16 сентября, 2024

1-класстын ата-энелерине эскертме

Быйылкы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Билим берʏʏ министрлиги быйыл мектептерде 12 жылдык билим берʏʏ баскычы башталарын,6 жаштагы балдар нɵлʏнчʏ класска барышарын билдирди. Мектепке киргенде биринчи класстын окуучусуна жаңы шарттарга оңой кɵнʏʏгɵ жана 1-класстын программасын оңой кабыл алууга жардам бере турган белгилʏʏ бир талаптар коюлат. Мектепке чейинки билим берʏʏ программасы кɵбʏнчɵ мектепке даярдоону жеңилдетʏʏгɵ жана аны бала бакчанын шартында ишке ашырууга багытталган, бирок бул дайыма эле жетиштʏʏ боло бербейт. Ошон ʏчʏн кɵпчʏлʏк ата-энелер билинбеген каталарды кетирет. Эгер сиздин балаңыз быйыл мектеп босогосун аттайын деп турса, анда бул маалыматтар сиздер ʏчʏн.

 6 жашка чыккан балдар нɵлʏнчʏ класска барышы керек

Кыргызстанда 6 жашка чыккан балдар нɵлʏнчʏ класска барыш керектигин  Билим берʏʏ жана илим министрлиги ата-энелердин эсине салат. Бул балдар кийинки жылы дароо 2-класска отурат. Мындай программа буга чейин деле бар болчу, бирок айрым балдар бала бакчага да, мектепке да барчу эмес. Эми сентябрдан тарта алтыга чыккан балдар милдеттʏʏ тʏрдɵ нɵлʏнчʏ класска барышы керек болот. Нɵлʏнчʏ класстын милдетин азыр бала бакчада  даярдоо тайпалар аткарып жатат. Ал эми бакчага барбаган балдарды мектептердин базасында нɵлʏнчʏ класска алып баруу керек.

1-класска барганга чейин бала эмнелерди билʏʏсʏ керек, кɵңʏл буруңуздар!

Жалпы ɵнʏгʏʏ

Мектепке чейин бала тɵмɵнкʏдɵй жалпы маалыматты билиши керек:

* толук аты-жɵнʏн, фамилиясын жана атасынын атын;

* ʏй-бʏлɵнʏн жакын чɵйрɵсʏнʏн аты-жɵнʏн, апасы менен атасынын иштеген жери жана ʏй дареги боюнча айтканды билʏʏсʏ;

*ɵлкɵнʏн аталышы жана ɵзʏ жашаган жердин аталышын билгенди;

* жашылча-жемиштердин айырмасы, алар кайда ɵсɵт, эмнеге керектелет;

*жаныбарларды жана алардын балдарын туура атоо;

* бадалдардын жана бактар менен чɵптʏн айырмасын билʏʏ;

*канаттуулар, балыктар менен жаныбарлардын ортосундагы айырманы аңдоо;

* транспорт;

* негизги геометриялык фигуралар жана алардын кɵрʏнʏшʏ;

* мезгил, кʏндʏн убактысы, жуманын кʏндɵрʏ, аба ырайын билʏʏ ашыкча болбойт.

Маданият жана байланыш

Маданият жана баарлашуу байланыш процесси аркылуу ачылат. Бала тɵмɵнкʏлɵрдʏ билиши шарт:

* салам айтуу, коштошуу;

* эгерде ага жардам берилсе, анда ал ʏчʏн рахмат деп айтканды;

* сʏйлɵшʏʏдɵ, ɵзгɵчɵ суроо-талаптарды жасоодо сылык сɵздɵрдʏ колдонуу;

*ʏй ичинде, мектепте тынч сʏйлɵшʏʏ, кыйкырбоо жана сɵздʏ бɵлбɵɵ;

* улгайган адамдар менен баарлашууда тоскоолдук кылбай алар сʏйлɵп бʏткʏчɵ кʏткɵндʏ;

* таштанды таштабай, ыргытпай, тазалыкты сактаганды.

Моторика жɵндɵмдɵрʏ

Баланын колундагы кичинекей булчуңдар туура ɵнʏккɵнбʏ же жокпу, тʏшʏнʏʏ ʏчʏн ал жɵнɵкɵй манипуляцияларды канчалык туура аткарганына кɵңʏл буруу керек. Мисалы:

* жазуу жана чийʏʏчʏ буюмдарды туура кармаганды;

* сызгычсыз тʏз сызыкты тарта билʏʏ;

* жɵнɵкɵй фигураларды ʏлгʏ боюнча кɵрʏп тартуу;

* ɵз алдынча скульптура, аппликация жана кайчы менен кесʏʏ;

*контурдан чыкпастан сʏрɵттɵрдʏ жана тʏстɵрдʏ боёп бастыруу.

Сʏйлɵɵ ɵнʏгʏшʏ

Мектепте сɵздɵрдʏн жана тыбыштардын туура айтылышынан тышкары кептин ɵнʏгʏшʏ текшерилет. Баладан суралышы мʏмкʏн:

*рифмаларды айтуу, жомокторду кайталоо;

* сɵздɵрдʏ жана алардын тартибин ɵзгɵртпɵстɵн,  мугалимден кийин кыска сʏйлɵмдʏ кайталоо;

* сʏрɵттɵрдʏ кыска убакытка кɵргɵндɵн кийин сʏрɵттɵп бергенди билʏʏ, анын негизинде жɵнɵкɵй аңгеме тʏзʏʏнʏ ʏйрɵнɵт.

Окуу

1-класстын окуучусу мектепке чейин окуганды ʏйрɵнсɵ бир топ жеңил болот. Биринчи класска киргенде мектепке чейинки бала тɵмɵнкʏлɵрдʏ билиши керек:

* алфавиттеги каалаган тамганы таанып, аны сɵздʏн ичинен табуу;

* берилген тамгадан башталган бир нече сɵздɵрдʏ тандоо;

* жɵнɵкɵй сɵздʏ 2-3 муундан турса бɵлʏʏ;

* сʏйлɵм 4 сɵздɵн туруп, чоң тамгалар менен жазылса жана сɵздɵрдʏ айтуу кыйын болбосо, аны окуу.

Математика

Биринчи класстын окуучусу математика сабагынан тɵмɵнкʏлɵрдʏ билʏʏсʏ кажет:

* 10го чейин алдыга жана артка санаганды, катардагы жетишпеген санды тапканды;

*1-2 пункт ʏчʏн 10 чегинде кемитʏʏ жана кошуу. Мисалы, 5-2=3;

* объекттерди саны, узундугу, туурасы боюнча салыштыруу;

* геометриялык фигуралардын сʏрɵттɵрʏн жасап, аларды атайт;

* объекттердин тобун бирдей бɵлʏктɵргɵ бɵлʏʏ;

* объекттердин санын атап жана цифралык белгини табууну.

 1-класстын окуучусу эмнени билип, эмне жасай алышы керек?

1. * Ɵзʏ теңдʏʏлɵр жана чоңдор менен тил табыша билʏʏ;

* Жʏрʏм-турумдун негизги эрежелерин билʏʏ;

* Мугалимдин сɵзʏн угуп, тʏшʏнʏʏсʏ  керек.

2.  Суроолорго жооп берип, ɵзʏ тууралуу кыскача айтып берʏʏсʏ зарыл:

*Аты-жɵнʏн;

*ʏй дарегин;

*ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнʏн атын;

*Кандай оюн ойногонду жактырарын;

*Эмнеге кызыгарын.

3. Чоңдор айткан жɵнɵкɵй тапшырманы аткара алуусу зарыл.

 1-класстын окуучусунун таңы кандай болуш керек?

ʏй тапшырмасын аткаруу канчалык зарыл?

1. *Баланы эркелетип жагымдуу сɵздɵр менен ойготуңуз.

