16 сентября, 2024

Багбан: “Кара ɵрʏктʏ кɵбʏнчɵ экспорттойбуз”

Кара ɵрʏк же кайналы кулинарияда, элдик медицинада, ал тургай косметологияда да кеңири колдонулат. Аталган мɵмɵ-жемиштин экономикага тийгизген таасири кандай, тагыраагы, кайналы эккен багбандар канчалык деңгээлде пайда кɵрʏшɵт? Жеке ишкер, багбан, агроном Зафарбек Мирзаевден маалымат алганбыз.

-Зафарбек мырза, Ош облусунун багбандары арасында кара ɵрʏктʏ ɵстʏрʏʏ кенен жайылганбы?

-Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой, буга чейин кара ɵрʏктʏ кɵбʏнчɵ Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ɵстʏрʏп келишкен. Бул мɵмɵ-жемиш 2008-жылдан кийин Ош шаарында да актуалдуу боло баштады. Азыр Ошто мен билген багбандардын эң алды 2,5-3 миң тʏп кайналы эгишкен. Кара-Суунун башка айылдарына салыштырмалуу Жоош айыл ɵкмɵтʏ, Отуз-Адыр айыл округдары кара ɵрʏктʏ брендге айландыра алды. Кардарлары да кɵп. Алар негизинен Россиянын алыскы чыгыш облустарына жана Сибирге экспорттошот. Азырынча бизде масса аз болгондуктан Россияга гана экспорттолуп жатат. Эгер кара ɵрʏк эгилген айдоо аянттары, бактар кɵбɵйсɵ кардарлар ɵздɵрʏ эле издеп келишет. Мисалы, коңшу Ɵзбекстандагы багбандар товарын Корея, Япония, Европа ɵлкɵлɵрʏнɵ чейин жайылтышкан.   

-Кургатылган кайналы абдан таанымал эмеспи, ал кандай сортунан жасалат?

-“Венгерка” деп аталган сорту кургатуу ʏчʏн эң жакшы тандоо. Кара ɵрʏктʏн калган сорттору кургатууга анча туура келбейт. Бирок, венгерканын альтернативасы катары азыр “стенли” деген сорту колдонулууда. Бирок, бул сорт бизде чоң кɵлɵмдɵ жок. Аксы кара ɵрʏгʏ же венгерканы жапайы деп коебуз, анткени тикендʏʏ келет. Ийнелери аркылуу кɵчɵт кезинен ɵзʏн-ɵзʏ коргоп, мал-жандык да тийбейт. Дагы бир ɵзгɵчɵлʏгʏ ооруларга туруктуу келет.

-Бак тигерден мурда эске алуучу жагдайлар, эмнелерди жасоо керек?

-Биринчиден топуракты анализге тапшыруу керек. Лабораториялык изилдɵɵлɵрдʏн жыйынтыгы менен топурактын курамында кандай азык жетишсиз болсо ошого жараша кам кɵрʏʏ зарыл. Кɵчɵт отургузуунун схемасына ылайык туурасы 4, 5 метр, узуну 3 метр болгон аралык сакталат. Аралыкты сактап, технопарк дегенди эске алган туура. Тагыраагы бак тигилип жаткан жерге трактор жана башка техникалар оңой кирип, айланып чыга ала турган коридор болуусу керек.

-Канткенде кара ɵрʏктʏ курттан сактап, мол тʏшʏм алууга болот?

-Профилактикалык иштерди жасоо маанилʏʏ. Мисалы, мɵмɵ жыйнап бʏткɵндɵн кийин агротехниканын азыркы жаңы методдору боюнча дароо бутала баштайт. Бутоонун беш пайдасы бар. Алар: мол тʏшʏм алуу, оорулардан, зыянкечтерден сактоо, жакшы чаңдаштыруу жана бутагандан кийинки жаңы шактар кɵчɵттʏ жашартып турат. Бешинчиси тамыр кеңейип, жерден азыкты кɵп алат. Октябрь, ноябрь айларында температура +15 градуска чейин “железный купорос” себилет. Бул кɵчɵттɵрдʏн грибок ооруларын алдын алат. Андан кийин топуракка аммафос менен калий беребиз. Эрте жазда температура +8ден +15 градуска чейин жылыганда 3% медный купороз менен дарыланат. Бутонизация, вегетация мезгилдеринде азот берʏʏ керек. Кɵчɵт чоңойгон сайын калий, бор, цинк, кальций, микроэлементтерди талап кыла баштайт. Айтор, комплекстʏʏ азыктар, макро-микроэлементтерди бергенде гана сапаттуу, кɵлɵмдʏʏ тʏшʏм алууга болот.

