16 сентября, 2024

Жаңы тɵрɵлгɵн ымыркай эмне себептен саргаят?

Тɵрɵт стационарларына тɵрɵттɵн кийин деле кайрылган энелердин саны арбын. Кɵпчʏлʏгʏ балдардын саргаюусунан улам келишет. Энелерди тʏйшʏккɵ салган бул кɵйгɵй жаңы туулгандар арасында байма-бай кездешет. Саргаюунун себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору боюнча адистин кеңешин сунуштайбыз.

Мамарасул кызы Минура, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын тɵрɵт стационарынын наристелерди жандандыруу бɵлʏмʏнʏн башчысы:

-Саргаюунун симптомдорун эне-бала тɵрɵт ʏйʏндɵ жатканда эле байкоого болобу?

-Негизи саргаюу же желтуха бул жаңы тɵрɵлгɵн ымыркайлардагы абал болуп эсептелинет. Ал биринчи жумаларда байкалат да наристелердин денесинин тʏсʏ жана кɵздɵрʏ сары тʏскɵ айланат. Бала айына жетип тɵрɵлсɵ 36 сааттан кийин саргайып, бул абал эки жумага чейин чегине жетет. Бала аябай саргайып, андан кийин сарысы акырындап азая баштайт. Ал эми ара тɵрɵлгɵн балдардагы саргаюу ʏч жумага чейин созулуп, билирубиндин кɵлɵмʏ чегине жеткен соң азая баштайт. Медицинада саргаюуну эки топко бɵлɵбʏз. Физиологиялык жана патологиялык. Физиологиялык тʏрʏндɵ айына жетип тɵрɵлгɵн балдардын 60%ы биринчи жумаларда саргайышат. Аты айтып тургандай, физиология бул норма дегенди тʏшʏндʏрɵт. Баланын канында жаңы тɵрɵлгɵн учурда ɵзʏнʏн гана эмес энесинин дагы каны болот. Ал 1 айдын ичинде бɵлʏнʏп, ажырайт. Ошонун эсебинен балдар саргайышат. Элибизде “киндиги тʏшʏп жатканда саргаят” деген тʏшʏнʏк бар. Негизинен, саргаюу ошол учурга гана дал келип калат.

-Саргаюу баланын жалпы абалына таасир этпейби, мисалы кɵп ыйлап, эмчек эмбей калышы мʏмкʏнбʏ?

-Дале физиологиялык тʏрдɵгʏ саргаюу жɵнʏндɵ кеп кылып жатабыз, мындай учурда саргаюудан башка эч кандай симптомдор байкалбайт. Ымыркай жакшы эмет, курсагы тоюп, ɵзʏн жакшы сезет, кичʏʏ жана чоң зааралары нормалдуу келет, кɵп ыйлабайт. Саргаюунун ɵлчɵмʏ Крамера шкаласы боюнча бешке бɵлʏнɵт. Крамера шкаласынын негизинде саргаюу 1-2-3-зонада гана болсо, башкача айтканда, сарысы алакандарына, буттарына жетпесе физиологиялык тʏрʏ деп билишибиз керек.

-Патологиялык саргаюунун себептерине токтолсоңуз?

-Патологиялык саргаюунун себептери аябай кɵп. Биринчи себеби эне менен баланын кан топторунун туура келбɵɵсʏ. Мисалы, тɵрɵгɵн эненин каны 1-топто болуп, бала 2-3-кан тобунда болсо, экɵɵнʏн каны туура келбей конфликт чыгат. Ошол эле учурда “резус” деген тʏшʏнʏк бар, резус — белок болуп эсептелет. Эгерде эненин резусу терс(отрицательный) ал эми баланыкы оң(положительный) болгон учурда да конфликт пайда болот. Мындан сырткары боордогу кандайдыр тубаса кɵйгɵйлɵр, кемтиктер, тубаса гепатит да саргаюуга алып келет. Саргаюунун дагы бир себеби катары эне сʏтʏнʏн жетишсиздигин айтар элем.  Бала тойбогон учурда чоң, кичʏʏ зааралар жакшы чыкпайт. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, билирубин зааралар аркылуу сыртка чыгат.

