16 сентября, 2024

Алайкуудагы аңызга айланган жерлер

Жер жʏзʏндɵ таң калычтуу сапарлар бʏтпɵсɵ керек. А сиз чет ɵлкɵлɵрдʏ ойлоп жатсаңыз керек. Эгер андай болсо жаңылышасыз, таң калычтуу жерлер башка ɵлкɵдɵ гана эмес, ɵзʏбʏздʏн Кыргызстаныбызда дагы бар. Кыргызстаныбыз кичинекей мамлекет болсо дагы, кайсыл жеринде кандай ɵзгɵчɵ жерлер бар экенин билбегендер деле чыгат. Бул рубрикабызда Ош облусуна караштуу Алайкуудагы ɵзгɵчɵ, сиз укпаган, билбеген жерлерди баяндайбыз.

“Жʏрɵк кɵл” деп аталып калган “Кулун-Ата” кɵлʏ

Жʏрɵк кɵл Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵгʏ Кɵк-Арт айылында жайгашкан. Бул кɵл Кулун-Ата кɵлʏ. Негизи ʏч кɵлдɵн турат. Биринчиси соң кɵл, экинчиси орто кɵл, ʏчʏнчʏсʏ ʏч кɵл. Бул кɵлдʏн бирин жергиликтʏʏ тургундар Жʏрɵк кɵл деп атап алышкан. Себеби кɵлдʏн формасы так эле чийип койгондой жʏрɵктʏн формасында. Бул кʏнгɵ чейин кɵлдʏ эч бир изилдɵɵчʏлɵр келип изилдеген эмес. Жергиликтʏʏ тургундар аңыз кылып айтып, мындайча да айтып жʏрʏшɵт.

“Кɵлдʏн анты бар…”

-Кɵп жылдар мурун бир дыйкан кɵлгɵ жакын жерге жайлоого чыкчу экен. Ал дайыма бээсин жетелеп барып, кɵлдɵн сугарып, жээктен отун даярдап келчʏ дейт. Бир кʏнʏ бээсин кɵлдʏн жээгине аркандап коюп жумуш жасап алаксып кетсе, кɵлдɵн чоң толкун болуп кетет. Ошентип бээси толкундан аман калып кийинки жылы кулун тууйт. Баягы киши баласын ээрчитип ошол эле бээси менен дагы ошол кɵлдʏн жээгине отунга барат. Анан эле кɵлдɵн дагы толкун болуп, баягы кулунду алып кирип кетет экен. Ал кишини ээрчип барган баласы “Ата, кулун, ата, кулун” деп толук тʏшʏндʏрɵ албай кыйкырган экен. Ошондон кийин ал кɵлдʏ “Кулун-Ата” деп атап коюшуптур. Азыркы мезгилде бул кɵлдʏн атын дээрлик жергиликтʏʏ тургундардын бардыгы “Жʏрɵк кɵл” деп атап алышкан. Жергиликтʏʏлɵр  ал кɵлдʏн анты бар деп айтышат. Себеби кɵлгɵ тʏшкɵн адам эгерде ʏйдʏн жалгыз баласы болсо, ал кɵлдɵн чыкпай кайтыш болот деген кептер бар. «Бул окуяга далил акыркы 10 жылда эле ʏч ʏй-бʏлɵнʏн баласы сууга чɵгʏп кеткен. Таң калычтуусу каза болгон ʏч бала тең ʏй-бʏлɵдɵ жалгыз уул эле» дешет билгендер. Мындай окуядан улам ал кɵлгɵ эс алуу ʏчʏн адамдар чанда гана барышат.

