16 сентября, 2024

Ɵзʏнɵн мурда ɵзгɵнʏн ɵмʏрʏн сактоого шашкандар

Бул жылы ɵлкɵдɵ ɵзгɵчɵ кырдаалдар кɵп болду.  Ош шаарында 14-июлда катуу жаан жаап, нɵшɵрдɵн улам чогулган суулар Ак-Буура дарыясынын нугунан ашып, шаар ичин жана базарды каптаган. Ошол селде Ак-Буура жээгинде эс алып жʏргɵн жарандарды, базардагы соодагерлерди, сууга агып кеткен жарандарды куткаруу, издɵɵ иштеринде куткаруучулар менен милиция кызматкерлеринин эмгектери зор болду. Биз бʏгʏн ошол селде белчесинен ылай кечип, сууга тʏшʏп, ɵз ɵмʏрʏн тобокелге салып  элди куткарып, коопсуздугун караган азамат кыз-уулдар тууралуу кеп кылабыз.

Нурбек Жаңыбаев, нускоочу, суучул, прапорщик.

“Куткаруучулук – сооп иш”

-Мектепти аяктаганда эле куткаруучулук кесипти тандаганмын. Кесибим ɵзʏмɵ аябай жагат. Бул сооп иш десем болот. Алдамчылыктан, текеберчиликтен алыс болуп, ак мээнет, билим менен жумуш жасайсың. Элге жардам берʏʏ, алардын коопсуздугун камсыздоо негизги максатың болуп калат. Акыркы сел окуяларына токтолсом, ɵзʏм Ош шаарынын Тɵлɵйкɵн айылында тɵрɵлʏп, чоңойдум. Ушул убакка чейин Тɵлɵйкɵн айылына катуу сел келе элек болчу. Ошол кʏнʏ Тɵлɵйкɵндɵгʏ сел боюнча бизге чалуу тʏшкɵндɵ тʏшʏнбɵй туруп калдым. Анткени айылыбызда сел кетчʏ арыктар тазаланып, каналдар деле бар эле. Канча жамгыр жаап, суу топтолгон учурларда да суу жээкке ашып кетчʏ эмес.

“Формамды кийгенге ʏлгʏрбɵдʏм”

-Чалуудан кийин айылга дароо жɵнɵдʏк. Жолдо баратып сел кеткен каналдарды кɵргɵндɵ гана ишене баштадым. Сел суулары кирген жерлерди тезинен тазалоого кириштик. Социалдык тармактарда тараган видеом боюнча кɵпчʏлʏк “сууга жылаңач тʏшʏпсʏң, ƟКМ кызматынын атайы формалары жок беле?” деп сурашты, негизи керектʏʏ шаймандар, атайын формалар менен толук камсыздалганбыз. Ал жерде сел аябай катуу жʏргɵндʏктɵн куткаруу иштеринде формаларды кийʏʏгɵ жетишпей калган учурлар да болду. Сел ылай  аралашмалар менен агып унаа, буюмдардан сырткары жаш балдарды, жаныбарларды, айтор, баарын агызып, агып жаткан нерсе адам же буюм экени билинбей жатты. Биз айрыкча адамдарды агып кеткиче куткарып калышыбыз керек эле. Эгер адам убагында куткарылбаса агып кеткен соң ɵмʏрлɵр кыйылып, издɵɵ иштери кечеңдеп чоң трагедияга айланат…

“Айрымдар видеого тартып кайдыгер болушту”

-Биз жаңы ишке киргенде интернет анча ɵнʏгɵ элек болчу. Ошол учурда ɵзгɵчɵ кырдаалдар болсо, адамдар кɵрʏнгɵн нерсени видеого тартып киргизе беришчʏ эмес. Ал эми азыр “ал жакка барба, ɵмʏрʏңɵ кооптуу” дегенибизге карабай сел агып жаткан жерде айрымдар видеого тартып жатышты. Адамдардын мындай аракеттери кырдаалды ого беттер курчутушу мʏмкʏн. Анткени кайдыгерлик жакшылыкка алып барбайт.

“Психологиялык жагдайга алдын-ала даяр болобуз”

-Бизди окутуулардан ɵткɵзʏп, психологиялык жактан да даярдашат. Психологиялык жардам кыйын жагдайда, оор учурларда, кооптуу мезгилде ɵзʏбʏздʏ колго алганга ʏйрɵтɵт. Медиктер, психологдордон сырткары тайпанын командири да ар бирибиз менен ɵзʏнчɵ сʏйлɵшʏп, кырдаалга жараша даяр турууга кеңештерин айтып турат.

“Ата-энем дайыма тынчсызданышат”

-Ата-энем Россияда болгондуктан тынбай телефон чалып, абалымы сурап турушат. Ɵзгɵчɵ кырдаалдар болгон аймакка кеткенимде аябай тынчсызданышат. Бирок бизге мындай кырдаалдар тааныш жана кɵнʏмʏш учурга айлангандыктан эч кандай чочулабайбыз. Кантсе да ата-эне да, коопсуз жайда экеними айтсам да кабатыр болушат.

