16 сентября, 2024

Кыргызстанда арихив кызматынын тʏзʏлгɵнʏнɵ 98 жыл

Тарыхы болбой эл болбойт дейт. Тарыхын, тилин, каада-салтын жоготкон эл ɵзʏнʏн “эл” деген улуу касиетинен ажырап,башка элдерге сиңип, жок болот. Элдин эл экенин даңазалап турган тарыхын сактап, ата бабалардын бай мурасын бʏгʏнкʏ кʏнгɵ жеткирип, келечек муунга татыктуу ɵткɵрʏп берʏʏ аракетинде талыкпай иш алып барып жаткан тармак – Кыргыз Республикасынын архив кызматы. Азыркы кʏндɵ КРнын Министрлер кабинетинини Санариптик ɵнʏктʏрʏʏ министрлигинин алдындагы Архив кызматы деп аталып, иш алып барууда.

Талыкпаган эмгекти талап кылган жоопкерчиликтʏʏ кызмат

Бул кызматтын мааниси ɵтɵ жогору экендиги талашсыз. Мамлекеттик маанидеги тарыхый, уникалдуу архивдик тʏрдʏʏ материалды мурастагандан тышкары ɵлкɵбʏздʏн ар бир жаранынын басып ɵткɵн жолу, анын кылган кызматы архивде калат. Архив иши тарыхый мурастарды кɵздʏн карегиндей сактап, кыраакылыкты жана чыдамкайлыкты, талыкпаган эмгекти талап кылган ɵтɵ жоопкерчилитʏʏ кызмат.Мындай  жооптуу иштерди аткарган архив кызматкерлери талыкпай эмгектенип келишет. Мына ушундай маанилʏʏ тармактын алгачкы пайдубалы тʏптɵлʏп, ɵнʏгʏʏ жолуна тʏшʏп, ар тармакты камтыган архивдик материалдарды, баалуу мурастарды сактап келе жатканына 98 жыл толду.

Тарых сакталат

Республикабызда архивдердин ɵзɵгʏн тʏзгɵн Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви, Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви, Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви, ошондой эле облустук жана шаардык, райондук архивдердин тʏзʏлʏʏ жана ɵнʏгʏʏ жолун ɵз ичине камтыды. Ошондой эле  бул тармактагы эл аралык алакалар, акыркы жылдардагы аткарылган иштер, алдыдагы иш пландар, тармакта эмгектенип, бир катар ийгиликтерге жетишкен архив кызматкерлери, архив кызматынын ишмердʏʏлʏгʏн чагылдырган ар кандай темадагы макалалар жана архив кызматын жетектеп келген инсандар тууралуу баяндамалар жарык кɵрдʏ.

1926-жылдын  30-августунда  Кара-Кыргыз автономдуу облусунун Аткаруу комитетинин  “Кара-Кыргыз Автономдуу облусунда архив ишин уюштуруу жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун аймагындагы мекемелердин архивдик материалдарын жɵнгɵ салуу жɵнʏндɵ” токтому чыккан. Мамлекетибиз эгемендик алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 1993-жылы 26-октябрындагы  №519 токтомуна ылайык, 30-август коомчулук тарабынан Кыргызстандын архивчилеринин кесиптик кʏнʏ катары белгиленип келе жатат. Архив кызматы тʏзʏлгɵндɵн бери ар тʏрдʏʏ тʏзʏмдʏк ɵзгɵрʏʏлɵргɵ дуушар болду.

1926-жылы Кыргыз Автономдуу облусунун Аткаруу комитетине караштуу Архив бюросу уюштурулган. Анда болгону эки адам эмгектенген.1927-жылы Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетине караштуу Борбордук архив башкармалыгы болуп тʏзʏлгɵн. 1931-37-жылдар аралыгында облустук, шаардык, райондук архивдер уюшулуп, архив мекемелеринин саны 45 ке жеткен.

