16 сентября, 2024

ЯДРОЛУК СОГУШ КОРКУНУЧУН ООЗДУКТОО ФАКТОРУ

Анын бетин ары кылсын, непадам дʏйнɵлʏк ʏчʏнчʏ согуш башталып кетсе, согуш, жаңжал, талаш-тиреш аттуунун баары жалпы адамзаттын ɵзʏ менен кошо биротоло ың-жыңсыз жок болуп кетээри баарына маалым. Жер астына курулуп же курулмакчы болуп жаткан  шаарлар же бункерлер да эч бир жанды сактап кала албоосу бештен белгилʏʏ, ядролук алаамат жердин астындабы же ʏстʏндɵбʏ,  эч бир тирʏʏ жанды аябайт. Мына ушуну аңдап-билʏʏ гана  азырынча ядролук согушту ооздуктоонун башкы фактору катары кызмат кылууда. Бирок, ядролук державалардын бири-бирине атомдук муштумдарын кɵрсɵтʏʏ процесси аягына чыкпай жатканы ɵкʏнʏчтʏʏ болууда.

“ПУТИНДИН УЛЬТИМАТУМУ”

Украинада атайын аскердик операцияны аяктоо шарттары боюнча президент Путиндин билдирʏʏсʏн батыш дʏйнɵсʏ ультиматум катары кабыл алып жатканы маалым. Путиндин  ɵз билдирʏʏсʏндɵ эгерде Украина  аскерлерин  Россияга жакында эле кайтарылган тɵрт облустан чыгарып, куралсыздандырылса жана АКШ менен Евробиримдик бардык санкциялардан баш тартса, согуш бʏтɵɵрʏн айткан эле. Бирок, АКШ “жɵжɵ оюнун” ойноону улантууда. Турмушта бул оюн мындайча сʏрɵттɵлɵт: эки автомобиль бири-бирин беттеп катуу ылдамдыкта келишет. Катастрофаны, аныгыраагы –экɵɵсʏ ʏчʏн тең реалдуу ɵлʏм менен бʏтʏʏчʏ кагылышууну болтурбоо ʏчʏн жолунан бурулуп кеткени жеңилген болуп саналат. Азыркы учурда бул эки автомобилдин бирɵɵсʏ да жолунан бурулуп кетпɵɵчʏдɵй таасир катырууда. Эч кимдин жеңилгиси келбей жатат.

Батыштын сɵзʏ менен айтканда, “Путиндин ультиматумунан” кийин башталышы эбак эле жалпыга дайын болуп калган жарыша куралдануунун жаңы этабында  сапаттуу бурулуш болуп жаткансыйт. Андай бурулушту АКШ жана НАТОдо кɵптɵн бери эле кʏтʏп келишкенин белгилешет эксперттер.

Бир жыл мурда эле америкалык мурдагы аскер кызматкерлери жана “цэручулар” иштешкен америкалык аналитикалык бир борбордун докладында ушул кырдаал эскертилген. Докладда ал турсун кооптуулук кʏч алып кеткен учурларда ракеталык сокку уруулууга тийиш болгон россиялык шаарлар да аталып ɵткɵн. Мурдагы «цэручулар»  орустун куралдуу кʏчтɵрʏ украиндердин ʏстʏнɵн кʏтʏлʏʏчʏ артыкчылыктарга жайыраак болсо да ишенимдʏʏ жетишээрин эскертишкен. Ошондо “Путиндин ультиматумун украин аскерлеринин ɵткɵн жылдын июнундагы контрчабуулуна чейин эле америкалыктар болжолдогон окуянын ɵнʏгʏшʏнɵ карата жооп катары тʏшʏнʏʏгɵ болот. Цитата келтирели: “Россия НАТОнун Польшадагы жана Румыниядагы авиа базаларына ракеталар менен максатка ылайыктуу соккуларды урат. Андан соң альянстын Еропадагы обьектилерине, анын ичинде Германиядагы “Рамштайн” авиабазасына жана голландиялык “Роттердам” портундагы мунайлык терминалга толук масштабдуу ракеталык соккуларды жасайт”.

