16 сентября, 2024

Балдар жɵнʏндɵ кодексинин аткарылышы боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, балдар мамлекетибиздин эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан ɵнʏгʏʏсʏнɵ ɵбɵлгɵ болуучу шарттарды тʏзʏʏ менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.

1959-жылдын 20-ноябрында Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган балдардын укуктарынын декларациясында кɵрсɵтʏлгɵндɵй, бала дене-бой жана акыл-эс жагынан жетиле электигинен улам атайын коргоого жана камкордукка, анын ичинде тийиштʏʏ укуктук коргоого муктаж. Жазык сот адилеттиги системасында баланын укуктарын жана эң жакшы кызыкчылыктарын коргоо, прокуратура органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыты болуп эсептелинет.

Балдар жɵнʏндɵ мыйзамдардын аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ предметине социалдык коргоо жɵнʏндɵ, кароосуз калуулардын жана укук бузуулардын алдын алуу жɵнʏндɵ мыйзамдарды аткаруу, балдарга карата жазык иштери боюнча ɵндʏрʏштʏ жɵнгɵ салуучу Жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоо кирет.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында балдар жɵнʏндɵ мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча 15 текшерʏʏ жʏргʏзʏлʏп, 67 мыйзам бузуулар аныкталып, жыйынтыгы менен мыйзамдын бузулушун четтетʏʏ жɵнʏндɵ 15 прокурордук чара кɵрʏʏ актылары келтирилип, чара кɵрʏʏ актыларын кароо менен 31 кызмат адам тартиптик жоопкерчиликке, ал эми 1 адамга бузуулар жɵнʏндɵ ɵндʏрʏш козголуп, айыпка кириптер болгон.

Ош ШИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясында 75 жашы жете элек  каттоодо турат, ал эми отчёттук мезгилде 46 ɵспʏрʏм каттоого алынып, 37 жаш ɵспʏрʏм эски жылдан калган, 38 жашы жете элек эсептен чыгарылган.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясы тарабынан 2024-жылдын 1-жарым жылдын ичинде 9 отурум ɵткɵрʏлʏп, 8 бала менен жекече коргоо, 19 ʏй-бʏлɵ менен жекече иштɵɵ пландары тʏзʏлʏп, тиешелʏʏ иш-чаралар бекитилип, турмуштук оор кырдаалга кабылган 13 балага туулгандыгы тууралуу кʏбɵлʏктɵр алынып берилген.

Кɵрсɵтʏлгɵн мезгилде шаардык билим берʏʏ башкармалыгы, шаардык социалдык  ɵнʏгʏʏ башкармалыгынын ʏй-бʏлɵнʏ жана балдарды коргоо бɵлʏмʏ, шаардык жаштар комитетинин кызматкерлери жана саламаттыкты сактоо департаментинин дарыгерлери менен биргеликте Ɵспʏрʏм эмгек-3, “Лидер-2, Тʏнкʏ ɵспʏрʏм-2”, ”Салам мектеп”, “Мектеп рекети-1”, “Кароосуз калгандар-3”, “Тилемчилик-2”,” Ɵспʏрʏм эмгек-3” аттуу 16 жолу профилактикалык  иш–чаралар жʏргʏзʏлдʏ.

Аталган мɵɵнɵттɵ жашы жете элек ɵспʏрʏмдɵр тарабынан 102 кылмыш жасалган, жашы жете элек ɵспʏрʏмдɵргɵ карата жасалган кылмыштар боюнча жалпы 118  кылмыш иштери козголгон.

Мындан сырткары, республика боюнча 262 кылмыш иш боюнча 339 балага карата баланы кылмыш-жаза сот ɵндʏрʏш тутумунан чыгаруу жол-жобосу колдонулган.

Прокуратуранын аракети менен гана кылмыш-жаза сот ɵндʏрʏш тутумунан чыгарылган балдардын саны ɵсʏп келʏʏдɵ.

Балдарды сот процесстерине тартуу маселеси татаал, балдардын укуктарын жана жыргалчылыгын коргоону камсыз кылуу ʏчʏн кылдат изилдɵɵнʏ жана андан аркы чараларды талап кылат.

Биринчиден, балдарды сот процесстерине тартуу алардын физикалык жана психологиялык ɵнʏгʏʏсʏнɵ терс таасирин тийгизиши мʏмкʏн. Сот тутумуна кирген балдар стресске кабылышат, бул алардын эмоционалдык абалына жана жʏрʏм-турумуна таасир этиши мʏмкʏн. Мындан тышкары, алар социалдык стигматизациянын объектиси болуп калышы мʏмкʏн, бул алардын коомго ыңгайлашуусун дагы татаалдаштырат.

Экинчиден, балдардын психологиялык жактан жетилбегендигинен жана алардын жʏрʏм-турумунун кесепеттерин тʏшʏнʏʏдɵн улам туура эмес айыптоо коркунучу бар. Балдар чоңдордун манипуляциясынын бутасы болуп калышы сейрек эмес, бул балдар ʏчʏн адилетсиз ɵкʏмдɵргɵ жана травмалык кесепеттерге алып келиши мʏмкʏн.

ʏчʏнчʏ аспект балдардын укуктарына ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурууну камтыган адам укуктарынын принциптерине тиешелʏʏ. Кыргыз Республикасы эл аралык стандарттарды, атап айтканда, балдардын укуктары жɵнʏндɵ БУУнун Конвенциясын сактоого милдеттʏʏ, ал балдардын катышуусу менен сот ɵндʏрʏшʏнɵ ɵзгɵчɵ мамилелердин зарылдыгын белгилейт.

Кыргыз Республикасында бул кɵйгɵйдʏ чечʏʏ ʏчʏн балдар психологиясы маселелеринде укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууну жана балдар ʏчʏн кыйла ийкемдʏʏ жана адамдык жол-жоболорду белгилɵɵгɵ багытталган мыйзамдык ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ камтыган комплекстʏʏ мамиле талап кылынат. Мындан тышкары, балдарга каталарын оңдоого жана мыйзамды сактоо жолуна кайтууга мʏмкʏнчʏлʏк берʏʏ ʏчʏн конфликттерди чечʏʏнʏн альтернативдʏʏ ыкмаларын ɵнʏктʏрʏʏ маанилʏʏ.

Кыргыз Республикасында баланы кылмыш-жаза сот ɵндʏрʏш тутумунан чыгаруу балдардын укуктары жана кызыкчылыктары бардык деңгээлдерде таанылган жана корголгон адилеттʏʏ жана гумандуу коомду тʏзʏʏ багытындагы маанилʏʏ кадам болуп саналат.

Ош шаарынын прокуратурасынын бɵлʏмʏнʏн прокурору Б.Сатыбаев