16 сентября, 2024

“Ит, мышыктар чет ɵлкɵгɵ чыкса эл аралык паспорт алышат”

Айыл-чарба жаныбарларынан айырмаланып адамга эң эле жакын жашаган ит менен мышыктар. Ээлери тарабынан аларга ээн-эркин жʏрʏʏгɵ кɵбʏрɵɵк “укук” берилип калган. Бирок иттердин же мышыктардын адамга каалашынча аралашып, балдардын тамагын кошо жеп койгон адаттары таптакыр туура эмес. Аларды кармоодо бир канча эрежелерди эске алуу зарыл. Ветеринардык башкармалыкка кайрылып ит, мышыктарга тиешелʏʏ оорулар, вакциналар, паспорт алуусу сыяктуу суроолорду бергенбиз.      

Орозбек Ибраимов, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын башчысынын орун басары.

“Шаардын борборунда уй, кой кармоого болбойт”

-Айыл-чарба жана ʏй жаныбарларын кармоо эрежелери боюнча Ош шаардык Кеңешинин атайы токтому чыккан. Шаардын зоналары категорияларга бɵлʏнʏп, шаардын борборунда айыл-чарба жаныбарларын, мисалы, кой, уйларды кармоого болбойт. ʏй жаныбарларына бирден, экиден ашпаган ɵлчɵмдɵ кармоого мʏмкʏнчʏлʏк берилген. Эреже боюнча айыл болобу, шаар болобу бардык жерде ит сɵзсʏз байланып турушу керек. Шаар ичиндегилер итин кɵчɵгɵ алып чыкканда сɵзсʏз мойнунда чынжырчасы болуусу шарт. Эгерде эреже сакталбай ит адамдардын коопсуздугуна коркунуч келтирсе, ээси мыйзам талабына ылайык жазага тартылат. Биз ит, мышыктарды кармоо эрежелери тууралуу ар дайым тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп, массалык маалымат каражаттары аркылуу элге кабарлап келебиз. Ошого карабай итин кое берген жарандар кɵп кездешет. Бош жʏргɵн ит жолбун ит болуп эсептелет. Мындай учурда Ош шаарындагы “Тазалык” ишканасынын ит атарлары менен биргеликте жолбун иттер атылып, жок кылынат.

“Ит, мышыктарды бирдиктʏʏ базага каттоо маанилʏʏ”

-Ит, мышыктан жуккан эң кооптуу оору эхинококкоз менен альвеококкоз. Ага кайдыгер кароого болбойт. Эхинококкоздун тамак менен кирген жумурткалары ичегиден канга, кан аркылуу боор, ɵпкɵгɵ, мээге ɵтɵт.  Ал акырындык менен ɵсʏп, андан ыйлаакча пайда болот. Ыйлаакчалар жайгашкан органдарды жабыркатып, алардын кɵлɵмʏн, функциясын ɵзгɵртʏп жиберет. Негизи эхинококкоз иттин ичегесинде ɵсʏп-ɵрчʏп сыртка чыгат. Ошондуктан ветеринардык башкармалык жылына тɵрт жолу, ар бир кварталда бирден азинокс дарысы менен ит, мышыктарды кɵзɵмɵлдɵн ɵткɵрʏп турабыз. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 6 айдын ичинде план боюнча 1628 итти дарылоодон ɵткɵрʏʏ керек болсо, биз 1584 итти башкача айтканда, 97%ын дарылоодон ɵткɵрдʏк. Бул иттердин баары бирдиктʏʏ базага тʏшʏп, идентификациялык номер берилет. База аркылуу кимдин канча ити бар, кайсыл жерде, кайсы кʏнʏ дарылоодон ɵттʏ биле алабыз.

“Альвеококкоз курту эхинококкозго караганда кооптуу”

-Ал эми альвеококкоз эхинококкозго караганда кооптуу. Колду жуубай, жемишти тазалабай жеп алган кезде ооруга чалдыгуу коркунучу жогорулайт. Айрыкча балдарды этият кылуу зарыл. Мектептерге тʏшʏндʏрʏп, атайы брошюраларды даярдап, таркатып турабыз. Альвеококкозду дарылоо курсу, ɵрчʏшʏ да татаалыраак болот. Оору дары-дармек менен оңой эле айыга койбойт, сɵзсʏз операция жасалат. Айрым учурда оору ɵтʏшʏп, бейтаптын ɵмʏрʏн алган учурлар да бар. 