Румыния менен Польша тʏшʏнʏктʏʏ. Ал жактардан  “Ф-16” учактары учурулат. Кийинки бута – голландиялык  Роттердам порту. Ал бʏтʏндɵй Батыш Европаны кʏйʏʏчʏ май менен камсыздап турат. А Рамштайн –  самолеттор, курал-жарактар, ядролук дʏрмɵттɵрʏ да бар авиабомбаларга толтурулган америкалык ири авиабаза жанында жайгашкан  кыштак.

Демек,  америкалыктар бир жыл мурда эле окуянын кандайча ɵнʏгɵрʏн эң сонун билишкен. Андыктан, “Путиндин ультиматуму”  окуянын ушундай тартипте ɵзгɵрʏп кетʏʏсʏнɵ жол бербɵɵ ʏчʏн жасалган акыркы аракет деп тʏшʏнʏʏ туура болот. Арийне ал баштаганына кайыл болгон, бирок кандай болсо да Украинадагы согушта Путинди жеңип чыккан талапкер катары АКШ тарыхында калууну ак эткенден так этип эңсеп турган Байден жана анын тарапкерлери башка ой-пикирде.

“АКШ  АЙРЫМДАР ОЙЛОГОНЧОЛУК  АЛСЫЗ ЭМЕС”

Акыркы апталарда Вашингтондо ушундай маанайды калыптандыруу, аныгыраагы,  карып-арып бараткан ядролук улуу державанын аброюн кайра тикелɵɵнʏн арзыбаган аракеттери ушундай пафос менен коштолууда.

Жакында Вашингтондо куралдарга кɵзɵмɵлдʏк кылуу боюнча Ассоциациясынын жылдык жыйыны ɵтʏп, анда АКШ президентинин атайын жардамчысы, АКШ улуттук коопсуздук кеңешинин куралдарды кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча улук директору Пранай Вадди программалык сɵз менен чыгып сʏйлɵдʏ. Сɵздʏн басымдуу бɵлʏгʏ АКШнын биринчи ядролук улуу держава катары Россия менен болуп жаткан тирешʏʏсʏнɵ арналды. Ал ошондой эле “ʏч каршылаштар” тууралуу да белгилей кетти. Муну менен бирге  ал жетиштʏʏ тʏрдɵгʏ нейтралдуу терминди, “душмандар” эмес, атаандаштар, оппоненттер  деген сɵздɵрдʏ пайдаланды. Бул албетте, Кытай, Тʏндʏк Корея жана  негедир Иранды да туюнтат. Иран азырынча ядролук куралга ээ эмес, бирок АКШнын болжолунда жакында ээ  чыгат. АКШ менен Израилдин аракеттери Тегеранды ушуга тʏртʏʏдɵ.

Куралга кɵзɵмɵлдʏк кылуу жаатындагы маселелерде Вадди  ɵзʏнɵн башканын баарын тʏгɵл сындоонун бекем орноп калган америкалык салтын сактоону да унутта калтыра алган жок. Анын пикиринде, Россия, Корея Элдик демократиялык республикасы жана Кытай куралдарды кɵзɵмɵлдɵɵгɵ кɵңʏл бурушпай, ɵзʏлɵрʏнʏн ядролук арсеналдарын кеңейтишʏʏдɵ жана диверсификациялашууда. Принциптен алганда, арсеналын Россия жана АКШныкы менен салыштырууга мʏмкʏн эместигине такай басым жасап келаткан Кытай куралдарга кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ жагына таптакыр кызыкпайт. Тʏндʏк Кореянын ядролук арсеналы ансыз деле кичине. Ал Пакистан, Индия жана башкалардыкынан да аз. Канткен менен америкалыктарды негедир Англия менен Франция эмне ʏчʏн ядролук куралдарды кɵзɵмɵлдɵɵгɵ катышпайт деген суроо кызыктырбайт. Аларга боло берет, сыягы.