*Баланы тур эле тур деп шаштырбаңыз. Ал шашпай туруп жуунуп, тамактанып, кийингенге ʏлгʏрʏшʏ керек!

2. 1-класста балага биринчи кʏндɵн эле тапшырмаларды ʏйʏп салбоо кажет. Бʏгʏнкʏ ɵткɵн теманы ʏйдɵн кайталоо жана жазып бʏтпɵй калгандарды ʏйдɵн аткаруу менен гана тапшырмаларды баштоо керек. Биринчи класста эч кандай баа коюлбаарын эстен чыгарбаңыз — мугалим оң бааларды жакшы аткарган тапшырма ʏчʏн мактоо катары колдоно алат.

Майда, бирок маанилʏʏ

1.     *Балаңыздын мектеп окуучусу болушуна жана жакшы окуусуна кɵмɵктɵшʏңʏз.

*Балаңыз менен мектептеги эрежелерди жана нормаларды талкуулаңыз. Алардын зарылдыгын жана максатын тʏшʏндʏрʏңʏз.

*Баланын ката кетирʏʏгɵ укугу бар экенин унутпаңыз. Ката нормалдуу кɵрʏнʏш. Эч ким ката кетирбестен ʏйрɵнбɵйт.

2.     *Баланын даттанууларына: баш оорусуна, чарчоосуна, ден соолугунун начарлашына кɵңʏл буруңуз, балким, мектепке ыңгайлашуу толугу менен жакшы жʏрбɵй жаткандыр. Муну дарыгер психолог менен талкуулап койгон туура.

*Балдар жатар алдында жомок же ыр угуп, мээримдʏʏ сылап-сыйпоону жактырат, «сен эми чоңойдуң, мектепке бардың” деп жомок айтып бергенди эстен чыгарбагыла.

*Окуу кɵндʏмдɵрʏн ɵздɵштʏрʏʏнʏн баштапкы этабында пайда болгон кыйынчылыктарды этибарга алып, балага жардам бергиле.

3.  *Мугалимден же мектеп администрациясынан, балким психологдон баланы 1-класска калыптандыруу боюнча кеңеш алуудан тартынбаңыз.

*Биринчи класстын окуучусунун мугалими тууралуу пикирин сыйлаганды билиңиз. Мугалимдик оор жана жооптуу иш.

*Мектепке кирʏʏ баланын жашоосун олуттуу тʏрдɵ ɵзгɵртɵт, бирок бул аны кубанычтан жана кадимки жашоосунан ажыратпаш керек. “Ойнобо, сыртка чыкпа, оку,тапшырма аткар” деп жемелей берген одоно ката.

*Окуу менен катар окуучуда сʏйʏктʏʏ иштери менен алектенʏʏгɵ бош убактысы болушу керек.

*Окуучунун окууга жетишʏʏ ʏчʏн ар тараптан ата-эненин кɵмɵгʏ зарыл. Кичинекей жетишкендиги болсо мактоодон качпаңыз, кемчилигин  дароо баса белгилеп урушпаңыз.

Сумкасын чогуу салыштырыңыз

Балага  мектеп – билим, тарбия берип, келечегин тʏзɵрʏн тʏшʏндʏрʏп, кечинде сумкасын чогуу салыштырыңыз.

• Китеп, дептер, калем, кайчы, альбомдорун ирети менен салыштырганды ʏйрɵтʏңʏз.

• Кээде бала кичинекей жакшы кɵргɵн буюмун сумкасына салып баргысы келет. Бул учурда тыюу салбай, макул болуп, бирок сабак учурунда ойноо туура эмес экенин айтып тʏшʏндʏрʏʏ жетиштʏʏ.

•  Сумка алып берерде балага ылайыктуу, ɵтɵ чоң да эмес, баланын жашына карап тандаган туура. Керектʏʏ китеп, дептерди гана салып, бала ɵз алдынча кɵтɵрɵ ала тургандай болуусу кажет.