16 сентября, 2024

АДАМ МЭЭСИ АКАДЕМИКТИН КƟЗY МЕНЕН

Адамзаттын ылдам ɵсʏп бараткан акыл тайкылыгын токтотууга  мʏмкʏнбʏ?

Жасалма интеллекттин доорунда  адамдар эмне кылат? Мээ катып калбоосу жана эс-тутумду жакшыртуу ʏчʏн “мээ булчуңдарын” эмне менен жазуу керек? Бул жана кɵптɵгɵн башка маселелердин тегерегинде Россия Илимдер академиясынын вице-президенти, медицина илимдеринин доктору, академик, “Неврология илимий борборунун” директору, профессор Михаил Пирадов  “Аргументы недели”  жумалыгына маек куруп берген.

 “МЭЭ – ПЛАНЕТАДАГЫ ЭҢ ТАТААЛ СУБСТРАТ”

“Азыркы мезгилде окумуштуулар адамдын ички органдарын калтырбай изилдеп бʏтʏштʏ. Кезек мээге келип жетти. Аныкталып жаткандай, биз изилдегендин бʏт баарынын ичинен мээ планетадагы эң эле татаал субстрат болуп чыкты”,-дейт академик Пирадов. -Мээни олуттуу изилдɵɵ бир жарым кылым илгери гана башталган. Кылдат изилдɵɵлɵрдʏн жʏрʏшʏ менен окумуштууларда мээ жɵнʏндɵгʏ тʏшʏнʏктɵр адамдарда канчалык жɵнɵкɵй, демек канчалык жетишсиз экендигин тʏшʏнʏʏ пайда болду. Чындап келгенде мээнин эмне зат экенин тʏшʏнʏʏдɵ узак жолдун башталышында турабыз. Мисалы,  мээдеги 86 миллиард нейрондор бири- бири менен кандайча байланышары табышмак бойдон калууда. Классикалык мисал, табиятта жɵпжɵнɵкɵй сɵɵлжан жашайт. Анын организминде болгону 302 нейрон бар. Алардын ɵз ара байланышын изилдеп-аныктоо ʏчʏн он беш жыл убакыт кетти. 86 миллиард нейрондордун ɵз ара аракет-байланыштарын, мейли азыркынын алдыңкы компьютерлери аркылуу изилдеп чыгуу ʏчʏн бизге тɵрт миллиард жыл керек болот!

Ооба, компьютердик технологиянын мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ ылдам ɵсʏʏдɵ. Бирок, адам мээси кандайча тʏзʏлгɵнʏн майда-баратына жеткирип изилдеп чыгуу азыр иш жʏзʏндɵ реалдуу эмес. Ооба, азыркы эсептɵɵ техникасынын мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ миң эсеге ɵсʏп, биз тɵрт миллиард эмес, тɵрт миң жыл коротсок деле андан не пайда?

Бирок, бул  абдан эле кызыктуу жана маанилʏʏ. Дʏйнɵнʏн алдыңкы ɵлкɵлɵрʏндɵ адам мээсин изилдɵɵ жаатында ʏлкɵн жана кымбат долбоорлор жɵн гана ишен салынып жаткан жок. Мындай изилдɵɵлɵр Россияда да болуп жатат.

АДАМЗАТ АКЫЛЫ АЗАЙЫП БАРАТАБЫ?

Адамзат акылы азыр тездик менен тайкыланып жаткандай. Азыркы заман гаджеттери ар кандай эле маалыматтарды  жеткиликтʏʏ кылып бере ала турган доор адамды эч нерсе жасабоого ʏйрɵтʏп, мектеп окуучулары деле кɵбɵйтʏʏ таблицасын унутуп баратат, себеби калькулятор азыр бардык эле кол телефондо бар. Иштээрге иши жок мээ деградацияга, бузулууга алып барат. Бул жɵн гана пикир эмес, процесс. Норвегиялык бир изилдɵɵнʏ мен дайыма мисал тартып келем. Ал изилдɵɵнʏн жʏрʏшʏндɵ ар тʏрдʏʏ мамлекеттерден ар тʏрдʏʏ улуттагы, материалдык жыргалчылыгы ар тʏрдʏʏ ж.б жактардан айырмаланган 34 миң европалыктар акыл жагынан сыноодон ɵткɵрʏлгɵн. Жыйынтыгында, 1930-1980-жылдар аралыгында туулгандардын интеллектуалдык деңгээли 1980-жылдардан кийин туулгандардыкына караганда 20 пунктка кɵп болгон. 20 пункт бул эбегейсиз чоң айырма. Гаджеттер биздин мээни жалкоо кылуу жагынан алганда ɵтɵ коркунучтуу душман болуп жана бул фактор жакынкы эле жылдарда ɵзʏнʏн таасирин тийгизет. Эгерде  жасалма интеллект жагдайында сɵз кылчу болсок, анда ал нерсе дагы он-жыйырма жылдан кийин биздин турмушка кандай койгɵйлɵрдʏ алып келээрин кɵптɵр тʏшʏнбɵйт. Жасалма интеллекттердин доорунда адам эмгеги барган сайын азыраак талап кылына берет. Ушул азыр эле ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ айыл чарбасында эмгектенген 2-3 пайыз адамдар ɵлкɵнʏн азык-тʏлʏк муктаждыгын канааттандырып жатпайбы. Ал эми калктын 10-15 пайызы алек болгон ɵнɵр жайы анын товардык муктаждыктарын жаап жатат. Ɵндʏрʏш бардык тармактарда барган сайын роботтордун колуна ɵтʏʏдɵ.