ОРУС ОЙНОП ОЛТУРГАН ЖОК

Россияга келсек, ал стратегиялык ядролук кʏчтɵрдʏ кɵзɵмɵлдɵɵдɵн башка бир дагы келишимдерге барбай турганын эскертʏʏдɵ жана бул жагынан ал утушка гана ээ болорунда шек жок, анткени Россиянын ядролук арсеналында стратегиялык эмес  ядролук  куралдар каршылаш тараптагылардыкынан бир канча эселеп кɵптʏк кылаары айтылып келе жатат. АКШнын ядролук арсеналы дээрлик толук бойдон Европа ɵлкɵлɵрʏнɵ жайгаштырылган. Ядролук согуш оту, анын бетин ары кылсын, башталып кетс, АКШдан мурда Европа  жер ʏстʏнɵн жексен болот. Ядролук курал колдонуудан каршылаштардын карманып туруусу ʏчʏн кызмат ɵтɵп жаткан факторлордун бири да ушунда жатат. Европа ядролук алаамат коркунучунан ɵз жерин эмес, АШнын ядролук арсеналын коргоп  турган полигон гана экендигин эске сала кетʏʏ ашыкчалык кылбайт.

Америкалыктар азыркы мезгилде жаңы ядролук дʏрмɵттɵрдʏ ɵндʏрʏп чыгара алышпайт. “Кансыз согушта” биз жеңдик, Россия жок тып-тыйпыл болот” деген сымак ээликме –элиртме ойлор алардын башын айландырып бʏткɵнчɵ орус тарап олтурган жок, ядролук арсеналынын кемин толуктап, эскисин эптеп,  жаңысын этектеп алды. Ядролук  чɵйрɵдɵгʏ компетенттʏʏлʏк тынчтык кʏндɵрдɵ да,  аскердик максатта да колдонууда тез ɵзгɵрʏп, ылдам жоголуп,  кайра тикелɵɵ абдан кымбатка тʏшɵɵрʏ  жана эң негизгиси, узак убакытты талап кылаары белгилʏʏлɵрдʏн категориясына кирет.

Азыр америкалыктарда атомду колдонуунун тынчтык сегментинде кɵйгɵйлɵр толтура. Мында толук башаламандык ʏстɵмдʏк кылат. Башкы себеп орустар аларды арзан урандын ийнесине олтургузуп койгонунда жатат. Тынчтык сегментиндеги кɵйгɵйлɵр аскерди-согуштук комплекске да тʏз таасир берет, анткени алар бири-бири менен байланышта экендиги маалым.

АКШда азыр  ядролук курал ɵндʏрʏшʏ жок, 30га чамалуу технологиялык бʏтʏндɵй чынжырлар жетишпейт. Арсеналды кɵбɵйтʏʏгɵ да, кʏчтɵндʏрʏʏгɵ да  мʏмкʏнчʏлʏк жок. Азыр анын саны 3, 5 миң дʏрмɵт менен чектелип турат. Анын 3 миңин стратегиялык  максаттагы дʏрмɵттɵр тʏзɵт. Дагы  2 миң дʏрмɵт утилизациялоо процессинде турат. Теориядан алганда, аларды кайра жандандырууга мʏмкʏн, бирок кымбатка тʏшɵɵрʏ шексиз.

Кандай болгондо да ядролук арсеналдын кɵлɵмʏ жагынан АКШга  Россия менен теңелʏʏ кыйын. Россиянын арсеналы ядролук куралдардын баарын кошо эсептегенде 6 миңден 12 миң дʏрмɵткɵ чейин жетет. Арсеналында 450 500 ядролук дʏрмɵтʏ бар делген Кытайдын дараметине чейин тʏшʏп кетʏʏгɵ мʏмкʏн, бирок ядролук арсеналды миңдеген дʏрмɵттɵр менен толуктоого ондогон жылдар талап кылынат.

Абдираим Мамытов