16 сентября, 2024

Жайлоо бизнеси: кымбат курут, май сырлары

Каражат алып келʏʏчʏ кирешенин булагы бизнес болуп саналат эмеспи. Бул эрежеге таянып карасак жеке ишкерлердин саны арбып келе жаткандай. Шаарда гана эмес, алыскы айылдарда дагы бизнестин тʏрʏн жасап келе жаткандар жок эмес. Жайлоо бизнеси тууралуу сɵз кылабыз. Тагыраагы, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кɵк-Арт айылынын тургуну Турганбаева Хализа. Учурда курут, май жана кымыз менен бизнес кылып келет.

Турганбаева Хализа:

“Курут бизнесин баштаганыма 17 жыл болду”

-Курут бизнесин баштоомо себеп болгон нерсе, чигит (майда) курут болгон. Алгач магазинден кɵрʏп калып кызыгып сурап калдым. Ɵзʏ майда болгону менен баасы кымбат болорун билип, жасап кɵрʏʏгɵ кызыга баштадым. Жакшы пайда берчʏ жагын ойлоп, кантип жасоону, кантип баштоону пландадым. Ойлогон оюм ишке ашып, жумушумду алгач курут тоголоктоодон баштагам. Алгач курут бизнесин баштаганымда куруттун баасы жакшы болгону менен, азыркы мезгилге салыштырмалуу ал кездеги кирешебиз, кʏнʏмдʏк тиричилигибизге гана жетчʏ. Азыр кудайга шʏгʏр, элден артта калбай кʏнʏбʏздʏ кɵрʏп келе жатабыз. Жасаган куруттарыбыз дагы мурункудан кымбаттап калды. Мээнетибиз жакшы эле акталып жатат десем болот. Бирок ошентсе дагы майда иштин тʏйшʏгʏ кɵп болот эмеспи, анын сыңарындай майда курут жасоонун дагы тʏйшʏгʏ абдан оор. Эртеден кечке сарайдын башында курут тоголоктоп отурчу элем. Эрте бʏтʏрʏʏ ʏчʏн бир эле учурда 2-3 тɵн тоголокточумун. Убактымдын баары курут тоголоктоого кетчʏ. Жада калса кʏндʏн чыгып- батканын да байкабай калчумун.

“Быйыл 2 тонна курут жасадым”

-Алайкууда сʏзмɵнʏн сезону май айынын жыйырмасынан тартып, июлдун онуна чейин жакшы болот. Быйылкы сезондо 2 тонна курут жасадым. 1 жарым айдын ичинде сʏзмɵнʏ алып, андан курут тоголоктоп, аны кайра саттым. Тактап айтканда, 2 тонна курут жасадым. Мындан жакшы эле пайда кɵрдʏм десем болот. Чыгаша-кирешеси менен бирге 1 жарым ай ичинде сʏзмɵдɵн эле 600 миң сом пайда кɵрдʏм. Ал эми сентябрь, октябрь ичи даяр курутту алып баштаймын. Бул учурда курутту сатпай кышкыга сактап коём. Анткени кышында куруттун баасы кɵтɵрʏлʏп, бир аз болсо дагы жакшы киреше алып келет.

 “Куруттарды сорттоп алабыз”

-Курутту алаарда майдасын ɵзʏнчɵ, чоңун ɵзʏнчɵ, сыныгын ɵзʏнчɵ кылып сорттоп аламын. Сынык курут менен кɵбʏрɵɵк сентябрь, октябрь, ноябрь ичи алышабыз. Негизи куруттун килограммы кымбат, бирок сынык курут болсо ал арзанга тʏшʏп калат. Биз аны арзаныраак алып, тегирменге кайра башынан майдалатып анан тоголоктойбуз. Мээнети кʏч болгону менен, даяр курутка салыштырмалуу кɵбʏрɵɵк актайт. Сынык куруттун жакшы жагы салмагын жоготпогондугу.

