16 сентября, 2024

Ош шаарындагы ишканалардын 99 пайызы мамлекеттик тилде иш жʏргʏзɵт

Мамлекеттик тилге болгон мамиле коомубузда азырга чейин актуалдуу. Кыргыз тили ɵз тарыхында нечендеген оош-кыйыштарды басып ɵттʏ. Быйыл мамлекеттик тилдин кабыл алынганынын 35 жылдыгы белгиленет. Эгемен мамлекетибиздин сыймыгы болгон эне тилибиздин азыркы абалы кандай? Ош шаарынын мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ боюнча аракеттери тууралуу алдыда окуй аласыз.

Гʏлʏмкан Урустамова, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектɵɵчʏ адиси.

-Шаарыбыздагы мекеме-ишканаларда кыргыз тилинде иш жʏргʏзʏʏнʏн абалы кандай, тилди ɵнʏктʏрʏʏгɵ багытталган аракеттер тууралуу айтсаңыз?

-Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнʏндɵ конституциялык мыйзамынын негизинде мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ программасын жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын ички буйругу менен иш алып барып келет. Бул буйрук ар жыл сайын чыгарылат. 2024-жылдын 7-февралында чыгарылган №18 буйрукта бир жылдык иш-чаралар планын бекиткенбиз. Ош шаарында мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ боюнча иштер байма-бай жʏргʏзʏлʏп жатат. Негизи мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ боюнча ар багытта иш алып барабыз. Биринчисине мекеме-ишканалардын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жʏргʏзʏʏ. Мамлекеттик тилде жʏргʏзʏʏ менен бирге алардын грамматикалык жактан сабаттуу иш алып баруусун камсыздоо. Ɵткɵн жылдын жыйынтыгын алсак, Ош шаарындагы мекеме-ишканалар 99% мамлекеттик тилде иш жʏргʏзʏшɵт. Аларга ички буйруктар, протоколдор, каттар кирет. Бизде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жʏргʏзʏʏ жолго коюлуп калды деп айта алам.

“Рейддер шаардын бардык кɵчɵлɵрʏндɵ жʏргʏзʏлɵт”

-Экинчи багытыбыз шаарыбыздагы мекеме-уюмдарда, кɵчɵлɵрдɵ, коомдук жайларда мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча иш-аракеттерди жасоо. Мында  менчигинин тʏрʏнɵ карабастан мамлекеттик жана жеке ишканалардын аталыштарынан баштап маалыматтык тактайчалары, кɵрʏнɵ маалыматтардын баары мамлекетик тил мыйзамына ылайык жазылуусу кɵзɵмɵлдɵнɵт. Кɵрнɵк-жарнактар боюнча Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жана архитектура ишканасы иш алып барат. Тил комиссиясы аларга багыт берип, тынымсыз рейддерге чыгууда. Рейддер шаарыбыздын ар бир кɵчɵлɵрʏндɵ кʏчɵтʏлгɵн тартипте квартал сайын жана жума сайын жʏргʏзʏлɵт.

ʏчʏнчʏ багыт – мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ боюнча идеологияны жайылтуу.  Кыргыз тилин даңазалоо боюнча жыл сайын маданий иш-чаралар ɵткɵрʏлʏп, сынактар жарыяланат. Андан сырткары окутууларга басым жасап жатабыз. Биринчи кезекте Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери жана иш кагаздары менен иштɵɵчʏ адистери, мэриянын алдындагы 9 муниципалдык аймактык башкармалыктардын ар бир кызматкерлери мамлекеттик тил боюнча окутуулардан ɵтʏштʏ. Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча атайы колдонмолорду чыгарып тараттык. Окутуулардын жʏрʏшʏндɵ кыргыз тилинин жазуу эрежелеринен баштап мамлекеттик тилди кантип колдонуу керектиги тууралуу тʏшʏндʏрʏлдʏ. Белгилей кетсем аталган окутуулар квартал сайын улантылат.

-Жеке тараптар окутууга кызыктарбы?

-Окутууга баары эле кызыктар болуп жатышат. Азыркы учурда мониторинг жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Анын ичинде диний мекеме-уюмдарда, кафе-ресторандарда мамлекеттик тилдин талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг жʏрдʏ. Диний мекемелердин жетекчилери менен кызматкерлерин да окутуу пландалууда. Тамактануучу жайларда аш тизмектерин же менюну кыргыз тилине ɵткɵрʏʏгɵ аракеттер кɵрʏлʏп жатат. Жаш ишкерлер ассоциациясы тарабынан да “ишкерлер туура эмес жарнаманы илип алып кайра бузгандан кɵрɵ алдын ала маалыматы болсо жакшы эле” деген сунуш тʏшкɵн. Жеке ишкерлердин ар бирин милдеттʏʏ тʏрдɵ чакырбайбыз, каалоочулар келип билим алса болот, окуу акысыз.

