16 сентября, 2024

33-жайкы Олимпиада оюндары тарыхта калды

Парижде эки жуманын ичинде 10 500дɵй спортчу спорттун 32 тʏрʏ боюнча медалдар ʏчʏн ат салышты. Бул Олимпиадада эң ийгиликтʏʏ ɵлкɵ АКШ болду. Медалдардын эсебинде 40 алтын, 44 кʏмʏш жана 42 коло медаль менен америкалыктар Кытайды (40, 27, 24) тʏз маанисинде утуп алышты. Америкалык командага чечʏʏчʏ алтын медалды финалдык беттеште франциялык команданы жеңген баскетболчу аялдар алды.

Таасирдʏʏ жана талаштуу ачылыш аземи

10 миңден ашык спортчу улуттук командалардын салттуу парадына катышты, ал эми кайыктарда Сенаны бойлой сʏзʏп жʏрʏʏ — бул оюндардын тарыхында биринчи жолу болду. Ачылыш аземине Леди Гага жана Селин Дион сыяктуу супер жылдыздар катышты. Ал эми Олимпиада оту Париждин тʏнкʏ асманына ысык аба шарында кɵтɵрʏлдʏ — 1783-жылы француз Жозеф-Мишель жана Жак-Этьен Монгольфье тарабынан ойлоп табылган байыркы ысык аба шарынын кɵчʏрмɵсʏ.

Спорт майрамынын укмуштуудай атмосферасы

Ынталуу кɵрʏʏчʏлɵр дээрлик бардык олимпиадалык мелдештерди майрамга айландырышты. Айрыкча француз спортчулары мелдешке чыкканда. Мисалы, франциялык сууда сʏзʏʏ жылдызы Леон Маршан суу таймашына катышканда, Ла Дефенстеги 17 000 кɵрʏʏчʏнʏн ызы-чуусу футбол стадионундагы голдун кубанычына окшош болду.

Коронавирустун пандемиясынын фонунда ɵткɵн Токио оюндарынан кийин эл олимпиадалык мелдештерге бекер кирʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵн куру калганы белгилʏʏ болду. Буга чейин эч качан олимпиадага Париждегидей кɵп билеттер сатылган эмес: дээрлик тогуз миллион адам билет сатып алышты. Оюндар учурунда коопсуздукту 50 миңден ашык милиция кызматкерлери, жандармдар жана улуттук армиянын жоокерлери камсыз кылышты. Ал эми Париждеги жана анын айланасындагы Эйфель мунарасы, Сакр-Кер базиликасы жана Версаль сарайы сыяктуу кɵрнɵктʏʏ жерлер сынакка таасирдʏʏ фон тʏздʏ.

Олимпиада учурундагы кɵйгɵйлɵр жана чыр-чатактар

Парижде Сенадагы суунун кирдиги, аялдар арасындагы бокс боюнча турнирге Алжирден келген спортчу кыз Иман Хелиф менен тайвандык Лин Ютингдин катышуусу узакка талкууланды.

Эркектер арасындагы триатлонду бир кʏнгɵ жылдырууга туура келди, анткени Сена дарыясынын суусунда ичеги таякчасынын деңгээли жогору болгон. Немис триатлетчиси Нина Эйм Сенадагы сʏзʏʏ сыяктуу окуялардан кийин дарыянын суусу «чындыгында нормалдуу» деди. Андан кийин Бельгиянын, Швейцариянын жана Норвегиянын спортчулары ооруп калышкан, бирок дарыяда сʏзʏʏ менен так байланыш табылган эмес.

Хелиф менен Линдин оюндарга катышуусу гендердик талаш-тартыштарды жаратты. Хелифтин биринчи атаандашы италиялык Анджела Карини 46 секунддан кийин кʏрɵштʏ улантуудан баш тартып, ɵмʏрʏндɵ мынчалык катуу сокку жебегенин айтып чыккандан кийин социалдык тармактарда алжирдик спортчунун мелдештерге катышуу укугу тууралуу кызуу талкуулар пайда болуп, анын коштоосунда туура эмес маалыматтын токтобогондугунан улам спортчу кыз Париж прокуратурасына кайрылганын маалымдады.

Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) Хелиф менен Линди гендердик тесттен ɵтпɵй калганы ʏчʏн 2024-жылкы дʏйнɵлʏк чемпионатка катышуу укугунан ажыратканына карабастан, ЭОК алардын катышуу укугун коргогон.  ЭОКтун маалыматы боюнча, эки спортчу тең эркек эмес, аялдар. Жыйынтыгында экɵɵ тең ɵз салмак категорияларында алтын медалга ээ болушту.

Париж оюндарынын супер жылдыздары

Сууда сʏзʏʏчʏ Леон Маршан Франциянын улуттук спорттун жаңы баатыры болуп калды. 22 жаштагы спортчу жеке мелдеште тɵрт алтын, эстафетада коло медалга ээ болуп, оюндардын эң ийгиликтʏʏ катышуучусу аталды. «Менин ийгилигим бир жума бою Парижди ɵзгɵрткɵндɵй сезимде болдум. Олимп оюндары укмуштуудай ɵттʏ. Ар бир адам ɵтɵ сейрек кездешʏʏчʏ спортту ээрчишчʏ жана бул биз, спортчулар ʏчʏн абдан маанилʏʏ», — деди сууда сʏзʏʏчʏ.

Токио-2021де психикалык ден соолук маселелери менен кʏрɵшʏп, андан кийин бир жарым жылдан ашык мелдешке катышпаган америкалык супер гимнастика жылдызы Симона Байлз ʏч алтын, бир кʏмʏш медаль менен Олимпиада баскычына таасирдʏʏ кайтып келди. Дʏйнɵ чемпиондугунда 30 медаль жана Олимпиадада 11 медаль менен 27 жаштагы спортчу бардык убактагы эң ийгиликтʏʏ гимнаст.

Оюндардын эң укмуштуудай дʏйнɵлʏк рекордун Токиодо ɵз титулун коргогон таяк менен секирʏʏчʏ Арман Дюплантис орнотту: 24 жаштагы швед буга чейин мелдеште жеңишке жетип, ʏчʏнчʏ аракетинде 6,25 метр бийиктикти багындырды. Бул жаңы олимпиадалык жана дʏйнɵлʏк рекорд.

Постсоветтик мейкиндиктеги спортчулардын жетишкендиктери

Постсоветтик ɵлкɵлɵрдʏн ичинен эң жакшы жыйынтыктарды Ɵзбекстандын спортчулары кɵрсɵтʏштʏ – 8 алтын, эки кʏмʏш жана 3 коло медаль командага бейрасмий турнирдик таблицада 13-орунга чыгууга мʏмкʏндʏк берди. Украина курамасында бир медаль аз (3, 5,4). Бул 900 кʏндɵн ашык убакыттан бери Орусиянын аскерий агрессиясынын мизин кайтарып келе жаткан ɵлкɵнʏн спортчулары акыркы 12 жыл ичинде кɵрсɵткɵн эң жакшы жыйынтык.

2022-жылдын февраль айында Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кириши орусиялык жана беларусиялык спортчуларга оюндарга бейтарап статуста гана катышууга уруксат берилген. Жыйынтыгында 15 орусиялык Парижге келип, кыз-келиндер арасындагы теннис боюнча бир кʏмʏш медалга ээ болушту. Оюндарга белорусиялык 17 спортчу да катышып, бир алтын, эки кʏмʏш жана бир коло медалга ээ болушту.

Париж 100 жылдан бери Олимпиаданы ɵткɵрɵ элек болчу

Париж 1924-жылдан бери дээрлик 100 жылдан бери Олимпиаданы ɵткɵрɵ элек болчу. 2024-жылкы Оюндардын расмий жабылыш аземи Париждин тʏндʏгʏндɵгʏ Стад де Франс стадионунда ɵттʏ. Бул шоуну 71 500 кɵрʏʏчʏ кɵргɵн. Олимпиада туусу 2028-жылкы Олимпиада оюндарын ɵткɵрɵ турган Лос-Анжелеске тапшырылды.

Биринчи жолу Олимпиада менен Паралимпиаданын бирдиктʏʏ эмблемасы болду. Ал оюндардын ʏч символун бириктирет: алтын медаль, жалын жана Француз революциясынын символу Марианна.

Трибуналарда эмес, Сена дарыясында болгон уникалдуу ачылыш аземинде 206 мамлекеттен келген 10,5 миңден ашык спортчу катышкан командалар 80 кайыкта сʏзʏштʏ.

Олимпиадада биринчи жолу бий сынактары – брейк – ɵткɵрʏлдʏ. Спортчулар брейк-данс боюнча кʏч сынашты;

2024-жылкы Олимпиадада экологиялык тазалыкка басым жасалган. Энергиянын кайра жаралуучу булактары максималдуу пайдаланылды, продукция жергиликтʏʏ базарлардан гана сатылып алынды. Ошондой эле таштандыларды кайра иштетʏʏгɵ жана сорттоого ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулду. Спортчулар жаткан керебет да картон катуу кагаздан жасалып, баарынын кɵңʏлʏн бурду.