ЖЕР  ЖYЗYНƟН 160 АДИСТИК ЖОК БОЛДУ

 Механизация жана роботизациядагы прогресси мурда 500 адамдын эмгегин талап кылган жумушту азыр ʏч оператор гана аткарып салган мезгилге жеткирди. Акыркы мезгилде силер билесиңерби,  жер жʏзʏнɵн 160 кесип жок болуп кетти. Кезекте дагы кимдер турат? Айдоочулар, бухгалтерлер, юристтер, варачтар, андан ары кесип тʏгɵнгɵнгɵ чейин улана берет. Акыркы жʏз жылдыктарда адамзат илимий-техникалык прогресс дегенден баарын алып бʏттʏ. Турмуш барган сайын жеңил жана комфорттуу боло баштады. Эми биздин турмуш планетага биз, цивилизация ɵкʏлдɵрʏ  керек болбогон этапка жеткенге аз калып  олтурабыз. Бул жагдайда, тилекке каршы, эч ким ой жʏгʏртпɵй жатат. Негизинен алганда мунун кесепетин балдарыбыз болбосо да неберелерибиз, албетте, тартары бышык. Кɵрʏнʏп турат, турмуш мындан беш жыл мурда  башкача эле. Тарыхый убакыт жагынан алсак, беш жыл бир ирмем деле болбой калат, бул бир байкалбас закым.

Мындан 50 жыл илгери акылдын гимнастикасы деп математиканы айтышчу. Мээ деле  биологиялык субстрат катары гимнастикага муктаж. Эгерде аны машыктырып турбасаң, акыбети оор болуп калат. Мээ булчуңдарын машыктырып туруунун тʏрдʏʏ ыкмалары жана жолдору  арбын. Мисалы, эң эле таркап кеткен ыкмасы чет тилдердин бирин ʏйрɵнʏʏ, ырларды, айрым зарыл тексттерди жаттоо болуп саналат. Мындан да кылдатыраак ыкмалар бар, мисалы, сол кол менен жазууга ʏйрɵнʏʏ жана тескерисинче. Бул ыкмалар жаш-куракты тандабайт.

Белгилей кете турган нерсе, мурда медициналык  окуу жайларында  кишинин ɵлʏмʏн эки кырдаал менен: анын жʏрɵгʏ сокпой калган жана дем алуусу токтоп калган учур менен аныктаганга окутушчу. Азыр аларга ʏчʏнчʏ абал- мээнин ɵлʏшʏ кошулду.

АЛЬЦГЕЙМЕР, ДЕМЕНЦИЯ ЖАНА ЭС-ТУТУМ ЖƟНYНДƟ

АКШ   президенти Рональд Рейган Альцгеймер илдети  менен ооруй баштаганда эле, эс-акылы жайында экенинде жасап калайын деген ниетте улут менен коштошкон. Азыр бул илдеттен белгилʏʏ актер Брюс Уиллис жапа чегип  келʏʏдɵ. Ал азыр ɵзʏнʏн ойной турган ролдоруна да айтылчу жɵпжɵнɵкɵй сɵздɵрдʏ да жаттай албайт. Андыктан, фильмге тартылган кʏндɵ деле  кайсыл бир таштандылардын арасында бирин-экин ʏн-сɵзсʏз мушташуу эпизоддорун аткаргандан башкага жарабай калганын ɵкʏнʏʏ менен белгилеп кетсе болот.

Азыр баарын Альцгеймер илдети коркутуп келет. Бирок, гипертония, эпилепсия, кант дибети  менен ооруган жʏз миллиондогон оорулууларга салыштырмалуу, Альцгеймерге чалдыгуу жыштыгы тɵмɵн экендигин эскерте кетели. Альцгеймерди кɵп сɵз кылуунун бир  себеби ал илдет таанымал инсандарга кɵбʏрɵɵк жабышканынан болсо керек. Мисалы, ошол эле Рейган же Маргарет Тэтчер. Деменциянын ɵнʏгʏʏ планынан алганда, Альцгеймерден кийинки экинчи орунда тамырлуу деменция турат.

 Эс-тутум  мээнин эң негизги касиеттеринин бири болуп эсептелет. Элестеткиле, эгерде  аны 30 пайызга жакшыртканда, силер орто мектепти он бир жыл эмес, айталы жети, университетти беш эмес, ʏч жылда бʏтʏрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ болмоксуңар. Уксаңар керек,  фотографиялык деп аталган эс-тутумдагы адамдар бар. Алар тексттин барагын карап эле, ар бир сɵзʏн окуп олтурбай ошол бойдон эстеп калат. ”Саванттар” деп атап коюшкан ɵзгɵчɵ категориядагы да адамдар бар. Аларда эсептɵɵ жɵндɵмʏ  ɵтɵ жогору. Алар, мисалы, 1315-жылдын кайсыл бир аптасынын кайсыл бир числосунун кʏнʏ кандай болгонунан ɵйдɵ эстеп, айтып бере алат. Бирок, ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, саванттар адам ишмердʏʏлʏгʏнʏн башка тармактарында башкалардай эле кала беришет. Эгерде адамдын кайсыл бир тар чɵйрɵдɵгʏ ашынган жɵндɵмдʏʏлʏгʏ байкалса,  анда ал  башка касиеттердин, сапаттардын эсебинен болот. Кыскасы, адамдын мээсинин жɵндɵмдʏʏлʏгʏндɵ чек жок, аны улам ачып олтуруу гана талап кылынат. Акырында эскерте кетчʏ нерсе, баары эле ден соолукта жана тынч уйкуда гана дʏйнɵ салгысы келет, бирок андай болбойт.

Абдираим Мамытов