16 сентября, 2024

Медербек Абдыманапов:  “Азыр элдин адвокаты болуп иштеп жатам…”

Ош шаардык Кеңешинин бул депутатын “жаштардын ʏнʏн жеткизʏʏчʏ” деп коюшат. Ɵзʏ да жаш, креативдʏʏ, демилгелʏʏ эл ɵкʏлʏ Медербек Абдыманапов “Бейне” рубрикабыздын кезектеги коногу.

-Медер мырза, алгач Америкага болгон сапарыңыз тууралуу айтсаңыз, сапардын негизги максаты эмне болчу?

-Негизи жумушка байланыштуу жыл сайын ар кандай долбоорлор менен чет ɵлкɵлɵргɵ чыгып турабыз. Америка Кошмо Штаттарына болгон бул жолку сапарым ɵзгɵчɵ болду. АКШ элчилигинин “IVLP” деп аталган эл аралык тажрыйба алмашуу программасы бар. Алар жылда Кыргызстандагы ар тʏрдʏʏ тармакта иштеген профессионал адистерди Американын маданияты менен тааныштырып, мамлекеттик ишканалар менен тажрыйба алмаштыруу максатында алып барат. Биз “Жеткиликтʏʏ мамлекеттик кызмат кɵрсɵтʏʏлɵр” деген темада барып, Американын 5 штатында, 10го жакын шаарында болдук. Ал жактагы шаар мэриялары, соттору, шаардык кеңеши, конгрессинин депутаттары кантип иштейт, алардын элге ачыктыгы, жеткиликтʏʏлʏгʏ кандай? Ушул багытта маалымат алып, аткарган иштери менен таанышып, абдан жакшы тажрыйба алып келдим десем болот.

-Жакшы экен. Шаарыбыздагы кандай кɵйгɵйлɵр сиздин  тынчыңызды алат?

-Мен мугалимдин ʏй-бʏлɵсʏндɵ тɵрɵлгɵмʏн. Атам да, апам да мугалим. Ɵзʏм дагы социалдык багытта иштеп, жаштар, окуучулар, мугалимдер, балдар ʏйлɵрʏ, айтор билим берʏʏ, жаштарга тиешелʏʏ болгон тармактарды менин тармагым деп эсептейм. Ошондуктан шаардык Кеңешке келген кʏндɵн баштап мугалимдердин таламын талашып келем. Айрым жеке менчик билим берʏʏ лицейлеринин директорлору жаңы, жылуу-жумшак кабинеттерде отурушат. Ал эми шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын имараты аябай эскирип, жаңы имаратка муктаж. Мындан сырткары жʏрɵктʏ ɵйгɵн дагы бир маселе, мектеп дааратканаларындагы шарттын жоктугу. 1-2-класстагы кичинекей бɵбɵктɵр кышында, суукта шарты жок дааратканаларды пайдаланышат. Бул биринчиден, кооптуу, экинчиден,  гигиеналык талаптарга туура келбейт. Жылуу суу жоктугунан колдорун жакшылап жууй алышпайт.

-Кичи мекениңиз, алган билимиңиз, эмгек жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз?

-Кичи мекеним Ош облусунун Ɵзгɵн районундагы Кароол айылы. 5 жашымдан баштап Бишкек шаарында чоңойгом. 8-класска чейин борбордогу №64 мектеп-гимназиясында окудум. Турмуш-шартка байланыштуу Ошко кɵчʏп келип, №40 С.Королев атындагы мектептин 9-классын бʏтʏрдʏм. Андан кийин Кыргыз-Кытай гуманитардык экономикалык институтунун колледжине тапшырып, финансы-кредит адистигине ээ болгом. Жогорку окуу жайды да ошол эле адистик боюнча Кыргыз-Кытай гуманитардык экономикалык институтунда аяктадым. Эмгек жолум Ош шаардык мэриясынан башталган. Институтта окуп жʏргɵндɵ “бʏтɵ элек жогорку билимим” менен Жаштар комитетинде жетектɵɵчʏ адис катары иштечʏмʏн. 2013-жылдын аягында ал жерден кетип, ИРЭТ деп аталган Ош шаарындагы жаштар коомдук бирикмесинде долбоорлор боюнча иштедим. 2015-жылдан 2017-жылдын аягына чейин президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты ɵнʏктʏрʏʏ фондунун тʏштʏк региону боюнча башчысы кызматын аркаладым. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин “Youth of Osh” коомдук бирикмесинде программалык менеджер, эксперт-консультант болуп иштейм.