Нурманбет Жоробаев, куткаруу кызматынын куткаруучусу, прапорщик:

 “Сел учурунда ɵзʏн жоготуп, нес абалда калгандар да болду”

-Ар бир адамга кеңеш катары айтар элем, кырсык учурунда шок абалга тʏшкɵн адамдарды байкап, ɵзʏ менен бирге ала кетиши керек. Себеби ɵзʏн жоготуп койгон адамдар каерден, кантип коргонушту билбей калышат. Сел учурунда ɵзʏн жоготуп, нес абалда калгандар кɵп болду. Мындай абалда адам сезбей  ал  тургай кырсык болуп жаткан жерге да тʏз барышы мʏмкʏн.

Негизи жай мезгилинде кооптуу делген каналдарга, дарыяларга сууга тʏшпɵɵ боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Ак-Бууранын жээктерине, каналдардын бойлоруна чыгып кɵзɵмɵлдɵп турабыз. Ошентсе дагы эскертʏʏ белгисине карабай сууга тʏшкɵндɵр бар. Эскертип кеткенден кийин дароо артыңан сууга тʏшʏп, кырсыкка кабылгандар кɵп катталат. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ балдар арасында да, чоңдор арасында да каза тапкандар болот. 

Нɵɵмɵттɵ турган кʏндɵрʏ милдеттʏʏ тʏрдɵ кызматыбызды аткарабыз. Бирок нɵɵмɵтсʏз кʏндɵрʏ да уктабай калган учурларыбыз кɵп болот. Кезекти тапшыргандан кийин дароо кетип калбай команда берилишин кʏтɵбʏз. Команда берилгенде жумушту улантабыз. Себеби ɵзгɵчɵ кырдаалдарга дайым даяр турушубуз керек.

“Ар кандай кырдаалдарга туш болобуз”

-Жумушубуз куткаруучу болгондон кийин ар тʏрдʏʏ окуяларда куткаруу ʏчʏн чакырышат. Алардын катарында суицид дагы бар. ʏйдʏн балконуна, тоого же ушул сыяктуу бийик жерлерге чыгып, ɵз жанын кыюуга аракет кылышат. Мындай учурда мʏмкʏн болушунча алдоого аракет кылып, ɵлʏмдɵн алып калууну кɵздɵйбʏз. Аянычтуусу, ɵспʏрʏм курактагылар суицидге кɵп барышат, себебин сурай келсең «жигитим же сʏйлɵшкɵн кызым таштап кетти» деген сыяктуу ɵтɵ деле олуттуу эмес кɵйгɵйлɵрдʏ айтышат. Стресс, депрессияга тʏшкɵн адамдардын жакындары суицидге жеткирбей, алар менен сʏйлɵшʏп, психологиялык жактан колдоолорду кɵрсɵтсɵ дээр элем.

Садона Ходжамова, Ош ОИИБнин  МККК ƟБнын туристтик взводунун тескɵɵчʏсʏ, милициянын лейтенанты:

“Бут кийимсиз турганым элдин кɵңʏлʏн кɵбʏрɵɵк бурган экен”

-Биз сел катталган кʏнʏ Тɵлɵйкɵн эс алуу жайында кɵзɵмɵл кылып жʏргɵн элек. Адегенде жамгыр себелеп, анан катуу нɵшɵргɵ айланып, сел жʏрɵ баштады. Эс алуучулар дурбɵлɵңгɵ тʏшʏп ызы-чуу тʏшʏштʏ. Биздин биринчи аракет, элди коопсуз жерге кɵчʏрʏʏ болду. Мен жаш балдарды жана аялдарды алып ɵтʏп жаткан элем. Ошол учурдагы кичинекей баланы кɵтɵрʏп бара жатканым жарандар тарабынан сʏрɵткɵ тартылып, интернетке жайылып кетиптир. Ал сʏрɵттɵ менин бут кийимсиз турганым элдин кɵңʏлʏн кɵбʏрɵɵк бурган экен. Жер ылай болгондуктан, бут кийимимдин бири баткакка тыгылып, калып кеткен эле. Ыңгайсыздык жаратпоосу ʏчʏн экинчисин да чечип коюуга туура келди. Ал учурда менде эч кандай коркуу сезими болгон жок. “Эч кандай жоготуу болбосо экен” деген ой болуп жатты. Жаш балдарга, аялдарга кɵбʏрɵɵк жардам кɵрсɵттʏк. Кырсык айттырбай келет экен. Негизгиси коомубуз, мамлекетибиз тынч болсун.

 “Жумушум мен ʏчʏн оорчулук жаратпайт”

-Милиция кызматкери болуу бала кезимдеги кыялым эле. Менде кандайдыр бир эрктʏʏлʏк, кʏчтʏʏлʏк бар, ошол себептен бул кесипти тандап калсам керек. Ɵз кесибимди абдан сʏйɵм. ʏй-бʏлɵм бар, эки баланын энесимин. Жолдошумдун, жакындарымдын колдоосу менен эл кызматын аркалап келе жатам.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы