16 сентября, 2024

“Жашыл мурас” демилгеси: Ошту жашыл шаарга айлантуу максатыбыз

Президентибиз Садыр Жапаров туруктуу ɵнʏктʏрʏʏнʏн эл аралык жылынын, Тоо экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында Кыргызстан боюнча “Жашыл мурас” Улуттук кампаниясын баштаган. Мамлекет башчысынын демилгеси менен ишке кирген “Жашыл мурас” Улуттук кампаниясы республикабыздын ар бир аймагында ишке ашырылып, жыл сайын ɵткɵрʏлʏʏчʏ салтка айланып бара жаткан масштабдуу экологиялык акцияга айланган. Бул демилгени колдоо максатында атайы Ош шаарында делегаттар биригип топ тʏзʏшкɵн. Кыргызстан элдик 2-курултайынын демилгелʏʏ тобунун тɵрагасы Шерали Ураимов акциянын максаты менен бɵлʏштʏ.

Экологиянын маанилʏʏлʏгʏн арттыруу

-Биз атайы Ош шаарында делегаттар чогулуп, ажонун демилгесин колдоп, чогулуш ɵткɵрʏп демилгелʏʏ топ тʏзгɵнбʏз. “Жашыл мурас” акциясын колдоодогу демилгелʏʏ топтун негизги максаты — Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу. Экологиянын маанилʏʏлʏгʏн арттыруу. Биз экинчи элдик курултайдын делегаттары, демилгелʏʏ мʏчɵлɵрʏ “Жашыл мурас” демилгесин колдоп, шаарыбызды жашыл, экологиялык таза жана кооз болуусуна ɵз салымыбызды кошолу деп чечтик. Ɵлкɵбʏздʏн социалдык-экономикалык ɵнʏгʏʏсʏндɵ шаарыбыздын кɵркʏ ɵзгɵрʏлʏп, кереметтʏʏ шаарга айланып баруусун каалайбыз.

“Агрономдук талаптарга жооп берген кɵчɵттɵрдʏ эксек…”

-Биз демилгелʏʏ топ менен “Жашыл мурас” акциясын колдоо боюнча шаардагы Абдуманап Мамыровдун, Токтабай Атабаевдин атын алып жʏргɵн дагы башка бардык кɵчɵлɵргɵ кɵчɵт отургузулуп жашыл шаарга айлануусун сунуштадык. Азыркы учурда мэриянын кызматкерлери менен делегаттар биргеликте иш алып барып жатабыз. Ошол эле Атабаев кɵчɵсʏнɵ ɵзʏбʏздʏн эсебибизден кɵчɵт отургузуу ʏчʏн мэриягы сунуш киргиздик. Андан сырткары ар бир кɵчɵгɵ, тротуарларга агрономдук талаптарга жооп берген кɵчɵттɵрдʏ эгип, шаарыбызды жашыл шаарга айландырсак деген планыбыз бар.

“Ɵлкɵбʏздʏн келечекке кадамы чоң”

-Биздин президентибиз Садыр Жапаров “Жашыл мурас” демилгесин жɵндɵн жɵн кɵтɵрбɵдʏ да. Эгер биз ɵлкɵнʏн ар бир жараны жашаган жерибиз айыл ɵкмɵт болобу, район, шаарбы, айтор, бул демилгени колдосок ɵлкɵбʏз биз ойлогондон да эки эсе артык болор эле. Бирок ɵлкɵбʏз ɵнʏгʏʏ жолуна тʏшкɵндɵй. 30 жыл мурун эле ойрон болуп, элдин мʏдɵɵсʏ ишке ашпай келе жатпады беле. Азыр карасак баары ɵзгɵргɵн. Ɵлкɵбʏздʏн келечекке кадамы чоң.

“Атадан балага, бизден келечекке кала турган мурас”

-Чындыгын алып караганда “Жашыл мурас” демилгеси атадан балага, бизден келечекке кала турган мурас. Шаардын гана келечеги эмес, керек болсо биздин мактана турган алдыңкы байлыгыбыз болот деген ишеничтемин.  Бизге канча мамлекеттен туристтер келип жатышат. Аларга биринчи эле кɵрʏнɵ турган бул биздин экологиябыз. Кыргызстаныбыз жашыл шаар болуп турса, ага башкалар суктанып карашса кандай сонун.

Кечээ жакында эле селдин апаатына кʏбɵ болдук. Канчалаган дарактарды сел алып кетти. Айрыкча Ак-Буура дарыясынын быт-чытын чыгарды. Ак- Буура дарыясынын кайра калыбына келтирʏʏ, жээгине кɵчɵттɵрдʏ олтургузуп жашылдандыруу зарыл.

Ар бир мекеме, уюмдардын алдында дарактар ɵсʏп, жашыл болуп турса кандай сонун. Тилекке каршы, бизде мындай болбой жатат. Ушул сыяктуу кɵйгɵйлɵргɵ олуттуу карашыбыз керек.