16 сентября, 2024

КУРСК  САЛГЫЛАШУУСУ-2

Украин армиясынын акыркы апталарда Россиянын Курск облусунда  жʏргʏзʏп жаткан  согуштук операциясы максат-мааниси жагынан талданып-талкууланып бʏткɵндɵрдʏн катарына кирет. Батыштык басма сɵздɵ эксперттер расмий Киевдин мындай аракеттери Украина ʏчʏн ɵтɵ кооптуу экенин башында эле белгилешкен. Азыр Курск облусундагы салгылашуулар Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынын ыргагын камчылайт деп кʏткɵндɵр арбын. Арийне, АКШ  жана батыштык башка демɵɵрчʏлɵр аскердик жана каржылык жактан  жардам кɵрсɵтʏʏнʏ улантышууда. ”Бассамбы же баспасамбы, мынча болду, баса берейинчи!” деп аскияда айтылган чоеке кыздай, баштаарын баштап алгандан кийин арга жок.

ТАРЫХЫЙ-ГЕОГРАФИЯЛЫК САЯКАТ

Германиялык “Дойче велле” мамлекеттик  каналынын украин штурмовиктери Курск облусуна бастырып киргенден кɵп ɵтпɵй эле немистик танктардын экинчи ирет Курскиге бастырып кирʏʏсʏнɵ кубанычтарын жашыра албай бир кʏʏлɵнʏп алышкан. “Экинчи ирет” дегеним, биринчиси экинчи дʏйнɵлʏк согуш маалында дал ушул аймакта, 1943-жылдын дал ушул кʏндɵрʏндɵ тарыхта “Курск тогоосу” деген ат менен белгилʏʏ болгон экинчи дʏйнɵлʏк согуштун башкы салгылашуусу ɵткɵнʏ белгилʏʏ. Ошондо киришкен. Мындан 80 жыл илгери канцлер Шольц менен Тышкы иштер министри Вербоктун ата-бабалары дал ушул Курск облусуна 2578  танк жана ɵзʏ жʏрʏʏчʏ арткуралдарын жɵнɵтʏшʏп, анын баарын дал ушул аймакта 50 кʏндɵ орустар тыптыйпыл кылышкан. Ал эми азыр болсо танктардын эсеби бир-эки ондуктардан да ашпай жатат.

Америкалык башкы гезит “Нью-Йорк таймс” жазгандай,  украиндердин бул орустук чек ара тилкесине орус  кʏчтɵрʏн башка фронттордон кошумча тартууга карата кɵргɵн  аракеттеринен майнап чыкпады. Курскидеги айыгышкан салгылашууларга карабастан, орус кʏчтɵрʏнʏн Часов-Яр, Торецк жана Покровкая райондорундагы ийгиликтʏʏ чабуулдары басаңдаган жок. Башка фронттордон орустун кошумча кʏчтɵрʏн Курскиге тартуунун, ошондой жол менен Донбасстагы согуштук абалды украин аскерлеринин пайдасына азыраак болсо да оодаруунун “Зеленскийлик планын” батыш демɵɵрчʏлɵрʏ кийинчерээк айта башташты, чын-жалганын кудай билет. Арийне, Донбасстан Курскиге  орус тараптан бир взвод да кошумча кʏч  тартылган жок. Тескерисинче, Донбасстагы коргонууну  тайыздоо аркылуу украин кʏчтɵрʏ  орустардын Покровскийге-ВСУнун маанилʏʏ логистикалык борборун кɵздɵй ылдамдап жылуусуна шарт тʏзʏп беришкенин аңдабай калышкансыды. Ага бир апта мурун 20 чакырым калса, азыр 10 чакырым гана калды.

Согуш тактикасынан алганда, украиндер фронт тилкесин кеңейтʏʏгɵ эмес, мʏмкʏн болушунча тарытууга кызыктар болушу керек эле. Ошол эле немистер экинчи дʏйнɵлʏк согуш учурунда Сталинград жана Курск салгылашууларынан кийин  ушундай ыкмага ɵтʏшкɵн. ВСУ генералдары мунун накта тескерисин жасашууда. Акыбетинде орус кʏчтɵрʏ Сумскиге жарып ɵтʏʏнʏн дагы бир жаңы учатогуна ээ чыгышты. Орус армиясынын тынымсыз чабуулдары фронттун бардык тилкелери боюнча улантылууда.

ТЫНЧ АТОМГО ЧАБУУЛ

ВСУ жардыргыч заттары бар учкучсуз аппараттар менен кол салган Запорожье Атомдук электр станциясы Европада ири АЭС тердин катарына кирет. Ага Украина тараптан жасалган дрондук чабуул  бул кʏндɵрдɵ МАГАТЭ жана дʏйнɵ коомчулугунун кɵңʏл чордонунда турууда.

Эске салсак, 11-августта ВСУ эки ускучсуз аппарат менен  аталган АЭСке кол салып, мунаралуу градирняга зыян келтирген. Градирнянын (сууну муздатып туруучу бетондолгон мунаралык курулуш)  ичинде ɵрт чыгып, ɵрт ɵчʏрʏʏчʏлɵр ɵчʏрʏп калышкан. МАГАТЭ ɵкʏлдɵрʏ АЭСке келип текшерʏʏдɵн ɵткɵрʏшкɵн жана радиация кооптуулук жок экендигин билдиришкен. Бирок, кеп анда эмес, маселенин тʏйʏнʏ Зеленскийдин арамза айласында жатканын эксперттер боолголошууда. Зеленский Россия Украинага карата ядролук курал колдонсо абдан  кубанаар эле деген Беларусь президенти Лукашенконун пикирине кошулгандар аз эмес. Айла кеткенде ар кандай ишке кол ураар сапаты бар экенин Зеленский эбак  эле далилдеген. Орус президентин ядролук согушту баштоочу катары бʏткʏл дʏйнɵгɵ кɵрсɵтʏʏдɵн ɵтɵɵр эмне бар?

Абдираим Мамытов