Аталышы улам ɵзгɵрʏп…

1938-жылдын 10-сентябрынан тартып Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун токтомуна ылайык Борбордук архив башкармалыгы Кыргыз ССР НКВДсынын карамагына ɵткɵрʏлʏп, башка архив мекемелери НКВДынын жергиликтʏʏ органдарына баш ийген.1960-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу архив бɵлʏмʏ болуп кайра тʏзʏлгɵн. Мамлекетибиз эгемен алган 1991-жылга  чейин мамлекеттик архивдер административдик жактан Кыргыз ССР  Министрлер Советинин функциясы боюнча СССР Министрлер Советине караштуу Башкы архив башкармалыгынын кɵзɵмɵлʏндɵ болгон. 1991-жылы КРнын Министрлер кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгы, 1992-жылы КР Ɵкмɵтʏнɵ караштуу мамлекеттик архив агенттиги, 1998-жылы Билим, илим жана маданият министрлигине караштуу Архив иши боюнча департамент, 2001-жылы ошол эле министрликке караштуу Архив иши боюнча башкармалык, 2003-жылы Кыргыз Ɵкмɵтʏнɵ караштуу Архив агенттиги деп аталган. 2009-жылы Кыргыз Ɵкмɵтʏнɵ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы  архив агенттиги болуп тʏзʏлгɵн. 2021-жылдан бери КРнын Санариптик ɵнʏктʏрʏʏ министрлигине караштуу Архив кызматы болуп тʏзʏлʏп, азыркы кʏндɵ ушул макамда иштеп жатат.

Аталыштары улам ɵзгɵргɵнʏ менен негизги милдети — элибиздин тарыхы болгон архивдик материалдарды чогултуп, аларды сапаттуу сактап, кɵɵнɵрбɵс мурас катары келечек муундарга кɵздʏн карегиндей сактап ɵткɵрʏп берʏʏ милдети ɵзгɵрʏʏсʏз кала берет.

Архив мекемелери маданий, илимий, социалдык, билим берʏʏ тармактары менен эриш-аркак иш жʏргʏзсɵ да ɵз милдети мамлекетибиздин жашоо ыргагында пайда болгон бардык документтерди менчиктин тʏрʏнɵ карабастан чогултуп, алардын ичинен тарыхый, практикалык баалуулукка ээ болгон документтерин иретке келтирип, сактоого алуу, ошол документтерди пайдаланууга шарт тʏзʏʏ жана мамлекетибиздеги бардык ишкана, мекеме, уюмдардын документтер менен иш жʏргʏзʏʏсʏн кɵзɵмɵлдɵɵ жана усулдук жардам кɵрсɵтʏʏ.

Архив мекемелеринде 4.5 миллиондон ашуун документтер сакталууда

Архив кызматына 3 борбордук архив, Бишкек шардык жана 7 облустук архив, 53 район, шаардык архивдер кирет. Архив мекемелеринде 700дɵн ашык кызматкер эмгектенет. Архив мекемелеринде 4.5 миллиондон ашуун сактоо бирдигиндеги документтер сакталып, алардын 1000ге жакыны сʏрɵт, кино, аваз документтер тʏзɵт.

Кыргызстандын 19-кылымдын экинчи жарымынан бери кагазга, сʏрɵткɵ, киного тʏшʏрʏлгɵн документтер биздин ɵлкɵнʏн чыныгы тарыхын чагылдырат. Алардын арасында кʏн тийбеген жерде сакталуу баалуу жана уникалдуу документтер бар. Кандай учур болбосун архив кызматы ɵз ишин так жана туура алып барып, канчалаган жарандардын суроо-талаптарын аткарып келет.

Ош региондук башкармалыгынын  архив ишинин ɵнʏгʏшʏ тууралуу

• Бардык архив мекемелеринде мамлекеттик сактоого алынган документтердин сакталуусун камсыз кылууга багытталган иштер аткарылды. Кагаз тʏрʏндɵгʏ 3524 сакталуу бирдиктеги документ реставрацияланды. 178 баракта ɵчʏп бара жаткан тексттер калыбына келтирилди.

• Документтердин тʏгɵлдʏгʏн жана   абалын    текшерʏʏ иштери боюнча 11401 сактоо бирдигине тактоо иштери жʏргʏзʏлдʏ.

• Документтерди картондоо боюнча 5591 сактоо бирдигин картон кутучага салуу иштери аткарылды.

• Сакталуудагы документтердин курамын оптималдаштыруу максатында   ɵздʏк курам боюнча 3826 сактоо бирдигине экспертиза жʏргʏзʏлʏп, анын ичинен 2984 сактоо бирдигине акт тʏзʏлʏп, макулатурага чыгарылды.

