16 сентября, 2024

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында мыйзамдардын сакталышынын абалы

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) ЖАКты бʏгʏнкʏ кʏндɵ мамлекетибизде жʏргʏзʏлʏп жаткан соттук-укуктук реформанын активдʏʏ катышуучусу.

Коомго коркунуч келтирген кылмышкерлерди жаза ɵтɵɵ жайларында кармоо жана кайтаруу, аларды мыйзам жолуна салуу, тʏзɵтʏʏ жана кайра социалдаштыруу эрдикти, чыдамкайлыкты жана чыныгы кесипкɵйлʏктʏ талап кылган татаал жана кʏжʏрмɵн кызмат.  Ошол эле учурда Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын кɵзɵмɵлдɵɵ прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында ɵлкɵбʏздʏн тʏштʏк аймагында жайгашкан ЖАКнын №25, 42, 43, 52, 53 мекемелеринде жʏргʏзʏлгɵн текшерʏʏлɵрдɵ, тилекке каршы, бир топ мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Текшерʏʏлɵрдɵ ЖАКнын мекемелеринде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынгандыгына карабай, мекеменин кызматкери ɵз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, мекемеде камакта кармалып турган айыпталуучуга акчалай сыйлык ʏчʏн уюлдук телефонун сатып, байланыш каражаты менен мыйзамсыз камсыздаган. Ошондой эле камакта кармалып турган айыпталуучудан жана анын жакындарынан опузалоо аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз алган. Андан сырткары, мекеменин бюджеттик каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгаруу аркылуу ээлеп алган фактылар аныкталып, тиешелʏʏ кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бɵлʏмʏндɵ каралган кылмыштар менен 3 кылмыш иш козголуп, тергɵɵ жʏргʏзʏʏ ʏчʏн караштуулугу боюнча тергɵɵ органдарына жиберилген.

Андан сырткары, текшерʏʏлɵрдʏн жыйынтыгы менен ЖАКнын кызмат адамдарына карата ченемдик укуктук актыларды, бузууларды четтетʏʏ жɵнʏндɵ 4 сунуштама жана тартиптик укук бузуу тууралуу 3 ɵндʏрʏш иштери козголуп, аталган прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен ЖАКнын 9 кызмат адамдары ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан. Ошондой эле мыйзамсыз эсептен чыгарылган 302 055 сом накталай акча каражаттары мамлекеттик бюджетке кайтарылган. 

Жаза-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын

сакталышын кɵзɵмɵлдɵɵ прокурорунун улук жардамчысы Мадамбеков Г.С.