16 сентября, 2024

АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ – мамлекеттʏʏлʏктʏ тʏптɵгɵн инсан

Бʏгʏнкʏ эгемендʏʏлʏгʏбʏздʏн пайдубалын негиздегендердин башында Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев,  Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу кыргыздын чыгаан уулдары турган. Ɵз ɵмʏрʏн, жаштыгын элине арнашкан. Ал мезгилде ɵлкɵбʏздɵ социализмдин орношу, мамлекет катары кайра тʏптɵлʏшʏ ɵтɵ оор карама-каршылыктар, саясий кʏрɵштɵр менен коштолгон. Жогорудагы ысымы аталган улут лидерлери репрессиянын курмандыгы болушту. Кыргыз мамлекетин тʏптɵɵгɵ эбегейсиз эмгек кылган коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу, тарыхчы Абдыкерим Сыдыков тууралуу биле жʏргɵнʏбʏз оң.

 Манаптын ʏй-бʏлɵсʏндɵ туулган

А. Сыдыков 1889-жылы  Чʏйдʏн Аламʏдʏн районундагы Баш-Кара-Суу айылында солто уруусунан чыккан ири манаптын ʏй-бʏлɵсʏндɵ туулган.  Чоң атасы Ɵзʏбек Пишпек уездинин Талкан болуштугун кɵп жылдар башкарып, таасирдʏʏ адамдардан болгон. Атасы Сыдык Талкан болуштугун башкарып, кийин Пригородный болуштугунда бий болуп шайланган. Абдыкерим алгач ɵзʏнʏн чоң атасы салдырган мусулман мектебинде окуп, ал жерден арабча кат тааныйт. 1904-1911-жылдары Алматыдагы гимназияда билим алган. Ал жерде окутуу орус тилинде жʏрʏп, немис, француз, латын тилдерин, математика, тарых, география сабактары окутулган. 1911-жылы гимназияны аяктап, окуусун улантуу ʏчʏн Казань университетинин ветеринария факультетине тапшырган. Бирок, ал жакта аба ырайы ден соолугуна тескери таасирин тийгизип, университетти бʏтпɵй калат. 1913-1916- жылдары Нарын жана Каракол уездерине мектеп ачкан жана ал мектептерде ɵзʏ мугалим болуп иштеген. Ушул эле жылдары ал Пишпек уезддик башкармалыгында катчы жана тилмеч болуп иштеген.

Саясатка аралашка жылдар

1917-жылы Орусияда Февраль революциясы болуп, 2-мартта убактылуу ɵкмɵт тʏзʏлɵт. Бул ɵкмɵттʏн штабтары Орусиянын колонияларында да тʏзʏлʏп, Кыргызстанда убактылуу ɵкмɵт орноп, Абдыкерим Сыдык уулу Пишпек уездинин комиссарынын орун басары болуп иштеген.

1917- жылы жай айларында «Алаш Ордо» казак- кыргыз партиясынын бɵлʏмʏн Пишпекте ачууга катышып, аны Мамлекеттик думанын мʏчɵсʏ, кадет А. Байтурсун уулу жетектеген. Бул партия элдин алдына эркиндик, теңчилдик,  демократия, кыргыз жана казак элинин бир туугандыгы, алардын суверендʏʏ ɵнʏгʏшʏ керек деген чакырыктарды кɵтɵрʏп чыккан. Партияны уюштурууда  А. Сыдыков,  И. Арабаев,  К. Тыныстанов, Н. Тулин жана башкалар жардам берген.

1918- жылы «Алаш Ордо» партиясынын Пишпектеги бɵлʏмʏ тарап, ушул эле жылы большевиктер партиясынын катарына ɵткɵн. 1919-1920 — жылы Жети-Суу облусунун мусулман бюросунун тɵрагасынын орун басары, андан кийин Тʏркистан Коммунисттик партиясынын Жети-Суу обкомунун уюштуруу бɵлʏмʏнʏн башчысы болгон.  1921-жылы июлда Советтердин Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин тɵрагалыгынын орун басары болуп иштеп, кийин тɵрагасы болгон.

1922- жылы Тʏркистан АССРинин Ички иштер Эл коммиссарынын орун басары болуп иштеген. Ушул эле жылы Советтердин бʏткʏл союздук I съездинде кыргыз жеринен барган ɵкʏлʏ болуп катышат.

Облус тʏзʏʏ демилгесин алгачкылардан болуп кɵтɵргɵн

Абдыкерим Сыдыков 1922 — жылы март айында Тоолуу кыргыз облусун тʏзʏʏ боюнча маселе кɵтɵрʏп чыккан. Себеби 1920 — жылы 25 августта Кыргыз (Казак) АССРин тʏзʏʏ боюнча декрет кабыл алынып, Тʏркестан АССРинин курамындагы Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустары Казак АССРине кошулуп калган. Башкача айтканда, кыргыз эли Казак АССРинин курамына кирип калган. Иш жʏзʏндɵ кыргыз элинин ɵз алдынчалыгы жоголгон. 1922-жылдын мартында Советтердин Бʏткʏл Тʏркстандык 13- сьездинде А.Сыдыков кайтадан Тоолуу Кыргыз облусун тʏзʏʏ жɵнʏндɵгʏ маселени коюп, ɵз сунушун колдоого алынышына жетишти. 1922-жылы 25-мартта Тʏркистан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз облусун тʏзʏʏ жɵнʏндɵ чечим чыгарылган. Анда Пишпек, Каракол, Нарын уездери жана Олуяата уездинин тоолуу бɵлʏгʏ кирген, борбору Кочкор кыштагы болгон Тоолуу Кыргыз облусун тʏзʏʏ анын уюштуруу комиссиясынын тɵрагасы болуп Абдыкерим Сыдыков бекитилгендиги каралган.