-Кʏзгʏ кɵчɵт, жазгы кɵчɵт деп коюшат эмеспи, кара ɵрʏктʏ кайсы мезгилде эккен оң?

-Кʏздɵ эгʏʏнʏ сунуштайм. Мисалы, быйыл жаз жаанчыл болду. Мындай туруксуз аба-ырайы багбандардын ишин 10-15 кʏнгɵ артка тартат. Тескерисинче кээде аба-ырайы кургакчыл болуп калышы да мʏмкʏн. Ошондуктан жаз мезгилине калтырбай эле кʏздɵ эгип алышканы оң. Сууну кɵп ичет, 15-20 кʏндɵ бир сугарып туруу керек. Жаңы эгилгенде 100 граммдык нормадагы дарыларды эки бɵлʏп, 50 граммдан берген туура.

-Кайналы канча жылда тʏшʏмгɵ кирет?

-3-4-жылда массалык тʏрдɵ албаса да, багбан даам татат. Негизи багбанчылык оңой кесип эмес. Мисалы, бала деле 7 жашка толгондо акыл-эс кирип, мектепке барат эмеспи, кɵчɵт да 7 жыл дегенде жетилип, мол тʏшʏм бере баштайт. Климаттык ар кандай шарттарды эске алуу менен бир тʏптɵн 90-160 килограммга чейин тʏшʏм алууга болот. 

Кара ɵрʏк тууралуу кызыктар:

Кытай — кара ɵрʏктʏ ɵндʏрʏʏ боюнча эң алдыңкы ɵлкɵ болуп саналат. Ɵндʏрʏштʏн кɵрсɵткʏчʏ жылына 6 626 317,1 тонна.

Кытай эли кайналы гʏлʏнʏн ар бир желекчеси бакытты, тынчтыкты, ийгиликти, узак ɵмʏрдʏ жана гʏлдɵп-ɵнʏгʏʏнʏ алып келет деп эсептешет.

Кара ɵрʏктʏн жанында картошка же помидор сыяктуу жашылча жемиштер болсо кɵчɵткɵ зыян келтирʏʏчʏ ооруларга чалдыктырат.

Дʏйнɵдɵ кара ɵрʏктʏн 250дɵн ашык тʏрʏ бар

Табиятта кара ɵрʏктʏн жапайы жана маданий тʏрдɵ кезиккен 250дɵн ашык тʏрʏ бар. Алардын баары даамдуу жана пайдалуу. Кара ɵрʏк клетчаткага жана жемиш кислоталарына бай. Калийдин жогорку ɵлчɵмʏ В, А, С, Е, РР витаминдерин, кальцийди жана кумаринди камтыйт. Бай составы бардык организмди тазалоого, ашказан-ичеги жолдорун стимулдаштырууга жардам берет. Ошондой эле табитти жогорулатып, боор, жʏрɵк-кан тамыр системасын бекемдейт.

100 грамм кара ɵрʏктɵ 2,1 мг темир бар. Темир жетишсиздигин, аз кандуулукту алдын алат.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кара ɵрʏк Америка, Азия, Европа ɵлкɵлɵрʏндɵ кенен тараган. Бул ɵсʏмдʏктʏн бат адаптация болуу сапаттары жагымсыз аба-ырайынын шарттарында деле тамыр алуусун камсыздайт.

Арыктоодо диетологдор сунуш кылат

Кара ɵрʏктʏн экстракты терини калыбына келтирʏʏчʏ жана айыктыруучу таасирге ээ. Терини нымдуу кармап, кычкылтек менен каныктырат жана тынчтандырат.

Арыктоодо диетелогдордун сунушу боюнча кара ɵрʏктʏ тамак рационуна кошуу маанилʏʏ.

Кʏчтʏʏ ич алдырма касиетине ээ

Кара ɵрʏктʏ жаңы же кургатылган тʏрʏндɵ, ошондой эле анын кайнатмалары кʏчтʏʏ ич алдырма касиетине ээ, ич катууну болтурбоого жардам берет.

Стоматитте кара ɵрʏктʏн кургатылган жалбырагын кайнатып, оозду чайкоо ооруну айыктырат.

Кытай элдик медицинасы кара ɵрʏктʏн жемиштери нымдуу жɵтɵлдɵ какырыкты чыгаруучу таасири бар деп эсептейт.

Кимдерге сунушталбайт?

Кайналынын курамында органикалык кислоталар, кант кɵп болгондуктан, гастрит, ашказан жарасы жана он эки эли ичеги жарасында, кант диабетинде колдонбоо керек.

Дарыгерлер кʏнʏнɵ 3-4 даана кайналы жегенди сунушташат. Аз эле ɵлчɵмʏнɵн керектʏʏ азыктардын баарын алууга болот.

Айжылдыз Тойчиева