“Кɵп энелерди тʏйшʏккɵ салган жагдай – баланын эне сʏтʏнɵн саргаюусу”

-Эмчек сʏтʏнʏн сары оорусу жашоонун 5-7-кʏнʏндɵ ɵнʏгʏп, экинчи жумада максималдуу чекке жетет. Ал эне сʏтʏндɵ бета-глюкуронидаза ферментинин концентрациясы жогору болгондо пайда болот. Мындан улам ичегидеги конъюгацияланган билирубин конъюгацияланбаган билирубинге айланып, кайра канга сиңет. Кɵбʏнчɵ саргаюунун бул варианты кош бойлуулук учурунда гормоналдык препараттарды жана башка дарыларды кабыл алуу, ошондой эле жасалма толгоо келтирʏʏ менен байланышкан. Баланын абалы канаттандыраарлык, салмагы жакшы. Эгерде бала эмчек сʏтʏн ала берсе, саргаюу 4-6 жумага созулуп, андан кийин акырындык менен басыла баштайт. Кандагы билирубиндин деңгээли жашоонун 16-жумасында нормалдашат. Эмчек эмизʏʏнʏ 48-72 саатка чейин токтотуу билирубиндин концентрациясын тез тɵмɵндɵтʏʏгɵ жардам берет. Адатта жок дегенде 40%га жана саргаюунун бул тʏрʏ ʏчʏн диагностикалык мааниге ээ. Эне эмизʏʏнʏ кайра баштагандан кийин билирубин кɵбɵйʏшʏ мʏмкʏн, бирок ал баштапкы деңгээлге жетпей, акырындап тɵмɵндɵйт. Бирок, билирубинди толук нормалдаштыруу ʏчʏн эмчек сʏтʏн узак мɵɵнɵткɵ алып салуу сунушталбайт. Анткени кɵпчʏлʏк учурларда билирубиндин деңгээли 340 мкмоль/л кɵрсɵткʏчʏнɵн ашпайт.

-Патологиялык саргаюнун ɵтʏшʏп кетиши ымыркай ʏчʏн кооптуубу?

-Жогоруда айтып ɵткɵндɵй физиологиялык саргаюунун биринчи зонасы 36 саттан кийин беттен башталса, патологиялык тʏрʏндɵ бала тɵрɵлгɵндɵн тарта биринчи суткада эле сапсары болуп кетет. Бул оору деп кабыл алынат. Саргаюу ɵрчʏп кетсе, бала эмбей, ыйлап, талып калуу (судороги) байкалат. Саргаюунун ɵтʏшʏп кетиши абдан кооптуу. Билирубин энцефалопатиясында бала саргайып, ыйлаак болуп, талып калып жатса, кийинки этаптарында ыйлабай калат, комага тʏшʏʏсʏ мʏмкʏн. Андан кийин бул оору артка кайтпай турган процесске айланат дагы балдарды кем акылдуулукка, ДЦП ооруларына чейин жеткизет.

-Медицинада саргаюуну кантип дарыласа болот?

-Физиологиялык саргаюуда эч кандай дарылоо талап кылынбайт. Баланы жакшы эмизсе гана саргаюу бат кетет. Ал эми патологиялык саргаюуда алгач фототерапия менен дарыланат. Фототерапиянын ак жана ак тʏстɵгʏ эки тʏрʏ бар. Биз кɵбʏнчɵ кɵк тʏстɵгʏ фототерапияны колдонобуз. Саргаюунун себеби резус жана кан топтору боюнча туура келбей жатса “кан алмаштыруу” ыкмасы, башкача айтканда баланын кан тобун, резусун алмаштырабыз. Эне кайсы топто, кайсы резуста болсо баланыкын ошого жараша алмаштыруу операциясы жʏргʏзʏлɵт. Бул ыкма оор учурдагы патологиялык саргаюуда колдонулат. Саргаюунун себеби инфекция болсо, инфекциянын да ɵзʏнчɵ дарылоо жолдору бар.

-Ооруну алдын-алуу жолдору кандай?

-Алдын алууда бала эмнеден саргайып жаткандыгына маани берʏʏ керек. Мисалы, резусу терс чыгып, саргайып жатса биринчи тɵрɵттɵн баштап эле алдын алса болот. Резонатив деген дары бар, аял кош бойлуу кезинде титр анализин тапшырып турат, баары жакшы болуп титр чыкпаса 28 жумалыгында резонатив дарыны алышы керек. Бул кийинки балдарына да профилактикалык дарылоо болот. Ошондой эле резусу терс чыккан энелер балдарын саргайбасын десе аборт кылбашы керек. Операция менен тɵрɵлсɵ, тɵрɵт учурунда кан кетсе бул титрдын ɵсʏшʏнɵ алып келет, кийинки балдардын саргаюусуна себеп болуп калуусу мʏмкʏн.

Айжылдыз Тойчиева