Парижде биринчи жолу кызгылт кɵк тʏстɵгʏ жеңил атлетика жолу кɵрсɵтʏлдʏ. Ачык кызгылт кɵк, лавандага жакыныраак, спорттук трассаларда, ал эми техникалык аймактарда кочкул кызгылт тʏс колдонулган. Каптама экологиялык жактан таза жана кайра иштетилген материалдардан жасалган.

Эң улуу катышуучу 61 жашта, эң кичʏʏ 11 жашта

Жашы боюнча улуу катышуучу кытайлык 61 жаштагы  спорт теннисчи Нин Сялянь болду. Кытайлык скейтбордчу Чжэн Хаохао 11 жашында Париждеги Олимпиада оюндарынын эң жаш катышуучусу болду. Парк дисциплинасында спортчу биринчи аракетинде ийгиликтʏʏ ойносо, кийинки экисинде жыгылбай туруштук бере алган жок. Ал 63,19 упай топтоп, финалга чыга алган эмес. Чжэн Хаохао 2012-жылдын 11-августунда — Лондондогу Олимпиада оюндарынын жабылышына бир кʏн калганда тɵрɵлгɵн.

Эркектер арасындагы кʏрɵш боюнча эң кɵп олимпиадалык алтын медаль алуу рекорду кубалык Михайн Лопеске таандык (грек-рим кʏрɵшʏ, 2008, 2012, 2016, 2020, 2024-жылдары беш медаль). Кубалык балбан ушуну менен спорттук карьерасын жыйынтыктап, бут кийимин чечʏʏ ырымын жасады. Спорттук карьерасын жыйынтыктоо ырымын Кыргызстандын атынан чыккан балбан Айаал Лазарев, ɵзбекстандык спортчу Рустам Ассакалов жасады.

Профессионал азербайжандык жаачы Яйлагʏл Рамазанова кош бойлуу кезинде ɵлкɵсʏнʏн атынан чыгып, Париж Олимпиадасында чоң шаңга бɵлɵдʏ.

Египеттик кылыччы Нада Хафез да 7 айлык кош бойлуу учурунда ʏчʏнчʏ Олимпиадасына катышты. Ал буга чейин Риого жана Токиого барган, бирок Парижде 26 жаштагы спортчу ɵзгɵчɵ позицияда ɵнɵрʏн кɵрсɵткɵн.

Тʏркиялык кɵзгɵ атар Юсуф Дикеч буга чейин тɵрт Олимпиада оюндарына ɵз ɵлкɵсʏнʏн атынан катышкан, ошондой эле дʏйнɵлʏк жана Европа чемпионаттарында кɵптɵгɵн наамдарга ээ болгон тажрыйбалуу аткыч. Кошумчалай кетсек, тʏрк жандармериясынын отставкадагы сержанты. Атайын кɵз айнек тагынган, кулактарын коргогон аткычтарды кɵрʏп кɵнʏп калган кɵрʏʏчʏлɵр Дикечтин Париж Олимпиадасына чыкканына таң калышты. Дикеч  рецепт боюнча гана кɵз айнек тагып, кулакты коргоочу кадимки наушниктерге алмаштырган.

Медалдын баасы канча турат?

2024-жылкы Олимпиаданын бардык медалдарынын диаметри 85 мм, калыңдыгы 9,2 мм. 5084 медалдын ар биринин ортосунда Эйфель мунарасынан атайын рамкадагы алты бурчтуу темирден жасалган. Сыйлыктарды Chaumet зергер ʏйʏ иштеп чыккан. Медалдар Париждин акча сарайы тарабынан жасалган.

Олимпиадалык алтын медалдын салмагы 529 граммды тʏзɵт жана медалдын 95,4% ашууну (505 грамм) кʏмʏштɵн жасалган. Алты граммы медаль ʏчʏн жалатылган таза алтындан, 18 граммы темирден турат. Алардын таза баасы 950 долларды тʏзɵт.

Кʏмʏш медалдын салмагы 525 грамм, анын 507 граммы кʏмʏш жана 18 граммы темир. Анын баасы кʏмʏш менен темирдин спот баасына негизделген болжол менен 486 долларды тʏзɵт.

Коло медалдын салмагы 455 грамм жана 415,15 грамм жез, 21,85 грамм цинктен жана 18 грамм темирден турат. Анын баасы болжол менен 13 долларды тʏзɵт.