-Сиздин оюңузча азыркы жаштар кандай мʏнɵзгɵ, жɵндɵмгɵ ээ болуусу керек?

-Билген адам ʏчʏн жаштар аябай чоң кʏч. Бизде ɵтɵ жɵндɵмдʏʏ, адеп-ахлагы тʏз, ата-энесин кыйнабай жакшы окуп, чет ɵлкɵлɵрдɵ билим алып жаткан жаштар кɵп. Акыркы 5 жылдагы кырдаалга карасак, пандемия, чек ара маселелери, жакында болуп ɵткɵн сел апааттарында демилгелʏʏ жаштар дайым биринчи чыгып, колдон келген жардамын аяшпайт. Кылган кызматы ʏчʏн акча сурашпайт, кайсы бир кызматты алып бер дешпейт. Жаштардын жакшы жагын кɵп айтуу керек. Ошондой эле заман абдан тез ɵнʏгʏп, тынбай жаңы ойлоп табуулар, инновациялык технологиялар, жасалма интеллект сыяктуу ачылыштар пайда болду. Замандан артта калбай, чет тилдерин билип, убактысын текке кетирбеген, бир орунда турбаган жаштар бʏгʏнкʏ коомду тʏзʏʏсʏ керек.

-Yй-бʏлɵдɵ канча бир туугансыз, мʏнɵзʏңʏздʏ ата-энеңиздин кимисине кɵбʏрɵɵк окшотушат?

-ʏйдɵ ʏч бир туугандын эң кичʏʏсʏмʏн. Менден чоң эжем, агам бар. Мʏнɵзʏм кɵбʏрɵɵк апама окшош. Бетке айткан мʏнɵзʏм атамы тарткан. Жан дʏйнɵм апама окшоп ырга жакын. Апам кыргыз тили, адабияты мугалими болгондуктан ʏйдɵ макал-лакаптар менен чоңойдук. Чыгармачылыкка кызыгып, мурда ырларды жазып калчу элем, азыр кол тийбей жʏрɵт. Бирок, китеп жазсам деген чоң ниеттерим бар. Апам аябай боорукер, бирɵɵнʏн кɵңʏлʏн оорутпаган аял. Ошол сапаттар менде да бар деп ойлойм. Кандай кырдаал болбосун бирɵɵнʏн ордуна ɵзʏмдʏ коюп кɵргɵнгɵ, аны тʏшʏнʏʏгɵ аракет кылам.

-Чыгармачылыкка жакын болсоңуз, финансы-кредит кесибин кандайча тандап калдыңыз эле?

-Ачыгын айтсам мектепте математика сабагын жактырчу эмесмин. Ал эми кыргыз тили, кыргыз адабияты, тарых, орус тил, орус адабияты сабактарын кызыгып окуганмын. Айтматовдун чыгармаларын, Есениндин, Пушкиндин ырларын класста эң мыкты билгендердин бири элем. 9-классымда Айтматовдун 70 жылдык мааракесинде Майсалбектин катын окуу боюнча Ош шаарында биринчи орунду алгам. Анан филармонияда чоң иш чаралардын биринде сахнага чыгарып Майсалбектин катын окутушкан. Майсалбектин катын бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин жатка билем…