“Басылган кымыздар кышында кымбат болот”

-Кымызды июнь, июль ичи алып баштайым. Кайра эле ошол учурда сатып дагы ʏлгʏрɵм. Себеби бул убакта кымызды кɵпкɵ сактаганга болбойт. Кымызды сактоо сезону август айынан башталат. Бул учурда кымыз азайып баштайт. Себеби чɵптɵр катып, жылкылардын сʏтʏ дагы азаят. Дыйкандар кʏнʏнɵ 30 литр кымыз ала турган болсо, бул айда кʏнʏнɵ 10 литрден кымыз алып калат. Кымыз азайган сайын баасы дагы жогорулай берет. Кымыздарды сактоо ʏчʏн атайы таза желим бɵтɵлкɵлɵрдʏ шаардан сатып алып келебиз. Бɵтɵлкɵлɵргɵ кымыздарды топтоп, кышкыга бир температурадагы салкын жерге басып коёбуз. Бул учурда кымыз даамын жана сапатын жоготпой турат. Басылган кымыздын бирден бир жакшы жагы кыш мезгилинде сатсаң кымбат болот. Кышта кымыздын литри 250 дɵн 270 ке чейин кɵтɵрʏлɵт. Эгерде кымызга заказ  тʏшʏп, кардар чыгып калса сатып коё беребиз.

Сары майдын сезону жана анын тʏрлɵрʏ

Кыргызда “Сары май жакшылыктын тамагы” дейт эмеспи. Анын сыңарындай сары майды биздин элибиз абдан баалашат. Себеби анын пайдалуу жактары кɵп. Ошого жараша сары майдын баасы да кымбат болот. Албетте, мээнетке жана пайдалуу жагына салыштырганда. Бизде сары майды жасоо сезону жай мезгилинде болот. Элдин баары жайлоого чыгып, уйларынын сʏтʏнɵ жараша жок дегенде 2-3 чакадан май жасап тʏшʏшɵт. Сары майды кɵбʏнчɵ карынга куюп сакташат. Анткени бир чети даамдуу болсо, бир чети сапатын эч убакта жоготпой турат. Муну “карын май” деп атайбыз. Ал эми муздак температурада катылбаган сары майды “вазелин май” деп атайбыз. 

“Бизнесте банкрот болбой коюуга мʏмкʏн эмес”

-Адамдын башынан ɵткɵн кыйын учурлар эч качан унутулбайт болуш керек. Бирок ошентсе дагы ал учур сага тажрыйба, кʏчтʏʏлʏктʏ жана эрктʏʏлʏктʏ тартуулайт экен. Сен кандай иш жасаба сɵзсʏз тʏрдɵ анын агы менен карасын бирдей кɵрɵсʏң. Бир бизнести баштасаң баары эле сен ойлогондой жакшы болуп кетпɵɵсʏнɵ кɵзʏм жетти. Анын оорчулугу, кыйынчылыгы дагы келет экен. Бирок биз кандай кыйынчылык болбосун сынып калбай, алдыга кадамыбызды токтотпообуз абзел. Менде дагы мындай учурлар болбой койгон эмес. Ал кезде жаштыгым да болсо керек балким…

Айылдан атайы бизнес баштап кɵрʏʏ ʏчʏн шаарга келген элем. Каражат аздыгына байланыштуу мини кредит алдым. Шаардын четинен квартира таап чыктым. Ал жерден атайын сʏт сата тургандар менен келишип, алардан сʏт алып ɵз ишкерлигимди баштамак болдум. Сʏт тартып айран, каймак, сʏзмɵ кылуу ʏчʏн электр тогу менен иштеген сʏт машинасынан экини алган элем. Мага алып келип беришкен сʏттɵрдʏн баарын тʏнкʏ саат 3 кɵ чейин тартып, анан айранын уютуп коюп жатчумун. Мен ʏчʏн мээнети аябай оор иш болгон. Ошончо мээнетим кетсе дагы кылган ишим эч окшободу. Тарткан сʏтʏмдʏн каймагы каймакка окшобойт, суюк болуп калат, сʏзмɵм дагы суу эле болуп калып жатты. Кɵрсɵ, мага сʏт алып келгендер сʏткɵ суу кошуп алып келип жатышыптыр. Ошентип актабай калган бизнесимди таштап, шаардын орто жагына келип мычкыма курут жасап баштадым. Менин оюмда жок дегенде ушул жагынан актап, кредитимди тɵлɵшʏм керек деген нерсе болду. Ошентип мычкыма курут менен кредитимдин жарымын зорго жапканмын. Бул да болсо мен ʏчʏн чоң сабак болду. Эмне албайын текшерип, жакшылап карап алганга ʏйрɵндʏм.           

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы