16 сентября, 2024

Акжол Дооранбек уулу, акын: “Элдин деле бакыргысы келип калган окшойт”

Акындардын калеминде кандай гана ырлар жазылбайт. Айрымдары сʏйʏʏсʏнɵ жетпей калып ыр жазса, айрымдары сезимдерин жазышат. Ошондой ырлардын бири, коомго жакшы пикир менен тараган акын Акжол Дооранбек уулуна таандык “Бакырайынбы” атуу ырынын тарыхын сурадык. Акын жигит “сезбеген, жашоомдон, жʏрɵгʏмдɵн ɵткɵрбɵгɵн нерселерден ыр жазууга чын эле алысмын”дейт.

Каарман тууралуу

-Акжол Дороанбек уулу 1994-жылы борборубуз Бишкек шаарында тɵрɵлгɵн. Акжол Доранбек уулу Тɵлɵйкɵн айылында чоңоюп, Гапар Айтиев атындагы №37 мектебинде 9-класска чейин окуп, Ош соода-экономикалык колледжине тапшырган. Андан соң борбордогу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган. Ал эми магистратураны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинини экономика жана финансы факультетинде бʏтʏргɵн. Азыркы учурда Бʏбʏсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство университетинде социалдык- маданий ишмердик боюнча сырттан окуусун улантууда. Учурда 4-курстун студенти. ʏй-бʏлɵлʏʏ, бир уул, бир кыздын сʏйʏктʏʏ атасы.

“Ыр жазууну мектеп учурумдан баштаганмын”

-Акжол, ыр жазуу сизде  качан башталган?

-Ар бир ɵсʏп келе жаткан баланын шык- дараметин ачууга, аны ɵнʏктʏрʏʏгɵ ата-энесинин салымы чоң болот. Менин кичинекей кезимдеги балалык кыялым Рыспай Абдыкадыровдой обончу болуу эле. Бирок тилекке каршы, менде аккордеон ʏйрɵнʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк болгон эмес. Андан тышкары спортко кызыгып грек-рим кʏрɵшʏнɵ барчумун. Ата-энем спорт менен алектенгенимди анча деле колдоочу эмес. Чыгармачылык менен алектенген тарабымды кɵбʏрɵɵк каалашчу. 7-8-класстын тегерегинде эле мектепте дос балдарымдын “салам кат”, “сʏйʏʏ кат”, “арноо кат” деген сыяктуу каттарынын ичиндеги ырларын жазып берчʏмʏн. Ошол кезде жазган ырларымдын баарын дептериме сактап, эч кимге кɵргɵзчʏ эмесмин. Коомго алып чыккандан тартынчумун.  Ыр жазууну окуучулук кезден баштагандыктан, 15-16 жашымдан баштап чыгармачылык чɵйрɵгɵ аралашып, анча-мынча адамдардын пикирин угуп, ыр жазуунун сырларын ʏйрɵнʏп, ыр дʏйнɵсʏнɵ сʏңгʏдʏм.

“Эч кимге айткым келбеген сырымды кагазга тʏшʏрɵм”

-Кайсы учурда, кандай сезимди кагазга тʏшʏрɵсʏз?

-Адам баласы сʏйʏнʏчтʏʏ учурларын, ийгиликтерин, жакшылыктарын, кубанычтарын жакын адамдары менен бɵлʏшʏп жеңилдейт. Анын сыңарындай мен дагы ичимдеги сезимдеримди, эч кимге айткым келбеген сырымды кагазга тʏшʏрɵм. Мындай учурда кɵбʏнчɵ муңдуу ырлар жазылат. Менимче бардык эле талант ээлеринде ушундай болуш керек.

“Балалык кыялымды орундатып баштадым”

-Кичинекей кезимдеги балалык кыялымды орундатуу ʏчʏн жакынкы кʏндɵрдɵн бери обон жазууга аракет кылып жʏрɵм. Апрель айында Бишкек, Ош шаарларында чыгармачылык кечемди ɵткɵрдʏм. Кечедеги программанын ичинде сɵзʏ, обону ɵзʏмɵ таандык “Арзуу ырдасын” аттуу ырымды элге тартууладым. Буюрса, обончулук менен дагы алектенип алдыга кетсем деген максаттарым бар.

“Бакырайынбы” ырдын жаралуу тарыхы…

 -Кыргыздын ырларында суроо иретинде жазылган ырлар аябай аз. 2010-жылы Мирлан Самыйкожонун ырларын окуп калдым. Ыр саптардын ичинен “Кɵзʏмдʏ оюп алгандай болуп, кɵрʏшпɵс ʏчʏн жолугайынбы?” деген сабы мага аябай жаккан эле. Ошондон улам таасирлендимби, айтор, мен дагы ошол сыяктуу сезимимди ыр кылып жазгым келди. Ички сезим, эмоциямдын таасиринде “Бакырайынбы” аттуу ырымды жазып калганмын. Бул ырды 2014-2015-жылдары жазсам керек. Болжол менен 10 мʏнɵткɵ жетпеген убакытта жазганмын.  Андан бери кɵп жылдар ɵткɵндʏгʏнɵ байланыштуу так убакыты эсимде жок. Ал эми кимге арналганы сыр бойдон эле калсын.

