16 сентября, 2024

Мигрант жашоосун кыйындаткан мыйзам

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча чет ɵлкɵлɵрдɵ миграцияда жʏргɵн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини тʏзɵт. Алардын 400 миңден ашууну Орусияда. Орусиянын мамдумасынын депутаттары миграция боюнча улам бир мыйзам долбоорлорду сунуштап, кабыл алынып жатканы мигранттардын жашоосун кыйындатып жатат.

Мыйзам бузган мигрант ɵлкɵдɵн чыгарылат

Мамлекеттик Дума мыйзам бузган мигранттарды ɵлкɵдɵн чыгаруу боюнча мыйзамды ʏч окууда кабыл алды. Мындай чечимдерди сот гана эмес, милиция да чыгарышы мʏмкʏн. Ал ортодо мигрант ɵлкɵсʏнɵ жɵнɵтʏлмɵйʏнчɵ ага кɵптɵгɵн чектɵɵлɵр колдонулат.

“Орусияда мыйзамдуу тʏрдɵ жʏрʏʏгɵ укугу жок мигранттар ʏчʏн жаңы ɵзгɵчɵ режим – депортация режими ишке киргизилет. Ал документтеринин мɵɵнɵтʏ ɵтʏп кеткен же жокко чыгарылган чет элдиктерге, же мигранттар мыйзам бузууга барса колдонулат”, — деди Мамлекеттик Думанын тɵрагасы Вячеслав Володин.

Мунун маңызы чет элдиктердин жеке укуктарын чектɵɵ, ошондой эле аларды кɵзɵмɵлдɵɵ. Бул режимге баш ийген мигранттар ички иштер органынын уруксатысыз жашаган жерин ɵзгɵртɵ албайт жана ɵлкɵдɵ боло албайт. Милиция мигрант кɵзɵмɵлдɵгɵн жайга кирʏʏ укугуна ээ болот.

«Чет элдиктер атайын реестрге киргизилет, алар ɵздɵрʏ жашаган жери боюнча милиция кызматкерлерине маалымат бериши керек», — деди спикер. «Мындан тышкары, депортация режиминде жʏргɵн мигранттар турак жай же унаа сатып ала албайт, насыя ала албайт , ʏйлɵнʏп, ɵлкɵ боюнча эркин жʏрɵ албайт”.  Спикердин айтымында, бул мигранттарды легалдаштыруу боюнча алдамчылык схемалардан качууга жардам берет. Ал эми укук коргоо органдары бул тармакка кɵзɵмɵл орното алат.

Эгерде мигрант режимди бузса, аны депортациялоо чечими кабыл алынат. Ɵлкɵдɵн чыгарыла турган мигранттар 48 сааттан ашык эмес атайын мекемелерде кармалышы керек. Сот бул мɵɵнɵттʏ 90 кʏнгɵ чейин берип коюшу мʏмкʏн.

“Миграция тармагында катуу кɵзɵмɵл керек”

 “Россияда мыйзамдуу жʏрʏʏ укугунан ажырагандар биздин ɵлкɵдɵ болбошу керек. Миграция тармагында катуу кɵзɵмɵл керек”, -деди Володин. Ошону менен бирге ɵлкɵдɵн чыгаруу жɵнʏндɵ чечимди кабыл алуунун жол-жобосу да жɵнɵкɵйлɵштʏрʏлгɵн (айрым ыйгарым укуктар соттордон ички иштер органдарына ɵткɵрʏлʏп берилген).  Мыйзам долбоорунда дагы бир жобо камтылган.  “2025-жылдын 1-январынан тарта биздин ɵлкɵдɵ визасыз убактылуу жʏрʏʏ мɵɵнɵтʏ азыркы 180 кʏнгɵ эмес, жыл ичинде 90 кʏнгɵ чейин кыскартылат. Бул убакыттын ичинде гастарбайтер же иштɵɵгɵ уруксат алышы керек, же кайра кетиши керек”,-  деп тʏшʏндʏрдʏ коргоо комитетинин жетекчисинин биринчи орун басары Алексей Журавлев.

Мигрант Орусиядан соттун чечими жок эле мыйзам бузуулар ʏчʏн чыгарылып кетишин маанилʏʏ деп атады. Депутаттын айтымында, бул мыйзамдан тышкары депортациялоону талап кылган кылмыштардын тизмесин кеңейтʏʏ, ошондой эле ɵлкɵдɵ мыйзамсыз жʏрʏʏнʏ кылмыш жасоодо оордотуучу жагдай кылуу керек.  “Эмгек мигранттарынын ʏй-бʏлɵсʏ аларды ɵз мекенинде кʏтʏшʏ керек. Жумушка орношкон чет элдиктердин жакындары Орусияга келип алышып, топ-тобу менен анклав кылып алышты. Ɵз тилдеринде сʏйлɵшɵт, жергиликтʏʏ тургундарга жек кɵрʏʏ менен мамиле кылышат. Мигранттар жашаган батирлер турак-жай коммуналдык чарба ʏчʏн акы тɵлɵбɵй, чоң карызга батып, анын азабын батир ээлери тарткан учурлар кɵп. Мигранттар Орусияда тɵрɵп, ар кандай социалдык тɵлɵмдɵрдʏ алып жатышат. Мигранттардын балдары бала бакча, мектептеги орундарды ээлеп жатышат. Булардын бардыгы биздин жарандардын салыгынын эсебинен камсыздалып жатпайбы», — деп нааразылыгын жазган депутат Слуцкий.

