16 сентября, 2024

“Биз жетпей калган алтынга силер жеткиле”

Ош шаарында Парижде ɵткɵн жайкы Олимпиада оюдарына катышкан спортчуларды тосуп алуу аземи болуп ɵттʏ. Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу, балбандар Акжол Махмудов менен Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучуларын Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тʏрдɵ тосуп алышты. Атайын уюштурулган иш- чарага спортчулардын жакындары, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏ Эльчибек Жантаев, шаар тургундары, спортчулардын кʏйɵрмандары катышышты.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов:  “Тарых жараттыңар”

-Биздин сʏйʏктʏʏ спортчулар. Сиздерди жайкы олимпиада оюдарына барып ийгиликтʏʏ кайтып келишиңер менен чын дилимден куттуктаймын. Кыргызстандын спорт делегациясы бул олимпиаданы тарыхый кɵрсɵткʏч менен жыйынтыктады. Олимпиадалык курама команданын катарында Ош жергесинен мыкты спортчуларыбыз дагы ɵлкɵ намысын коргоп, желегибизди желбиретип жеңиштер менен келгенине кʏбɵ болуп олтурабыз. Сиздерди ɵлкɵ башчы Садыр Нуркожоевич жалпы журт менен биргеликте жогорку салтанат менен тосуп алды. Бул кʏндʏ Ош шаарынын эли дагы чыдамсыздык менен кʏттʏк. Ардактуу Мунарбек, Акжол жана Кубанычбек, сиздер тарых жараттыңар. Спорт аркылуу Кыргызстандын желегин желбиретип мамлекетибизди дʏйнɵгɵ таанытууга чоң мʏмкʏнчʏлʏктɵр бар экенин далилдедиңер. Акжол эки ирет удаасы менен олимпиада оюндарынын байге ээси болсо, Мунарбектин жеңиши кыргыз боксунда олимпиада оюндарынын алгачкы медалы болуп калды. Ал эми Кубанычбек дзюдо боюнча ɵзʏнʏн аракетчилдигин, эрктʏʏлʏгʏн кɵрсɵтɵ алды. Сиздердин жеңишиңиздер Ош шаарынын гана эмес, жалпы Кыргызстандын сыймыгы. Мына ушундай мыкты спортчулар, кʏчтʏʏ машыктыруучулар турганда мындан да жогорку эмгектер жаралып, ɵлкɵбʏздʏн зоболосу кɵтɵрʏлɵ берет. Биз сиздерге ишенебиз жана сыймыктанабыз. Кыргыздын даңкын алыска чыгарып, желегин желбирете беришиңиздерге тилектешмин. Олимпиада оюнундагы жеңиштер баарыбызга кут болсун. 

Yй, аргымак, акчалай сыйлыкка татыган ɵлкɵ сыймыктары

Олимпиада оюндарынын кʏмʏш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынын мэриясынын атынан 3 бɵлмɵлʏʏ батирдин ачкычы жана 1 миллион сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2 бɵлмɵлʏʏ батир жана 500 000 сом, экинчи машыктыруучусу Турдалы оморовго 500 000 сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды. Ошондой эле грек-рим кʏрɵшʏ боюнча коло медаль алгандыгы ʏчʏн Акжол Махмудовго 1 миллион сом жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 200 000 сом, дзюдочу Айбек уулу Кубанычбекке 250 000 сом, анын машыктыруучусу Бакыт Жусуповго 100 000 сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды. Ал эми Президенттин Ош облусундагы ɵкʏлчʏлʏгʏ дагы балбандарга акчалай сыйлыктарды тапшырып, ар бирине тулпар мингизди. Спортчулар мындай жогорку деңгээлдеги колдоолор болуп турганда ɵлкɵ намысы ʏчун талыкпай кʏч жумшай турганын билдиришти.

Мунарбек Сейитбек уулу:

“Бизден кийинкилер алтын алып келет деген ишеничтебиз”

-Урматтуу мекендештерим, ушул жерге колдоп-коштоп келип олтурганыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем. Алла таала алса эч ким бере албайт, берсе эч ким ала албайт. Жеңишимди бʏткʏл Кыргызстаныма арнаймын. Колдоп-коштоп тосуп алганыңыздарга дагы кубанып турабыз. Ичимдеги эмоцияларымды сɵз менен жеткире албай турам. Ата-энеме рахматымды айтам. Президентибизге дагы ыраазычылыгыбызды билдиремин. Бизди кичинебизден тарбиялап ушул даражага жеткирген агайларыма дагы рахматымды айткым келет. Ош шаарынын мэринин колдоосуна дагы чексиз ыраазыбыз. Бизден кийинки жаштарыбыз дагы ушундай аракетке жеңишке жетем деп мотивация алат деп ойлойм.

Акжол Махмудов:

“Элимдин сый-урматы баарынан бийик”

— Ош шаарым, сиздер менен жʏз кɵрʏшʏп олтурганыма абдан кубанычтамын. Жеңиш болобу, жеңилʏʏ болобу сиздердин сыйыңыздарды, урматыңыздарды кɵрʏп жʏрɵбʏз. Элимдин сый-урматы баарынан бийик. Шаарыбыздын мэрине дагы терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ошондой эле жаштарга кайрылып кетким келет. Алдыңарга чоң максаттарды койгула. Бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ спортчулар коло, кʏмʏш алып келе турган болсо, силер алтын алып келесиңер деп ишенем. Жаштар биздин келечегибиз. Кудай буюрса, биз жетпей калган алтынга силер жеткиле. Элдин, жердин намысын коргогон эр азамат жигиттерден болгула.

Кубанычбек Айбек уулу:

— Кандай учур болбосун сабак алып алдыга умтулууга аракет кылыш керек. Бул жолкусунда бир аз алсыз болуп калдым. Бардык кʏчʏбʏздʏ жумшап, 2028-жылдагы олимпиадада Кыргызстаныбыздын желегин желбиретебиз деп сɵз беремин.

Мунарбек Сейитбек уулунун ата-энеси:

“Жеңиш менен кошо келин да кирет ʏйʏбʏзгɵ”

-Уулум чындыгында токтоо, оор басырыктуу бала. Кичинесинен эле жʏрʏм-туруму салмактуу. Балабыздын жеңишин кɵрʏп биз дагы сʏйʏнʏп, кубанычыбыз койнубузга батпай турат. Мунарбек ʏчʏн биз дагы кубанычтабыз. Агайына жана карапайым элдин колдоосуна да ыраазыбыз. Буюрса, балабыз Мунарбекти ʏйлɵнтɵбʏз. Балабыз олимпиадага кетээрден мурун сɵйкɵ салып келгенбиз. Мусулманчылыкка таянып, чоң той кылбай эле эки жашты чакан салтанат менен алып келебиз. Балабыздын жеңиши менен биргеликте келин алабыз деп сʏйʏнʏп турган чагыбыз.