16 сентября, 2024

Экология жаатында Ош шаардык прокуратурасынын 6 айга карата аткарган иштери

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан экология жаатында 2024-жылдын 6 ай ичинде жалпысынан 3 текшерʏʏ жʏргʏзʏлʏп, 13 мыйзам бузуу аныкталып, алардын баары четтетилип, ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетʏʏ жɵнʏндɵ 1 сунуштама келтирилип, 2 кызматкерге тартиптик жаза колдонулуп, 3 ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетʏʏ жɵнʏндɵ талап келтирилип, жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 173 923 сом акча каражаты ɵндʏрʏлгɵн.

Алсак, Кыргыз Республикасынын «Айлана-чɵйрɵнʏ коргоо жɵнʏндɵ» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, булгоочу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу жана башка булгон тʏрлɵрʏ, жаратылышка терс таасир тийгизʏʏ, айлана-чɵйрɵнʏ булгагандыгы ʏчʏн акы алынат.

Бирок, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан айлана-чɵйрɵнʏ булгаган чарба жʏргʏзʏʏчʏ субъекттерди аныктоону уюштуруу, отчетун алуу, акы тɵлɵтʏʏ боюнча толук кандуу иштер аткарылбаган. Ал эми “Эстет Строй” ЖЧК Ош шаарынын Т.Турсунбаев кɵчɵсʏнʏн №28 дарегиндеги муниципалдык ипотекалык кɵп кабаттуу турак ʏйдʏ курууда, котлованын казып, бирок эч кандай экология боюнча отчеттору берилбей, тɵлɵмдɵрʏ тɵлɵнбɵй калган.

Андыктан, жогоруда кɵрсɵтʏлгɵн мыйзам бузууларды четтетʏʏ ʏчʏн булгоочу заттарды абага чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу жана башка булгоонун тʏрлɵрʏ жана жаратылышка терс таасир тийгизʏʏ, айлана-чɵйрɵнʏ булгагандыгы ʏчʏн тɵлɵнбɵй калган тийиштʏʏ республикалык бюджетке чегерʏʏ боюнча иш-чараларды жʏргʏзʏʏ ʏчʏн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын башчысынын наамына ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетʏʏ жɵнʏндɵ талап келтирилип, мыйзам бузуучулук четтетилип, бюджетке келтирилген зыян толугу менен ɵндʏрʏлгɵн.

 Ош шаарынын прокуратурасынын бɵлʏмʏнʏн улук прокурору З.Жолдошов