“Ырымды социалдык тармактардан ɵчʏрʏп салганмын”

-Ырымды социалдык тармактарга жарыялаган соң эмнегедир кайра ɵчʏргʏм келди. Поэзияда копол сɵздɵрдʏ пайдаланган бир аз ынгайсыздык жаратат эмеспи. Ошол сыяктуу мага дагы ырымдын “бакырайынбы” деген жери башкача сезиле берчʏ. Ɵзʏм дагы интернетке чыгарган соң бир аз ыңгайсыз болуп жʏрдʏм. Ошол себептен улам ырымды социалдык тармактардан ɵчʏрʏп салдым. 2015-2016-жылдары Насип Мырзалиев байланышка чыгып калды. Анын айтуусу боюнча менин ырыма обон жазган экен. Кайсыл ыр деп сурасам “Бакырайынбы” деген ыр деп калды. Соцтармактардан ɵчʏрʏп салган элем десем, “сиз жарыялаганда эле ɵзʏмɵ кɵчʏрʏп, жаттап жʏрʏп ушул обонду чыгардым” дейт. Мен ага сɵзʏ ɵзʏмдʏкʏ деп ырдап жʏрɵ бер деп уруксат бердим. Бирок ал кɵнбɵдʏ. Ошентип ырым да чыкты. Ɵзʏмɵ жакты, бирок эл кандай кабыл алат деген коркуу болду. Бат эле тарап, элге дагы жагып, терс пикирлерди алган жок. Эл деле бакыргысы келип жʏргɵн окшойт (кʏлʏп).

“Ырдын уйкаштыгы маанисине дал келиши керкек”

-Уйкаштык ырдын негизги критерийлеринин бири. Ыр жазуу ʏчʏн сɵзсʏз тʏрдɵ коюлуучу талап. Бирок жɵн эле уйкаштырып жазып коюу менен маанисин жоготуп албашыбыз керек. Деген менен ырды ар ким ар кандай жазат. Белгилʏʏ бир темада бирɵɵ мага ыр жазып берчи дей турган болсо, мен каршы болом. Анткени  мен ырларды жазганымда ɵзʏм сезип-туюп, ойлогон ойлорумду уйкаштырып гана жазууну туура кɵрɵм. Сезбеген , жашоомдон, жʏрɵгʏмдɵн ɵткɵрбɵгɵн нерселерден ыр жазууга чын эле алысмын. “Жʏрɵктɵн чыккан сɵз жʏрɵккɵ жетет” деп коюшат го. Анын сыңарындай чыныгы сезимдерге байланган сɵздɵр жʏрɵккɵ жетет деп ойлоймун.

“Табитке жараша ырлар жаралат”

-Азыркы коомдо ар кимдин табити ар кандай. Коомубузда кандай жагдай болсо, ошого жараша ырлар жарала берет. Кɵбʏн эсе ырлар жеңил жана тамашалуу жазылган. Мындай ырлар тез эле таанымал болуп, элдин арасында кɵп окулат. Бирок адамдардын табиттери кырдаалга жараша ɵзгɵрʏп турат. Эл эмне менен тʏйшɵлсɵ, ошого жараша ырлар жарала берет.

“5-6 жылдан бери бʏтпɵгɵн ырларым бар”

-Эргʏʏ, илхам деген нерсе ар бир адамда бар болсо керек. Кээ бир адамдардын маанайы, эргʏʏсʏ жакшы болсо ишин ийне-жибине чейин майын чыгарып жасайт. Кимдир бирɵɵ мыкты сʏрɵт тартышы мʏмкʏн, дагы бири мыкты чыгарма жаратышы мʏмкʏн. Ушул сыяктуу эле бизде дагы эмоционалдык жактан эргип турган учурда сʏйʏнʏчʏбʏз болобу, муңубуз болобу сезимдерди ыр саптарына тʏшʏрɵбʏз. Ырларым кээде эргʏʏ болсо тез эле жазылат. Кээде 3-4 жылдап бʏтпɵй калып кетет. Акын агай -эжелердин айтуусу боюнча 10 жыл бʏтпɵгɵн ырлар да болот экен. Менде дагы 5-6 жылдан бери бʏтʏрɵ албаган ырларым бар. Бул дегени жазган ырыңдын кээ бири купулуңа толбой калганы. Мындан да жакшы кылып жазам деп жʏрʏп кɵп жылдар ɵтʏп кетет экен.

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы