16 сентября, 2024

Ош ОИИБде Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган “Ыр кесе” майрамдык  иш-чарасы ɵткɵрүлдү

2024-жылдын 17-август күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгɵндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Ыр кесе” майрамдык  иш-чарасы ɵткɵрүлдү.

Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Курбанбек Айтибаев, Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов, ардагерлер кеңешинин тɵрагасы Курсан Камчиев, Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Ибраев, ардагерлер кеңешинин тɵрагасы Капар Исаков жана ɵздүк курам катышты.

Маданий иш-чара Кыргыз милициясынын түзүлгɵндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин урматына жана кыргыз элинин тарыхый, маданий мурастарын даңазалоо максатында уюштурулду.

“Ыр кесе” алгач кыргыз милициясын даңктаган хор ыры менен башталып,  андан ары кыргыз милициясынын басып ɵткɵн тарыхы сахналаштырылып кɵрсɵтүлдү. Ошондой эле, “Манас” эпосунан үзүндүлɵр айтылып, мекенди сактоого,  барктоого, сүйүүгɵ үндɵгɵн патриоттук ырлар менен коштолду. Мындан сырткары,  кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын чагылдырган куш салып, ит агыткан кɵрүнүштɵр тартууланды.

 Келген коноктор кыргыз элинин улуттук суусундуктарынан жана этнофуршедден даам сызышты.

Иш-чаранын соңунда башкармалыктын башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Азамат Ибраевге ыр кесенин кезегин салтанаттуу ɵткɵрүп берди.

Ал эми, Ибраев иш-чаранын жогорку деңгээлде ɵткɵндүгүн баса белгилеп,  Жалал-Абад ОИИБдин атынан ынтымактын символу катары баалуу белек тапшырды. 

Белгилей кетсек,  Кыргыз милициясынын 100 жылдыгын даңазалаган  “Ыр кесе” иш-чарасы ɵлкɵ аймагында бардык ички иштер органдарынын түзүмдɵрүндɵ кезеги менен ɵткɵрүлүп жатат.

Ош ОИИБдин Басма Сɵз кызматы