16 сентября, 2024

Дарбыз —  жай мезгилинин атактуу жемиши

Сырткы кɵрʏнʏшʏ, укмуштуудай даамы менен ɵзгɵчɵлɵнгɵн дарбыз жайкы майрамдардын алмаштырылгыс жемиши. Жɵнɵкɵй тургундар дарбыздын эң таттуу сезону август деп эсептешет. Анткени августта жергиликтʏʏ дыйкандардын дарбызы бышат. Дарбызды мол ɵстʏргɵн Ош шаарына эң жакын аймак Отуз-Адыр айыл аймагы болуп саналат. Дыйкандар танымал Отуз-Адыр дарбызынын ɵзгɵчɵ таттуу болушун, климатка, жерге, ɵстʏрʏʏ ыкмаларына байланыштырышат. Учурда дыйкандар тʏшʏмдʏн экинчи теримин ʏзʏп жаткан учур. Биз дарбыздын кантип ɵстʏрʏлʏшʏ тууралуу дыйканга суроо узатканбыз.

Нуралы Тагаев, Отуз-Адыр айылынын тургуну, дыйкан.

“Дарбыз 90 кʏндɵ бышат”

-Мурда Отуз-Адырдагы дыйкандардын кɵпчʏлʏгʏ дарбызды плёнка тартпай эле эгишкен. Убакыт ɵткɵн сайын дарбызды тезирээк бышырып, базарга алып чыгуу ʏчʏн эрте жазда жерге плёнка тартып эге башташты. Мисалы, плёнка тартылбаган дарбыз май айында эгилип, 90 кʏндɵ бышат. Ал эми плёнка тартылган ыкмада дарбыз апрелдин 15теринен кийин эгилип, 75-90 кʏн аралыгында бышат. Жерди кʏз мезгилинде айдоо абдан маанилʏʏ. Дарбыз ʏчʏн кʏзʏндɵ айдалып, чоң кесектери талкаланган жумшак жерди даярдайбыз. Жаз келгенде мала салынып, тегизделет. Тегиздеткен соң топурак жумшак болсун деп малдын чириген кыгын себебиз. Чириген кык органикалык жер семирткич болуп, жерге алгачкы азык катары пайдаланылат. Ал эми органикалык эмес жер семирткичтерден фосфорду берʏʏ керек. Айрыкча биздин жерлер ак топурактуу болгондуктан, фосфорсуз жумшабайт. Фосфордон кийин мочевина берилет. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе аталган жер семирткичтерди нормасынан ашырып, аралыкты сактабай биринин артынан бирин берген туура эмес. Агроаптека жазып берген норманы сакташ керек. Эгер дыйканчылыкты жаңыдан баштагандар болсо бизден жардам сураса сɵзсʏз айтып, кɵрсɵтʏп беребиз.

“Азот дарбызды тез бышырып, жалбырагын тез катырат”

-Айрым дыйкандар дарбызга азот да себишет, бул туура эмес. Биринчиден, азот дарбызды тез бышырат, экинчиден, жалбырагын тез эле катырып салат. Дарбыз узун сабактуу ɵсʏмдʏк болгондуктан ар бир катардын аралыгы тɵрт жɵɵктɵн алыс эгилет. Ал эми бир катарга эгилип жаткан дарбыз уруктары эки даанадан ташталып, 60 сантиметр аралыкта болуусу зарыл. Кокус уруктун бири ɵнбɵй калса экинчиси ɵнɵт деген максатта ушундай ыкма колдонулат. Эгерде дыйкан жерге пленка тартып эксе, урук ɵнʏп чыгып, пленкага тийгенге чейин ʏстʏн тешип, ачып коюусу керек. Антпесе пленкага тийген жаш кɵчɵт куурап калат. Экиден ташталган уруктун экɵɵ тең чыккан болсо бири алынып ташталат.

“Сууну ɵтɵ ашыкча же ɵтɵ кем берʏʏ туура эмес”

-Жогоруда айткандай плёнкасы жок эгилсе, дарбыздын оттоо чɵптɵрʏн чаап, тазалайбыз. Эгер дарбызга плёнка тартылып эгилсе чабылбайт. Анткени чɵп абасыз пленканын ичинде ɵлʏп жок болот. Узун сабактарын тебелеп салса, суу жакшы жетпей, куурап калышы мʏмкʏн. Сууну ɵтɵ ашыкча же ɵтɵ кем берʏʏгɵ да болбойт. Дарбыз кɵчɵттɵрʏ суусаганда жалбырактары соолугандай болуп, ɵзʏ белги берет. Ошентип дарбыздын алды август айларында быша баштайт.