Ошентип кыргыздар жашаган аймактын бир бɵлʏгʏндɵ бирдиктʏʏ, ɵз алдынча улуттук автономиялуу мамлекетʏʏлʏгʏн тʏзʏʏ ʏчʏн реалдуу мʏнкʏнчʏлʏктɵр ачылат. Тоолуу Кыргыз облусун тʏзʏʏ боюнча демилге алгач колдоого алынып, бирок, бийликтеги Р. Кудайкулов, А. Каменскийлер тараптан колдоого алынбай, бул чоң саясий карама-каршылыкка алып келген. Натыйжада И. В. Сталиндин кɵрсɵтмɵсʏ менен атайын чакырылган съезддин иши токтотулган. 1922- жылы 23-мартта Тоолуу Кыргыз областын тʏзʏʏ боюнча уюштуруу комитетинин тɵрагасы А.Сыдыков Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин тɵрагалык кызматынан бошотулат. Бул ага жана анын жактоочуларына тийген катуу сокку болгон. Бирок,1922-жылы А.Сыдыковдун иши кайра каралып, анын партиялуугу кайра калыбына келтирилген. Кара-Кыргыз автономиялуу облусун тʏзʏʏ боюнча уюштуруу иштерине активдʏʏ кирише баштаган. Анын мындай активдʏʏ иш аракеттери «бай манап тукуму, мурдагы полицей» деп катуу сынга кабылып, 1922-1924-жж ʏч жолу партиядан чыгарылып, кайра калыбына келтирилген. 1924-жылы Октябрь айында Кара-Кыргыз автономиялуу областы тʏзʏлʏп, А.Сыдыков баш болгон бир топ адамдар мамлекеттик жетекчилик кызматтарга атайын киргизилбей калган.

«Отузчулардын» каты улутчул мʏнɵздɵ кабыл алынып…

1925-жылы Кыргызстандагы мамлекеттик кайра тʏзʏʏ боюнча жʏргʏзʏлгɵн иш чараларды талдоо менен 30 партиялык жана советтик кызматкерлер жогору жакка кат менен кайрылган. Катта партиялык жетекчиликтин иши, анын советтик жетекчиликтин ишине кийлигишʏʏгɵ аракеттенʏʏсʏ жɵнʏндɵгʏ жагдайлар сынга алынган. «Отузчулардын» башчысы А.Сыдыков эле. Жогору жактан кат терең анализге алынбастан эле улутчул деген мʏнɵздɵ бааланды. Ошол эле жылы «отузчулардын» башчылары партиядан чыгарылып, жетекчилик кызматтардан алынган. Кɵрɵ албаган чагымчылдардын аркасында А.Сыдыков 1922-1924-жылдардын аралыгында ʏч жолу партиядан чыгарылып, бирок кайтадан калыбына келтирилген. Бул тууралуу уулу Эрк Сыдыков “Азаттыкка” мындайча баяндап бергени бар:

“Атам Сталинге кат жазган экен, “облисполкомдун биринчи катчысы Каменский туура саясат жʏргʏзбɵй жатат, ашкере киришип атат, кыргыздарды бири-бирине кагыштырып, ɵзʏм билемдик кылып аткандыктан мындай бийлик болбойт. Мунусун токтотсун же болбосо биз толук курамыбыз менен отставкага кетебиз, портфелдерди ʏстɵлгɵ ʏйʏп беребиз”, — деген маанайдагы талапты катуу койгон кат экен. Ошондо андан бетер куугунтук башталып, “отуздуктун” эң негизги мʏчɵсʏ Абдыкерим Сыдыков менен Ишеналы Арабаевди камашат.

