16 сентября, 2024

Прокурордун административдик сот ɵндʏрʏшʏндɵ катышуусу

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдын ʏстɵмдʏгʏн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана чыўдалышын, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарынын камсыз кылуучу мамлекеттик орган болуп эсептелинет.

Аталган ыйгарым укуктардын алкагында, мыйзамда каралган учурларда жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына ɵкʏлчʏлʏк кылуу багытында прокурорго белгиленген тараптардын кызыкчылыктарын коргоо ʏчʏн административдик доо менен сотко кайрылуу укугу берилген.

Белгилеп кетʏʏчʏ жагдай, жаран ден соолугуна, жаш курагынын абалына, аракетке жɵндɵмсʏздʏгʏнɵ байланыштуу же башка жʏйɵлʏʏ себептер менен сотко ɵзʏ кайрыла албаган учурда гана прокурордо алардын атынан административдик доо менен кайрылуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар, ошондой эле прокурор административдик сот ɵндʏрʏштʏн кандай болбосун стадиясында ишке киришʏʏгɵ укуктуу экендигин белгилеп кетʏʏ зарыл.

Жогорудагылардын негизинде 2024-жылдын 6 айында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Ош облусунун административдик сотуна 3 административдик доо берилип, бʏгʏнкʏ кʏндɵ кароо стадиясында. Былтыркы жылдан 6 административдик доо калдык болуп ɵткɵн, алардын ичинен 2 административдик доо канааттандырылып, 4 административдик доо кароо стадиясында.  Административдик иштер боюча 4 апелляциялык жана 2 жеке сунуштамалар келтирилип, алардын ичинен 5 сунуштама канааттандырылып, 1 жеке сунуштама канааттандыруусуз калган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 42-берененин негизинде 49 административдик иш прокурордун корутундусу менен соттук актылар кабыл алынган. 

Бул багытта Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан мындан ары дагы иш-аракеттер кʏчɵтʏлгɵн тартипте улантыла бермекчи.

Ош шаарынын прокуратурасынын бɵлʏмʏнʏн прокурору А.Билимова