6 июля, 2025

Улан Жалиев, сʏрɵтчʏ:  “Айрым сʏрɵттɵр бʏтпɵгɵнсʏп тура берет”

Сʏрɵт тартуу адамдагы ɵзгɵчɵ жɵндɵмдɵрдʏн бири. Сʏрɵтчʏлɵр табиятты, жашоо-турмушту, коомдогу ар бир окуяны жан дʏйнɵсʏ менен туя билип, калем аркылуу кагазга чагылдырышат. Биз бул жолу кыргыз эл сʏрɵтчʏсʏ Баатыр Жалиевдин уулу, белгилʏʏ сʏрɵтчʏ Улан Жалиевдин ɵнɵрканасында болдук. Агайдын эмгектери менен таанышып, ɵмʏр жолу жана азыркы искусство, сʏрɵт дʏйнɵсʏнʏн абалы жɵнʏндɵ кеп курдук.

-Агай, бала чагыңыз ɵткɵн айыл, сʏрɵтчʏлʏккɵ болгон алгачкы аракеттериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

-Ɵзʏм 1962-жылы 29-декабрда Бишкек шаарында тɵрɵлгɵм. Ал кезде ата-энем студент болгондуктан окуусун да окуп, мени да карап кыйналышканбы, айтор чоң энем ʏч айлык кезимде Кара-Суунун  Каратай айылына алып келе берген экен. Ошентип бала чагым Каратай айылында ɵттʏ. 7-класска чейин айылдагы мектептен билим алдым. Манас айтканды, музыка укканды, ырдаганды абдан жакшы кɵрчʏмʏн. Комуз ойногонду ʏйрɵнʏп, аккордеонду эми ʏйрɵнɵ баштаганда атам айылга келип, “музыкант болосуңбу же сʏрɵтчʏ болосуңбу” деп сурап калды. Ойлонуп-ойлонуп музыкалык бир-эки аспапты ʏйрɵнʏп алгам, сʏрɵтчʏ боло берейин деп сʏрɵтчʏлʏктʏ тандадым. Ал кезде атам Ошто иштейт эле. Ошентип 7-8-класстарды Оштогу Ю.Гагарин атындагы мектебинде окуп, атам эки жыл сʏрɵтчʏлʏккɵ даярдап, 1978-жылы Бишкектеги С.Чуйков атындагы кɵркɵм сʏрɵт окуу жайына кабыл алындым. Бул кесипти тандап калуума кыргыз эл сʏрɵтчʏсʏ, атам Баатыр Жалиевдин салымы чоң.

-Автопортретиңизди биринчи жолу качан тарткансыз?

-Бишкекте окуп жʏргɵн кезде бир кʏнʏ сабакка кечигип уктап калыпмын. Шашылып туруп даярдана баштадым. Кʏзгʏгɵ карай калсам чачым ɵсʏп кетиптир. Ошол учурда кокустан автопортретти тартуу оюма келип кетти. Сабакка да барбай койдум. Кʏзгʏнʏн алдына отуруп, кагаз, боёкторуму алып автопортретимди тарткан элем.

-Учурда сʏрɵт, искусство тармагына кандай кɵңʏл бурулуп жатат?

-Ɵтɵ жакшы деп айтуу кыйын. Союз убагында анын курамына кирген ɵлкɵлɵрдʏн сʏрɵтчʏлɵрʏнʏн бирдиктʏʏ уставы, чыгармачыл базалары болгон. Ошол эле учурда сʏрɵтчʏлɵрдʏн материалдык абалы да жакшы эле. Аларды тажрыйба алмашуу ʏчʏн Балтика ɵлкɵлɵрʏнɵ, Кавказия, Казакстан жана башка Орто Азия мамлекеттерине бат-баттан жɵнɵтʏп турушкан. Ал убакта жаңы технологиялар жок болгондуктан шаардын ичин, ʏйлɵрдʏ кооздоо сʏрɵтчʏлɵргɵ жʏктɵлʏп, баары колдо жасалган. Бирок, ар бир иште кемчилдик болот эмеспи, союз мезгилинде сʏрɵттʏн тематикасында соцреализм деген тʏшʏнʏк болгон. Реалдуу нерселерди гана тартышың керек. Абстракция, авангард, модерн, кубизм дегендерди жакын жолотчу эмес. СССР урагандан кийин сʏрɵтчʏлɵр тематика жагынан эркин боло тʏштʏ. Бирок жаңы технологиянын ɵсʏшʏ менен материалдык жактан бир аз аксап калды. Азыр май боек менен тарткан картиналар, кол ɵнɵрчʏлʏк, скульптура сакталып келе жатат. Бир системадан экинчи системага ɵтʏʏ оңой эмес. Союз ураганда бардык тармакта анын ичинде искусство да кыйынчылыкка туш болду.

-Жаңы технологияларга да колдо тартылган сʏрɵттʏн ʏлгʏсʏ маанилʏʏбʏ?

-Ооба, мисалы китеп, журналдарга иллюстрация тартылып жатса, компьютерге чейин бир ʏлгʏсʏн кагазга тʏшʏрʏп алуу зарыл. Жаңы технологиялардын келиши жаман эмес, бул айрыкча убакытты ʏнɵмдɵɵгɵ жардам берет. 

-Китепти кооздоо боюнча да иштедиңизби?

-Китепте азыраак эле иштедим. Бишкекте окуп жʏргɵндɵ “Чалкан” журналына, Алматыда окуп жʏргɵндɵ жаш балдардын бир журналына анча-мынча сʏрɵт тартчу элем. Негизи Бишкекте май боёк менен сʏрɵт тартуу боюнча мугалимдик кесипти бʏтʏргɵм. Андан кийин Алматыда ʏйдʏн ичи-сыртын кооздоо боюнча дизайнерликти окудум. Ошол имараттарды, бɵлмɵлɵрдʏ кооздоо тармагында буюртмалар менен кɵп иштедим.

-Уул-кыздарыңыз да сʏрɵтчʏлʏк багытын тандаган чыгар?

-Бир уул, бир кызым бар, экɵɵ тең ушул тармакта десем болот. Чоң уулум Ош технологиялык университетинин ландшафтык дизайн адистиги боюнча окууну бʏткɵн. Бул адистикте сʏрɵтчʏлʏк жɵндɵм абдан маанилʏʏ. Учурда полиграфия тармагында иштейт. Кызым Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин бʏтʏрʏп, кийим дизайнери, университетте мугалим.

-Сʏрɵтчʏлɵр эргʏʏнʏн, каалоонун келишин кʏтɵбʏ?

-Каалоону кʏтсɵк анда тиричилик кылуу оор. Каалоону кʏтʏп отура берʏʏ туура эмес. Кесип деген кесип, кандай гана кесипте болбо бирɵɵ келип аткарып берʏʏңдʏ суранса каалоону кʏтɵйʏн дебейсиң да. Анда алар сени кʏтпɵйт.

-Идеяны кайдан аласыз?

-Табияттан, жошоодон, турмуш-тиричиликтен. Фантазиялар да реалдуу турмуштун негизинде келип чыгат. Ушул жерден бир окуяны кошумчалай кетсем, 1987-жылы Ош-Алай жолунда жайгашкан Алгабас айылынын  ʏстʏндɵгʏ бир жылганы атам экɵɵбʏз тартып келген элек. Ошондо тɵрт тʏп кичинекей дарак бар болчу. 2018-жылы ошол эле жылганы келинчегим менен тартканы бардык, баягы тɵрт тʏп дарак чоңоюп, картайып, аркы беттеги адырларды жаап калыптыр. Убакыт ɵтɵ берет экен. Ошол сʏрɵтʏмдʏ кийин музей сатып алды.

-Узак убакытты талап кылган эмгектериңиз барбы?

-Ооба, айрым сʏрɵттɵр кɵңʏлʏңɵ тɵп келбей, бʏтпɵгɵнсʏп тура берет. Андай эмгектер азыр деле бар. Айрымдарын бир, эки жыл же андан да кɵп убакытта бʏтʏшʏң мʏмкʏн.

-Портреттерди тарттырууга буюртма кɵп тʏшɵбʏ?

-Ɵтɵ кɵп эмес, бирок, буюртмалар бар. Кɵпчʏлʏгʏ ɵтʏп кеткен жакындарынын портретин тарттырышат. 90-жылдары технология ɵнʏгɵ элек болгондуктанбы айтор, жаназа кʏнʏ маркумдун портретин боз ʏйгɵ илʏʏ ʏчʏн кɵп келишер эле. Кээде тʏнʏ келип, саарга чейин даярдап бериңиздер деп суранышат. Келинчегим экɵɵбʏз тартып берчʏбʏз.

-Иш сапар менен чет жактарга чыгып турасыздарбы?  

-Кээде сынактар аркылуу барып калабыз. Сʏрɵтчʏлɵрдʏн эл аралык симпозиумдары болуп турат. 2019-жылы Тʏндʏк Кипрде чоң бир университеттин музейи ачылмак экен, тʏрк тилдʏʏ элдердин сʏрɵтчʏлɵрʏнɵ сынак жарыяланды. Гʏлнафис экɵɵбʏз тең сынактан ийгиликтʏʏ ɵттʏк. Жол акы, мейманкана баарын тɵлɵп беришти. 40 кʏн калып сʏрɵт кɵргɵзмɵңɵрдʏ ачып кеткиле деген сунуш тʏшкɵндɵн кийин кɵргɵзмɵбʏздʏ ачып кайттык. Сулайман-Тоодо да кɵргɵзмɵ ачканбыз. Ɵткɵн жылы Бишкектеги Г.Айтиев атындагы кɵркɵм сʏрɵт музейинде чоң кɵргɵзмɵбʏз уюштурулду.

-Шаарыбыздын гербин кайсы жылы тʏздʏңʏз?

-2003-жылы Ош шаарынын гербине сынак жарыяланып, сынактын негизинде мыкты эмгектер тандалып алынган. Арасында менин сʏрɵтʏм жактырылып, сынакта жеңʏʏчʏ аталган эле. 2004-жылы Ош шаарынын “Ардактуу аттуулу” тɵш белгисинин сынагын уттум. Эки кɵчмɵндɵр оюндарында Ош шаарынын боз ʏйлɵр шаарчасынын кɵркɵм концепциясынын башкы сʏрɵтчʏсʏ болдум. Бир топ жакшы ийгиликтерге жеттик. 2014-жылы Эл аралык Г.Айтиев атындагы сыйлыктын лауреаттыгын ыйгарышты. Ош шаарынын 3000 жылдыгынан тарта шаарыбыз ʏчʏн колдон келген салымыбызды кошуп келʏʏдɵбʏз.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author