Кара-Сакал ʏңкʏрʏ

Кара-Сакал ʏңкʏрʏ да Алайкуу ɵрɵɵнʏнʏн Бɵрʏ-Токой айылында жайгашкан. Дээрлик айылдан анча деле алыс эмес. Бирок ʏңкʏргɵ чыгуу ʏчʏн бийик, таштак жолдордон басыш керек болот. Бул да болсо ар бир адам ʏчʏн кооптуу. «Бул ʏңкʏргɵ айтылган аңыз кептер абдан кɵп. ʏңкʏргɵ жергиликтʏʏ тургундар барып сыйынат. Кɵбʏнчɵ балалуу болбой жʏргɵн ʏй-бʏлɵлɵр барышат. Албетте, жɵн эле барып сыйынып келʏʏгɵ болбойт, ар бир барган адам жети куймак, же жети токоч жасап алып барат. Кызыгы ал ʏңкʏрдʏн ичинде булак бар. ʏңкʏрдʏн ичине кирип, жети куймагына куран окуп андан соң тилегин тилеп, булактын ичине колун салат». Алайкуулуктардын айтуусу боюнча ал булактын тʏбʏндɵ майда шурулар кɵп. Сыйынгандан соң шурунун тʏсʏнɵ карап, жакшылыка жоруп чыгып кетишет деп айтылат. “Бирок кɵпчʏлʏк азыр  бул ʏңкʏргɵ сыйынууну туура кɵрʏшпɵйт. Шайтандын азгырыгы деп айтышат. А бирок ага карабай барып куран окуп, тилек кылып, бата кылып жыйынтык кɵргɵндɵр да жок эмес”,-дейт айыл тургуну.

Мазар булак (кайнаган булак)

Мазар булак деп аталган жер Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵгʏ Эшек-Арт жайлоосунда жайгашкан.  Булакка жетʏʏ ʏчʏн Кɵк-Арт айылынан ары 5 саат жол жʏрʏʏ керек болот. Бул булактын дарылык пайдасы аябай чоң дешет. Таң калычтуусу кышы- жазы дебей булак кайнап турат. Ичкенге болбойт. Анткени аябай туздуу. Денеге кандай жара чыкпасын, булак менен жуусаң айыгат деп айтышат. “Албетте, бул жɵн гана кептер эмес. Анткени айылдагы кɵп адамдар жараларынан айыгышкан. Булак сырткы жараларга гана эмес, ичтеги боор, бɵйрɵк ооруларына дагы дары. Бул булакты кɵп адамдар биле беришпейт. Жада калса айыл тургундарынан дагы кɵрбɵгɵндɵрʏ кɵп. Кɵбʏнчɵ улуу муундагы адамдар билгендиктен, барып жараларынан айыгып кайтышат”,-деп айтып берди айыл тургуну. 

Жети булак

Жети булак Алайкуу ɵрɵɵнʏнʏн Кɵк-Арт айлында жайгашкан. Анын аталып калышынын себеби бир булактын эле айланасында жети майда булак жайгашкан. Бул булак айылдан алыс эмес, айылдын ичиндеги токойлордун биринен орун алган. “Башка булактар кышы менен тоңуп калса, же кээде акпай калса, алардан айырмаланын кышы-жайы  агып турат. Суусу тунук, таза ичкенге жана дарыланганга пайдасы чоң. Кɵбʏнчɵ бул сууга бетке жана оозго жара чыкканда барып 3 жолу чайкап, же ʏч жолу жууп коюшат. Ар бир булактын башына чʏпʏрɵк байлап, сыйынгандар дагы бар”,- дейт дагы бир улуу муун ɵкʏлʏ бул булак тууралуу айтып берип жатып.                          

“Алайкууда алтын бар”

 Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵгʏ Кɵк-Арт айылы эки тоонун ортосунда жайгашкан. Кытай менен чектеш, чек арасы эң жакын айыл. Айылды курчап турган тоолорду мындан 7 жыл мурун кытайлар изилдеп келишет. Алардын изилдɵɵсʏндɵ бул айылда кара алтындын запасы бар экенин аныкталат. Ал изилдɵɵчʏлɵр кɵп суммадагы акча сунуштап, ал жерди казып кɵрмɵкчʏ болушат. Бирок жергиликтʏʏ калктын аксакалдары, улуу муундары чогулуп аларга казууга уруксат бербей, бир кыйла талашышкан.  “Эгер ал жер казыла турган болсо, биринчиден айылга, экинчиден, жайыттарга зыян болмок. Аба бузулуп, жашыл айыл кара топуракка айланмак, ошол ʏчʏн караманча каршы чыкканбыз. Бир гана Кɵк-Арт айылында эмес, кара алтын коңшу айылдардын бири Кан-Коргон айылында да бар. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кара алтындын запасы азайып, акыркы 15-20 жылдан бери ал жерден кɵмʏр казылбай калган” дешет элеттиктер.