“Абдыкерим Сыдыковдун Пишпекте калуусу мʏмкʏн эмес” дешип, айдоо башталат да Ташкентке жиберишет. Ошентип Ташкентте жʏрʏп 1932-жылы май айында бул жакка келди, ал жакта жети жыл жʏрдʏ. Мен март айында Ташкентте туулдум. Атам сʏйʏнгɵнʏнɵн менин атымды Эрк коюптур. Анысы Эркин Кыргызстан дегенди билдирет. 1933-жылы куугун кайра башталып, апамдын айтуусу боюнча 9-майда кара машине менен алып кетишет. Аскер прокуратурасы Ташкентке кайра алып кетип, соттоп, ʏй-мʏлкʏн конфискациялоо менен бирге 10 жыл берген. Андан Читадагы ГУЛАГ дегенге алып кетишип, кайра Комиге алып барып, 1938-жылы кайра бул жакка алып келишет эринбей, кыйнап. Бул жакка алып келген соң 18-февралда тʏнкʏ саат экиде НКВДнын чечими боюнча атып ташташты. Менде бул документтердин архиви толугу менен бар.  Атам 1958-жылы акталган. Ошентсе да кɵп маани бирбей, кайра эле эл душманы, тɵрт жолу партиядан чыккан деп аны кʏнɵɵкɵр кɵрсɵтʏп келишти. Мени дагы мектепте окуганда комсомолго араңдан зорго алып, араң институтка кабыл алып, бир топ сʏйрɵлдʏм. Ошентип атып институтту бʏткɵндɵн кийин партияга албай коюшту. Экинчи жолу Хрущевдун мезгилинде иштеринин бардыгын аскердик прокуратура текшерип, кайра чечим чыгарганда атам толук тʏрдɵ акталып, андан кийин гана партияга ɵттʏм.

 Андан кийин Ленинградга аспирантурага кирип, техникалык илимдердин кандидаты болуп Кыргызстанга келдим. Кɵп жакшы жумуштар, мынабу радиолук байланыш, теле берʏʏ, радио берʏʏ дегендердин бардыгы мен Капиталдык курулуш министринин орун басары болуп турганда кол алдымдан ɵттʏ. Эми ошондо деле кɵрɵ албагандар чыкты. Мурдагы аксакалдардын бирɵɵ жазды жогору жакка, “тɵрт жолу партиядан чыгарылган кишинин баласы министрдин орун басары болуп иштеп атат, бул кандай” дешти. Айтор ошондой жаман адамдар боло берет экен. Жыйырманчы жылдары деле атамдын ʏстʏнɵн ушундай арыздар тʏшʏп аткан”.

Туңгуч гезитти уюштуруучулардын бири

А.Сыдыков кыргыздын туңгуч гезити “Эркин Тоону” тʏзʏп, уюштуруучуларынын бири болгон. Анын биринчи санында ( 7-ноябрь 1924-жылы) «Эл жана сарамжал» деген макаласы жарыкка чыккан. Бул мезгилдерден баштап Абдыкерим Сыдыков мамлекеттик ишмер гана эмес ɵзʏнʏн окумуштуулук талантын да кɵрсɵтɵт. Ал бир нече илимий эмгектердин автору болгон. Активдʏʏ саясаттан четтетилген Абдыкерим Сыдыков 1926-1932-жылдары Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетинде айыл чарба факультетинде окутуучу, илимий кызматкер болуп иштеген. Кийин Орто-азиялык пахтакерлик институнун суу чарба факультетинин деканынын орун басары кызматына кɵтɵрʏлгɵн. Андан сырткары кыргыз элинин тарыхына да кайрылып, «Кыргыз элинин уруулук бɵлʏнʏшʏ» деген илимий макаласын чыгарган. Бул эмгеги Ташкенттен 1927-жылы китеп болуп чыккан. 1932-жылы Кыргыз АССРинин жетекчилеринин сунушу менен кайрадан Кыргызстанга чакырылып, Кыргыз АССРинин мампланынын тɵрагасынын орун басары болуп иштейт.

 Манас каймана аты

А.Сыдыков ɵзгɵчɵ «Манасты» абдан баалаган. Кийин эл арасына чыгып, ɵзʏнʏн саясий ишмердʏʏлʏгʏн баштаган мезгилде да «Манасты» кɵңʏл сыртына калтырган эмес. А.Сыдыковдун псевдонимдеринин бири «Манас» болчу. Ал элдик чыгармачылыкты, ɵнɵрдʏ баалап гана койбостон учуру келгенде чыгармачыл адамдарды да колдогон. 1911-жылы Уфа шаарында жазгыч акындардын бири Молдо Кылычтын Чʏй ɵрɵɵнʏндɵ ɵткɵн кылымдын башында болуп ɵткɵн катуу жер силкинʏʏнʏ баяндап жазган «Зилзала» деген чыгармасына ɵзʏ баш сɵз жазып, басмадан чыгарууга кɵмɵктɵшкɵн. Жубайы Зейнеп экɵɵ Нуржамал, Эрк, Иса,Берик аттуу уул-кыздуу болушкан.   Уулдары  Эрк Сыдыков Москвадагы электротехникалык байланыш институтун бʏтʏргɵн, Кыргыз ССРинин байланыш министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген сигналчысы, техника илимдеринин кандидаты болгон, ал эми Иса, 2-Дʏйнɵлʏк согуштун катышуучусу, артиллериялык старшина, Даңк орденинин, I жана II даражадагы Ата Мекендик согуш орденинин, «Эрдик ʏчʏн», «Берлинди алганы ʏчʏн» медалдарынын ээси.  ʏч жолу Советтер Союзунун Баатыры деген наамга кɵрсɵтʏлгɵн биок алган эмес. Берик – университетте медицина жана жарандык коргонуу кафедрасын жетектеген.