартып, жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен Кыргыз мамлекетинин мыйзам чыгаруу органы — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши деп атала баштаган жана тарыхта бул чакырылыш  “легендарлуу парламент” деген ат менен калган.

Жогорку Кеңештин жыйналыштары сессиялык негизде жылына кеминде эки жолудан ɵткɵрʏлʏп, сессиялардын аралыгында анын мидеттерин  Советтик замандагы тартиптей Жогорку Кеңештин Президиуму аткарып турган. Парламенттин курамы тикелей шайланган 350 депутаттан турган.

Кыргызстан кɵз карандысыздык жолундагы  алгачкы кадамдарын парламенттик башкаруу тʏрʏндɵ баштаган. Дал ошол ɵткɵɵл  мезгилде советтик доордон мураска калган тоталитардык-буйрукчул режимди талкалоого ɵзʏнʏн салымын кошкон “легендарлуу парламент” эгемендʏʏ Кыргызстандын кɵз карандысыздыгынын жана демократиялык тʏзʏлʏшʏнʏн саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилʏʏ чечимдерди кабыл алган:

Эгемендʏʏлʏк жɵнʏндɵ Декларация (1990-ж.) ;

Кɵз карандысыздык жɵнʏндɵ Декларация (1991-ж.);

Эгемендʏʏ Кыргызстандын алгачкы президентин шайлоо (1991-ж);

Эгемендʏʏ Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясын кабыл алуу (1993-ж.);

Мамлекеттик башкы символдор: желек, герб, гимнди кабыл алуу;

 Улуттук валюта-сомду киргизʏʏ.

Парламенттин 14 сессиясында миңге жакын маселе каралып, 148  жаңы улуттук мыйзам кабыл алынган, жаңы жана мурдагы 105 мыйзамга ɵзгɵртʏʏлɵр жана толуктоолор киргизилген жана ошондой эле 964 маанилʏʏ токтом бекитилген.

Кыргызстан кɵз карандысыздык принцибин ишке ашырып, тоталитардык системадан четтɵɵ менен, эгемен мамлекетти кура баштаган. Советтик доордун акыркы ай-жылдарында “Белгисиз республика” деген атка конгон Кыргызстан Эгемендʏʏлʏктʏн башталышында эле “Демократиялык аралчага” айланганын канааттануу менен баса белгилеп койсо болот.

АЖАЙЫП ЗАМАН-АЛДЫДА

“Улустун улуу кʏнʏндɵ” дегидей эле таризде улуттун улуу салтанаты – эгемендʏʏлʏктʏн арапасында заманга сын айтуу теңирден тескери жосун болуп калаарында шек жок. Андай арамза ойлорго  алдырган мерчем артыбызда арбын эле болгонуна шʏгʏр кылса болот, сындагандан пайда табаар жан болсо кыргыз эбак жыргалдын тɵбɵсʏнɵн чыкмак. Эгемендиктин жылдарындагы эки бийлик тɵңкɵрʏшʏнɵн улам уттурган эки он жылдыктардын ордун эми толтуруп, кое берилген мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ жаңыдан пайдалана баштаган соңку жылдар бизден эми сын эмес, сый- пикирди да кʏтʏп жатканын кɵңʏлгɵ бир алып койсок. Майрамыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар! Эгемен ɵлкɵнʏн эркин жарандары бекем ден соолукта, тынчтыкта, ынтымактуу жашай берели. Ɵлкɵбʏз ɵркʏндɵп, ɵсɵ берсин!

Абдираим Мамытов