• Документтердин сапаттуу сакталуусун камсыз кылуу максатында температура, нымдуулук, чаңдан тазалоо, архив мекемелеринде ай сайын санитардык кʏндɵр ɵткɵрʏлʏп, дезинфекциялоо иштери жасалды.

• Архив документтери сакталуучу жайларда  ɵрткɵ каршы коопсуздугу жана техникалык коопсуздук  эрежелерин сактоо боюнча кɵзɵмɵл иштери  жʏргʏзʏлдʏ.

• 49 мекеменин 1997-2020-жылдардагы 3489 сактоо бирдигиндеги туруктуу сакталуучу документтери кабыл алынды. Документтердин пландан ашыкча мамлекеттик сактоого кабыл алуунун себеби айыл ɵкмɵттɵрдʏн кошулуп, ирилештирʏʏнʏн негизинде 2020-жылга чейинки туруктуу сакталуучу документтерин иштеп, мамлекеттик сактоого кабыл алдык. 

• Мекеме-уюмдардын документтерин илимий-техникалык иштетʏʏ (бекитилген  мамлекеттик  кызмат кɵрсɵтʏʏлɵрдʏн бирдиктʏʏ реестри (тизмеги), 8-бап, 13-пункту боюнча-документтерди мамлекеттик сактоого тапшыруу ʏчʏн даярдоо)  боюнча  акы алып  мамлекеттик кызмат кɵрсɵтʏʏ жагы  талапка ылайык,   ɵзгɵчɵ сапаттык  жана  кʏчʏндɵ турган   баа ченемдерди туура колдонуу жагы  кɵзɵмɵлгɵ алынып, 3732 туруктуу сакталуучу, ɵздʏк курам боюнча 142 сактоо бирдиги архив кызматкерлери тарабынан иштелип, ЭТУКнун кароосунан ɵткɵрʏлдʏ. Ɵздʏк курам боюнча документтери иштелип, ведомстволук архивдерине калтырылды.

• Уюмдарда иреттелген документтердин тизими  боюнча 426 с.б. туруктуу сакталуучу документтер, ɵздʏк курам боюнча 192 сактоо бирдиги иреттелип, ЭТУКнн кароосунан ɵткɵрʏлдʏ.

• Ош региондук башкармалыгы КРнын УАФ жɵнʏндɵгʏ мыйзамына ылайык жана Министрлер кабинетинин токтомдорунун негизинде топтоо булактарында катталууда турган мекеме-уюмдардын иш кагаздарын жʏргʏзʏʏ жана архив иштерин алып баруу ишмердигине уюштуруу-усулдук жактан жардам кɵрсɵтʏʏнʏн жана кɵзɵмɵлдʏк функцияларын улантуу менен иш алып барылды.

• Архив иши жана иш кагаздарын жʏргʏзʏʏ боюнча окуу семинарлар жыл башынан бери тынымсыз ɵткɵрʏлʏʏдɵ.

• Уюмдарды текшерʏʏ боюнча: пландын негизинде кɵйгɵйлʏʏ мекеме-уюмдарга текшерʏʏ иштери жʏргʏзʏлʏп, жеринде усулдук жардамдар кɵрсɵтʏлдʏ.

Ош региону боюнча 65 мекемеге текшерʏʏ иштери жʏргʏзʏлʏп жыйынтыгында  кɵрсɵтʏлгɵн кемчилдиктер жоюлуп, маалымкаттар жазылды. Инспектордук текшерʏʏлɵр жʏргʏзʏлʏп, айрым мекемелерге айып пул салынып, тɵлɵндʏ.

• 15429 социалдык-укуктук багыттагы суроо- талаптар келип тʏшʏп, 15555 маалымкат берилди.

•  Электрондук кɵчʏрмɵ аппараты менен иштɵɵдɵ №1 фонду боюнча 247 сактоо бирдигинин 58494 барагы  санариптештирилди.

“Архивдик фонд-5” программалык комплексин жʏргʏзʏʏдɵгʏ иштери Ош региону боюнча аягына чыгып, 479  фонд программага киргизилди.

 Архив кызматынын  Ош региондук башкармалыгынын  башчысынын  орун  басары Нургазы Алимбаев