-Айрым бренддер башка тилде аталат эмеспи, аны “кыргыз тилине кантип котормок элек” деген талаш пикирлер да бар?

-Туура айтасыз, латынча, англисче же орусча жазылып калган бренддин аталыштары бар. Мыйзамда эл аралык жана ɵзʏбʏздɵгʏ бренддерге уруксат берилет. Кыргызстан дʏйнɵлʏк соода уюмуна мʏчɵ болгондугуна байланыштуу тиешелʏʏ талаптарды аткаруубуз зарыл. Кыргыз Республикасында Кыргызпатент ишканасынын корутундусу менен бренд катары катталган ишкананын тʏп нускасындагы аталышы орусча же латынча болсо ошол бойдон жазылат. Бирок бул аталышка гана берилген уруксат. Ал эми жанындагы кошумча жазылган тʏшʏндʏрмɵлɵр, мисалы “дʏкɵнʏ”, “ашканасы” сыяктуу сɵздɵр кыргыз тилинде жазылышы керек. 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган мамлекеттик тил боюнча жаңы мыйзамда бардык аталыштар, жарнамадагы маалыматтар биринчи мамлекеттик тилде жазылуусу шарт. Расмий тилдеги тʏшʏндʏрмɵсʏнɵн бир аз жогору туруп, шрифти чоңураак берилет. Ушундай тартип ишкерлер арасында акырындап жолго тʏшɵ баштады.

-Жарнамаларды жасаган полиграфиялык жайлар, басмаканалар менен да кызматташып жатасыздарбы?

-Ооба, албетте. Негизинен кɵчɵлɵрдɵгʏ кɵрнɵк-жарнактар макулдашуулар менен илинет. Ɵз билемдик кылып, одоно каталар менен илгендери да бар. Полиграфия, басмакана кызматтары жарнамаларды жеке ишкердин буюртмасына ылайык чыгарат. Ошондуктан жарнамага жеке ишкер ɵзʏ жооптуу. Буга чейин шаарыбыздагы полиграфия кызматтарынын жетекчилерин жыйынга чакырып, жыйындын негизинде протоколдук тапшырмалар берилген. Бирок, полиграфия кызматтарынын бири жабылса экинчиси ачылып, бат-баттан алмашып туруусу кайрадан тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏнʏ талап кылат. Ушул айда аларга да алгач мониторинг жʏргʏзʏп, окутуу иштери пландалган.

-Жеке ишкерлер эскертʏʏ берилген жарнамасын алуудан баш тарткан учурда кандай чара кɵрʏлɵт?

-Рейд учурунда ар бирине алгач тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Туура эмес жазылгандарына муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан ʏч кʏндʏк эскертʏʏ баракчасы берилет. Бирок, айрымдар суранганына байланыштуу эскертʏʏ кʏнʏн узартабыз. Ошол эле учурда алмаштыруудан баш тарткандар болсо, мындай мыйзамды сыйлабагандык фактыларында биз тийиштʏʏ кызмат аркылуу алдырып салууга мажбурбуз.

-Балдардын окуу программаларына да кандайдыр сунуштарды берип жатасыздарбы?

-Мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ бала бакчадан башталат. Бакчаларда балага ɵз тилин сиңирип чоңойсо, ал мамлекеттик тилди сыйлоого умтулат. Бакчаларда танапис учурунда кыргызча мультфильмдерди кɵргɵзʏп, адабий чыгармаларды жайылтып, 1-сентябрдан тарта бул багытта иштер башталат. Мектеп программасы боюнча Билим берʏʏ министрлиги, Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгы бул багытта программаларды ишке ашырат. Мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ боюнча атайын кызматкерлери бар.

-Алдыдагы 35 жылдык мааракеге шаарыбыздын даярдыгы кандай?

-Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата бир айлык иш-чаралар планы иштелип чыкты. Бир ай бою ɵзгɵчɵ иш- чаралар ɵткɵрʏлɵт. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясы мааракени бардык мекеме-ишканалардын катышуусунда чоң форматта, ɵзгɵчɵ стилде белгилɵɵнʏ кɵздɵп жатат. Буюрса, маараке жɵн гана ɵтпɵстɵн коомубузга, кыргыз тилинин ɵнʏгʏшʏнɵ зор салым кошот деп ишенип турабыз.

Айжылдыз Тойчиева