Кызыктуу фактылар

3-август кɵпчʏлʏк ɵлкɵлɵрдɵ “дарбыз” майрамы белгиленет

Бул кʏнʏ америкалыктар пикниктерге чыгышат, дарбыз жешет жана ар кандай кызыктуу мелдештерди ɵткɵрʏшɵт. Мисалы, дарбыздан жаныбарларды, канаттууларды оюп жасап же оозундагы дарбыздын данегин ким алысыраак ыргыта алары боюнча жарышышат. Россияда да фестивалдар, жарманкелер ɵткɵрʏлɵт.

Учурда дарбызды дʏйнɵнʏн 96 ɵлкɵсʏ1200дɵн ашуун сортун ɵстʏрɵт.

Дарбыз Америкага африкалык кулдар аркылуу барган

Тарыхчылар дарбыздын мекени Тʏштʏк Африка деп эсептешет. Байыркы египеттиктер дарбыз ɵстʏрʏшкɵнʏн археологдор тастыктайт. Казууларда табылгандай мурда дарбызды фараондордун мʏрзɵлɵрʏнɵ кийинки жашоосуна тамак-аш катары колдонсун деп коюшкан. Мындан сырткары дарбыз байыркы Египеттин медициналык рецепттеринде кездешет.

Бул ɵсʏмдʏк Россия жана Европа ɵлкɵлɵрʏнɵ 13-14-кылымдарда жетсе, Америкага 16-кылымда африкалык кулдар менен бирге алып барышкан.

Кытай дарбыз ɵндʏрʏʏчʏлɵрдʏн сап башында

Алдыңкы экспорттоочуларга Кытай, андан кийин Тʏркия, Иран, Египет, Америка кирет.

Япониялыктар дарбыз тоголок болгондуктан башка жакка ташууда кɵп орунду ээлейт, акча ʏнɵмдɵлбɵйт деп эсептейт. Ошондуктан алар дарбыздын тɵрт бурчтук тʏрлɵрʏн ɵстʏрʏʏ аракетинен чарчашпайт.

Дʏйнɵдɵгʏ эң кымбат кара дарбызды япондор ɵстʏрʏшкɵн. Жылына бул сорттогу 10 миңге жакын дарбыз ɵстʏрʏлɵт. Ɵзʏнʏн адаттан тыш кɵрʏнʏшʏ жана ɵндʏрʏш кɵлɵмʏнʏн аздыгынан улам бул сорт дарбыздын эң кымбат сорту болуп саналат. 2008-жылы аталган кара дарбыз аукциондо 6300 долларга сатылган.

Дарбыз 90% суудан турат

Дарбызда жалпы массасында 5% гана кант бар. Белок, майларды камтыбайт. Ошондуктан суусун кандыруу касиети жогору. Бирок, дарбыздагы суунун курамы бадыраңга караганда азыраак. Бадыраңда 95 % болсо, дарбыз 90% суудан турат.

Дʏйнɵдɵгʏ эң кичинекей дарбыздар жапайы тʏрдɵ Тʏштʏк Америкада кездешет. Алардын ɵлчɵмʏ болгону 2-3 сантиметр келип, кɵрʏнʏшʏ бадыраңга окшош.

Курамындагы пайдалуу азыктар

Дарбыз минералдарга бай, курамында В витаминдер топтому(В1, В2, В6, В9 жана РР), А, С, Е витаминдери, магний, калий, кальций, фосфор, темир, натрий бар.

Дарбыздагы фолий кычкылы ДНК жана РНКнын тʏзʏлʏшʏнɵ, клеткалардын бɵлʏнʏшʏнɵ, белоктун алмашуусуна оң таасирин тийгизип, теринин жана чачтын сулуулугуна, жʏрɵк-кан тамыр системасына, тамак сиңирʏʏнʏн иштешине жакшы таасирин тийгизет. Антиоксиданттардын кɵптʏгʏ картаюу процессин алдын алат.

Бɵйрɵктɵгʏ таш жана простатада дарбыздан оолак болуңуз!

Бɵйрɵктɵгʏ таштардын диаметри тɵрт миллиметрден ашкандарга, уйку безинин жана простата безинин оор патологияларына, заара кылууда кɵйгɵйʏ бар адамдарга дарбыз сунушталбайт. Ошол эле учурда кош бойлуу аялдар ансыз да дааратканага бат-бат каттап жаткан учурда дарбыз кошумча болуп бɵйрɵккɵ, денеге кʏч келтирет. Боор, бɵйрɵктʏ зыяндуу токсиндерден тазалайт, бирок, боор циррозунун ичтеги, буттагы шишиктеринде пайда болсо  бейтаптарга дарбыз сунушталбайт.

Айжылдыз Тойчиева