16 сентября, 2024

Баланы канча жаштан сʏннɵткɵ отургузуу керек?

Эркек балдардын ден соолугуна кичинесинен кам кɵрʏʏ маанилʏʏ. Ошондой эле сʏннɵткɵ отургузууну да оңой нерсе катары кароого болбойт. Ал операция катары эсептелет. Сʏннɵткɵ отургузуу темасы боюнча ата-энелерден келген бир нече суроого урологдон жооп алып берʏʏгɵ аракет кылабыз.

Дастанбек Оморов, медицина илимдеринин кандидаты, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын урология бɵлʏмʏнʏн башчысы. Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы уролог.

Ата-эне: -Кичʏʏ уулум эки жашта, агасы менен чогуу отургузуп коёлу дегенбиз, эки жашта кичинелик кылбайбы?

-Алгач сʏннɵткɵ отургузуу тууралуу тʏшʏндʏрмɵ бере кетейин. Бизде диний кɵз караштан алганда баланы отургузууну милдет катары кабыл алганбыз. Сʏннɵткɵ отургузуу медицинада деле туура нерсе. Аны илимий тил менен циркумцизия деп коёт. Циркумцизиянын жакшы жагы баланын жыныс мʏчɵсʏндɵгʏ тʏтʏктʏн толуп калуусунан, фимоз, парафимоз сыяктуу сезгенʏʏлɵрдʏ алдын алат. Жашына келе турган болсок 3 жаштан 7 жашка чейинки куракта отургузган туура. 3 жашка чейин же тɵрɵлгɵндɵ эле отургузуп койгон фактылар жок эмес, бар. Тɵрɵлгɵндɵ отургузуп койгон кɵбʏнчɵ араб ɵлкɵлɵрʏндɵ, диний тʏшʏнʏк басымдуу болгон жерлерде эртерээк мусулман кылуу ʏчʏн жасалган аракеттердин бири. Андай кылса деле болот, бирок баланын жыныстык мʏчɵсʏндɵ, заара чыкчу каналда кемтиктер пайда болушу мʏмкʏн. Ошондуктан врачтар да 3 жашка чейин отургузбаганга аракет кылабыз. Бала ɵсʏп, чоңоюш керек анан ден соолугуна карап кɵрʏп  отургузса деле болот.

Ата-эне: -Отургузганга чейин баланын жалпы абалын медициналык кароодон ɵткɵрʏʏ зарылдыгы барбы?

-Бизде балдарды отургузууну оңой эле кɵрʏшɵт. Баланы отургузганга чейин анализдерин текшертип, циркумизацияга кɵрсɵтмɵ барбы же жокпу аныктап алган жакшы. Ошондой эле жаш ата-энелерге айтарым баланын жыныстык мʏчɵсʏнʏн башын тʏрʏп ачып туруу керек. Ал жерде май бези менен тʏлɵгɵн териден пайда болгон катуураак ак тʏстɵгʏ спегма топтолгон жерлер сезгенип, отургузгандан кийин калыбына келиши кечирээк болот.

Ата-эне: -Балдарды отургузарда кайсы врачка  кайрылганыбыз оң, травматолог, уролог же хирурггабы?

-Негизи медициналык билими жок адам отургузганга болбойт. Илгери айылда бала отургузгандарды уста деп коюшчу, азыр медицина ɵнʏктʏ, адистер кɵбɵйдʏ менимче усталарга отургузуунун зарылдыгы жок. Азыр бардык эле хирург циркумцизия операциясын жасап кое бериши мʏмкʏн. Бул муктаждык мурда урологдор аз болгон ʏчʏн келип чыккан. Ата-энелерге кеңешим урологдорго, балдар уролог-андрологдоруна кайрылганы оң.

Ата-эне: -Лазердин жардамында отургузган кооптуу деп жатышат, кандай ыкманы сунуштайсыз?

-Лазер десе таш талкалаган лазер деп ойлобоңуздар. Андай лазер менен отургузулбайт. Медицинада электр бычагы менен кесилет, аны жɵнɵкɵй эл лазер деп тʏшʏнʏп алган. Электр бычагы менен отургузуунун ɵзгɵчɵлʏгʏ жарат канабайт, бат айыгат, кɵп тигилбейт. Айырмасы ушунда гана. Ал эми электр бычагы деле кадимки медициналык бычак деле окшош фунцкияны аткарат. 

Ата-эне: -Уулум 5 жашта, жыныс мʏчɵсʏ ɵтɵ кичинекей. Отургузгандан коркуп жʏрɵбʏз, кимден кеңеш алсак болот?

-Балдар урологуна, андрологго кайрылыңыз. Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда атайы кабинет ачылып, биздин кесиптешибиз ошол жерде окуп, иштеп жатат. Андролог, эндокринолог, уролог адистигинин ээлери карашат. Эгер Бишкекке бара албаса урологго келип кɵрсɵтсɵ болот.

Ата-эне: -Отургузганда бала психикалык травма алуусу мʏмкʏнбʏ?

-Мʏмкʏн. Ошондуктан отургузарда коркутпай, балдарын психологиялык жактан даярдап келиш керек. Коркпогон балдар ɵздɵрʏн да, бизди да кыйнабай бат эле кестирип кетишет. Кээде эрке балдар болот ыйлайт, коркот. Ак халатчандарды кɵргɵндɵ корккон балдар операция бɵлмɵсʏнɵ кире электе эле билинет. Аларды балдар ооруканасына алып барып 5-10 мʏнɵт уктатуучу наркоз менен отургузуу зарыл. Ыйлап, корккон балдарды урушуп, колу-бутун кармап операция кылдырганда психологиялык травма алат.

Ата-эне: -Сʏннɵткɵ отургузгандан кийин балам заара кылбай коркуп атат, мындай  учурда эмне кылса болот?

-Бардык бала отургузгандан кийин биринчи заара кылуудан коркушат. Ата-энелер алдап, заара кылуусуна жардам беришсин. Ал жерде заара каналы, мʏчɵнʏн баш жагы эч нерсе болбойт, болгону сыртындагы тери эти гана алынат. Заара кыла бергендин эч коркунучу жок.

Ата-эне: -Баланы так жашта же кыш чилде ысык болот, чилдеде отургузгула деген туурабы?

-Жок,  ал тʏшʏнʏк туура эмес. Кокус 3 жаштан 7 жашка чейин кайсы мезгил болбосун балада фимоз болсо отургузууга туура келет. Фимоздо заара кыла албай, жыныс мʏчɵсʏ шишийт. Ошондуктан балага, ʏй-бʏлɵнʏн шартына ыңгайлуу мезгилдерде отургуза берсе болот.

Ата-эне: -Канча кʏндɵ толук айыгат?

-Негизи 3-5 кʏн аралыгында айыгат. Толук айыгып кеткенге чейин врач сунуштаган маздарды сʏртʏп, дарыларын берип туруу керек.

Айжылдыз Тойчиева