 «Тил билбегендерди, салтыбызды, маданиятыбызды сыйлабагандарды киргизбеш керек»

«Биздин мыйзамдарды бузгандарды ɵлкɵдɵн чыгарышыбыз керек. Тил билбегендерди, салтыбызды, маданиятыбызды сыйлабагандарды киргизбешибиз керек. Ошонун негизинде тартипти орнотуп, чечимдерди кабыл алуу зарыл. Ошондо баары жакшы болот”. Талкууда Мамлекеттик Думанын тɵрагасы Вячеслав Володин Орусия Федерациясына тил билбеген, маданиятты сыйлабагандар киргизилбеши керек деген оюн билдирди. Борбор Азиядан келген мигранттар ʏчʏн жаңы жʏрʏм-турум эрежелеринин ичинде эне тилде сʏйлɵɵгɵ, мал союуга тыюу салган пункттар да бар. “Коммерсантъ” басылмасы Россия Федерациясынын улуттар боюнча федералдык агенттигинин 70 мʏнɵттʏк лекциясын изилдеп чыккан. Мигранттар ʏчʏн иштелип чыккан курста ɵлкɵнʏн миграциялык мыйзамдары, Орусиядагы жʏрʏм-турум эрежелери, мыйзам бузгандарды жазалоо, ошондой эле тарых сабактары тууралуу маалыматтар камтылган.

Федералдык мекеме иштеп чыккан эрежеге ылайык, Орусияда Борбор Азиядан келген мигранттар орус тилин билʏʏсʏ, бейтааныш адамдар менен баарлашууда “байке” же “карындаш” деген даректерди колдонбоосу, ɵтʏп бара жаткандарды эне тилинде талкуулабашы жана шыбырашпашы керек. Азырынча Улуттук иштер боюнча федералдык агенттик тарабынан иштелип чыккан мигранттар ʏчʏн бул  эрежелер мыйзамда бекитиле элек. «Коммерсант» менен байланышкан эксперттер адаптация курсун бʏтʏрʏʏ Орусияда узак убакытка жашап жана иштɵɵнʏ пландаган мигранттар, ошондой эле Орусиянын жарандыгын алууну каалагандар ʏчʏн милдеттʏʏ болушу керек деп эсептешет.\

 Мыйзамдуу иштегендерге тиешеси жок

Ал эми Элчилик миграция мыйзамына каралып жаткан ɵзгɵрʏʏлɵрдʏн кыргызстандыктарга тиешеси болбойт деп билдирʏʏдɵ. “Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарында киргизилип жаткан чектɵɵлɵр Россиянын аймагында мыйзамдуу иштеп жʏргɵн ЕАЭБге мʏчɵ-мамлекеттердин жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына тийиштʏʏ эмес. Ошол эле учурда миграциялык режимдин кʏчɵтʏлʏшʏ Россиянын аймагында мыйзамдуу жʏргɵнгɵ негиздʏʏ укугу жок жана Россиянын мыйзамдардын бузган бардык чет ɵлкɵлʏк жарандарга тиешелʏʏ экендигин белгилейбиз”  деп жазылат Москвадагы кыргыз элчилигинин Би-Би-Сиге берген жообунда.

Жарым жылдын ичинде эле Орусиядан 65 миң мигрант депортацияланган. Орус ички иштер министрлигинин мааалыматында 120 миң адамга ɵлкɵгɵ кирʏʏгɵ тыюу салынган. Анын ичинде 282 кыргызстандык Орусия Федерациясынан ɵз мекенине депортация болгон. 2023-жылы 13025 кыргызстандык Орусиядан чыгарылган.

Майрамкʏл Султангазиева, 39 жашта. Москвада жашайт.

-Орусияда деле бизди кысып аткандай сезилет. Мен мисалы, Оштогу ЖОЖду беш жыл окудум, кесибим тилчи.  Кʏйɵɵм ушул жактын жарандыгын алган экен, мен да алгам. 14 жыл болду, 5 балабыз бар. Мамлекеттен жɵлɵк пул алабыз. Мындан сырткары материалдык капитал, ар бир балага каралган. Биз ижарада тура берип тажап, акыры ипотекага ʏй алганда ошол топтолгон капиталды берип кыйла жеңилдик болгон. Азыр балдар менен ʏйдɵ элемин, жолдошум тамак-ашыбызга иштеп келет. Жайында Кыргызстанга барып эс алып келебиз. Жɵлɵк пул менен иштебей мендей болуп отургандар кɵп да. Ошон ʏчʏн ар тʏрдʏʏ мыйзамдарды чыгарып жатат.

Элнура Калыкова, 44 жашта, мигрант:

-Мен жарандык албай эле иштеп жʏрɵм. Акыркы жолу былтыр кышында келгем Орусияга. «Крокустагы» терракттан кийин бир аз кыйындаткан мыйзамдар чыкпадыбы. Баарын эле “тазалап” атып кышында короо  кʏрɵп шыпырганга киши таппай ɵздɵрʏ кыйналышты. Документи туура болгон мигранттар ошол учурда жакшы эле иштешти. Сиңдим кызын мектепке бермек, кезекке жазылганына кɵп болгон, бирок “орусча мыкты билбейт экен” деп быйыл эми эки класс тɵмɵнгɵ кабыл алынды. Айтор, ушундай беймазага салган учурлар болуп жатат.