Паразиттерге каршы залалсыздандыруу аркеттери

-Эхинококкоз, альвеококкоз ооруларына таблетканы ит байлануу турган абалында берʏʏ керек. Дарыны бергенден кийин ʏч кʏн бошотпой байлоо сунушталат. Андан кийин кыгын хлор аралашмасы же башка залалсыздандыруучу каражат аркылуу залалсыздандырып, топтоп алып барып кɵмʏлɵт. Ит турган жерди паразиттерге каршы залалсыздандырып туруу зарыл.

“Диагностикалык иштер лабораторияларыбыздагы адистер тарабынан изилденет”

-Дагы бир кɵйгɵйлʏʏ маселе — ит, мышыктарда кутурма оорусун жугузуп алуу коркунучу жогору. Негизи кутурма оорусу жапайы жырткычтар, келемиштер аркылуу жугат. Кутурма ылаңына каршы жылына бир жолу эмдɵɵ иштери жʏргʏзʏлɵт. Бул ээси бар ит, мышыктарга гана таандык. Кɵчɵдɵгʏ иттерге вакцина бере албайбыз. Аларды атууга ɵткɵрʏп, мʏмкʏн болушунча санын азайтып туруу керек. Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой иттер бир тууганда 5тен 10го чейин кʏчʏк тууйт. Ал эми ээси барлар базага катталып, эмдɵɵ графиги менен профилактикалык иштерди жʏргʏзʏʏгɵ катышат. Жылдык иш план Ош шаардык мэриясы менен макулдашылат. Планда дарылоо менен эмдɵɵ эле эмес, диагностикалык иштер да бар. Мисалы, бруцелез оорусуна иттин канын алып текшеребиз. Ит, мышыкты дарылагандан кийин кандай эффект болуп жатат, мунун баары диагностикалык иштер лабораторияларыбыздагы адистер тарабынан изилденет.

“Коёндордун ɵзʏнɵ тиешелʏʏ дарысы, вакциналары бар”

-Шаарда коён баккан чоң фермалар жок, бирок ʏй шартында баккандар кездешет. Жогоруда айткан алдын алуу, эмдɵɵ иштери коён баккандарга да тиешелʏʏ. Коёндордун ɵзʏнɵ тиешелʏʏ дарысы, вакциналары бар. Коён баккандар арасында биздин башкармалыкка саналуу адамдар катталган. Убагында текшерʏʏдɵн ɵтʏп турушат. 

Аймактык территориялык реформадан кийин бизге Кызыл-Кыштак, Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵтʏ, Нариман айыл ɵкмɵтʏнɵн ʏч айылы, Папан айыл ɵкмɵтʏнɵн тɵрт айыл кошулду. Аймактын кеңейиши менен бирге бизге 466 баш ит, мышыктардан 169 баш кошулду. Ошондо учурда шаар боюнча жалпы 970 баш ит, 537 мышык катталып, базага тʏшкɵн.

“Каттоосу бар жаныбарларга веткитепче берилет”

-Ит, мышыктардын паспорту дегенде идентификациялык номерди тʏшʏнʏʏ керек. Каттоосу бар жаныбарларга кʏбɵлʏк сыяктуу ветеринардык китепче да берилет. Китепчеге дарылоодон ɵткɵн кʏнʏ, кутурмага каршы эмделген кʏнʏ баары жазылат. Кыргызстандын ичинде жарандар сыяктуу ɵлкɵ ичине гана жарактуу паспорт колдонушат. Эгер ээси чет ɵлкɵгɵ алып кетʏʏнʏ ойлосо, ʏй жаныбарларынын атайы эл аралык паспорту толтурулат. Эмдɵɵлɵрдɵн убагында ɵтʏп жʏргɵн болсо, кан алынып, заңын лабораториялык изилдɵɵгɵ жɵнɵтʏп, жыйынтыктын негизинде ветеринардык кʏбɵлʏк же сертификат жазылып берилет.

Айжылдыз Тойчиева