Кичинемде кызыккан кесип боюнча айтсам, Россиянын “первый каналында” “суд идет – сот келе жатат” деген телеберʏʏ бар болчу. Павел Астахов деген адвокат чыгып контраргументтерди келтирип, суроолорго так жооп берип дайыма сотту жеңер эле. Ошону кɵрʏп Павел Астаховдой адвокат болом деп кыялданчумун. Андан кийин Эрнис Кыязов, Шайырбек Абдырахманов сыяктуу курч журналисттер чыкты, мен журналист болууну да ойлондум. Тилекке каршы, журналист да, адвокат да болгон жокмун, бирок азыр элдин адвокаты болуп иштеп жатам. Кесиптен таба албаган ийгиликтерди, ырахатты жумуштан таптым. Коомдук турмушту тандап, шаардагы чоң-чоң иш-чараларды уюштуруп, семинар, тренингдер аркылуу бул жашоодо ɵзʏмдʏ тапканга аракет кылдым. Буга чейинки бʏт ийгиликтерим, жетишкендиктерим ата-энемдин жардамы менен болду. Мен дайыма менде кандай жакшы сапаттарды, жакшы амалдарды кɵрсɵңɵр анын баары ата-энемден, эгер менде жаман сапаттар болсо, ал ɵзʏмдʏн мʏнɵзʏмдɵн деп айтам.

-Бош убактыңызды кандай ɵткɵрɵсʏз?

-Бош убактымда футбол ойногонду жакшы кɵрɵм. Футболдун кʏйɵрманымын. Убакыт тар болуп, акыркы эки жылда китепти аз окуп калдым. Бирок Америкага болгон сапарымдын дагы бир пайдалуу жагы, самолет менен абдан кɵп учкандыктан жазуучу Элинор Портердин “Поллиана” аттуу китебин окуп чыгуума жакшы шарт тʏзʏлдʏ.

-Ош шаардык Кеңешинин бʏгʏнкʏ XXXII сессиясында кандай кɵйгɵйлɵргɵ басым жасадыңыз?

-Кезексиз сессияда 12 маселе кɵтɵрʏлдʏ. Анын жарымы чечилип, жарымына, тилекке каршы, кворум болбой калды. Бул ирет кɵбʏрɵɵк жерди ижарага берʏʏ боюнча муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелʏʏ маселелер кɵтɵрʏлдʏ. Мындан сырткары беш спорт мектеби Ош шаардык мэриясынын балансында болгон, бирок, машыктыруучулардын айлык маянасын Маданият, маалымат жана спорт министрлиги каржылап келген. Азыр алар кат жолдоп, мэрияны ɵзʏнɵ ɵткɵрʏп алууга милдеттендириптир. Мен ушул маселеге кɵбʏрɵɵк токтолдум. Ачык айтканда мэрия, шаардык Кеңеш социалдык багытка акча бɵлгɵнгɵ бир аз кызыктар эмес. Жол, мектеп, бала бакча, ар кыл курулуштарды курууга каражат жакшы бɵлʏнɵт. Бирок, кɵзгɵ кɵрʏнбɵй турган нерселерге анча инвестиция кылышпайт. Бʏгʏнкʏ сессияда да ошол маселеге токтолдум. Беш спорт залдагы тренерлердин айлыгына биздин бюджеттен жетишерлик каражат бɵлʏнɵбʏ? Эгер бɵлʏнбɵсɵ албай эле турганыбыз оң. Эртең тренерлерди жумушсуз калтырбашыбыз керек.

-Жашоодогу миссияңыз?

-Билим берʏʏ тармагын ɵнʏктʏрʏʏ, коррупцияга жол бербɵɵ. Ош шаардык Кеңешинин жаш депутаттарынын бири катары эң чоң тилегим жаштардын атын булгабоо. Шайлоого баратканда элдин алдында берген убадаларыма бекем болуп, эл-жерибиздин ɵнʏгʏʏсʏнɵ салым кошуу.

-Маегиңиз ʏчʏн рахмат, ишиңизге ийгилик!

Айжылдыз Тойчиева