27 июля, 2024

МАРСТЫ ƟЗДƟШТʏРʏʏНʏН  ИЛОН МАСКТЫК ПЛАНЫ

Жакында Илон Маск “Спейк Х”( Илон Макстын космостук менчик компаниясы) компаниясынын кызматкерлеринин алдына чыгып, марс планетасын колонизациялоо келечегин сʏрɵттɵп берди. Техастык кыялкечтин бул жааттагы идеясынын  башкы тезистери мындай:

1.КЫЗЫЛ ПЛАНЕТАГА ЭМНЕ YЧYН УЧУУ КЕРЕК?

Адамзатты  жок болуп кетʏʏнʏн гипотетикалык коркунучтары: астероид менен кагылышуу, ядролук согуш, климаттык катастрофа жана башкалар кʏтʏп туруусу мʏмкʏн. Биздин цивилизацияны сактап калуу ʏчʏн Жердин резервдик кɵчʏрмɵсʏн тʏзʏʏ керек. Ай жерге жакын, бирок бул анын алсыз жагы. Мисалы, ядролук согушта  ай тарапка ракета менен аткылоого эч ким тоскоолдук кыла албайт. Жерге жакындык автономиялык жашоону ɵнкʏктʏрʏп-ɵркʏндɵтʏʏнʏн ордуна метрополиядан арзан ресурстарды тартып келʏʏгɵ болгон азгырууну кʏчɵтɵт. Андыктан, алыскы марс (айга чейинки аралык 300 миң чакырым)  эгерде биз мультипланеталык цивилизацияны тʏзмɵкчʏ болсок, идеалдуу вариант болуп саналат.

2.ЖЫЙЫРМА ЖЫЛДА ЭКИ МИЛЛИОН!

Масктын эсебинде жыйырма жылдын аралыгында марста ɵзʏн ɵзʏ камсыз кылуучу цивилизацияны тʏзсɵ болот. Ал ʏчʏн ал жакка жердин бир нече миллион тонналаган жʏгʏн жана 1 милиион адамын жеткирʏʏ талап кылынат. Ал милдетти азыр курулуп жаткан “Старшип” космостук корабли аткарууга тийиш болуп, аны менен он миң  каттам жасоо зарыл. Бул кораблдин орбитага жʏк кɵтɵрʏмдʏʏлʏк кубатын эки жʏз тоннага жеткирʏʏ пландаштырылууда. Кораблдин тесттен ɵткɵрʏлгɵн сынактагы ʏлгʏсʏ бир жолкусунда 50 тонна жʏк  жана 100 адамды  ташый алат. Бир килограмм пайдалуу жʏктʏ ашуунун ɵздʏк наркы азыркы он миң доллардан он-он беш долларга дейре тɵмɵндɵтʏлʏшʏ керек.

3.КОШУНА ПЛАНЕТАНЫ  КОЛОНИЯЛАШТЫРУУ  КАНТИП ИШКЕ АШАТ?

Маск кɵп ирет колдонулуучу “Старшипти” жетерине жеткирип иштеп чыгууну жана ʏстʏбʏздɵгʏ эле жылда 6 ушундай системаны ( ылдамдаткыч плюс корабль) курууну  кɵздɵɵдɵ. Аларды орбитага  чыгаруу ʏчʏн менчик космостук компания 2 адистештирилген космодромду Техаста жана Флоридада курууну пландоодо. Андан ары “Старшип” системасын массалык тʏрдɵ чыгаруу каралган. “Марсиандык терезе” маалынд Кызыл планета жерден 55 миллион чакырымдык аралыкта калганда (максималдык аралык дээрлик 8 эсеге кɵп — 401 миллион чакырым) жʏздɵгɵн кораблдерди камтыган флотилияны кое берʏʏ  керек. “Старшип”  кʏйʏʏчʏ май катары атайылап метанды колдонуу долбоорунда жасалууда. Метанды марстан да алууга болот. Мына ушундай мʏнɵздɵ арыга жана бериге транспорттук кɵпʏрɵнʏ курууга мʏкʏн. Бирок, Маск алгачкы маалдарда жʏгʏрткʏч блокторду гана артына кайтарып, кораблдерди калтырууну сунуш кылат. Колониячылар кораблдерди металлга же тʏрдʏʏ реконструкцияларды жасоо ʏчʏн кайра иштетʏʏлɵрʏ мʏмкʏн.

КОМПЕТЕНТТИК  ПИКИР: БУЛ  ИДЕЯ – УТОПИЯ

 Россия Илимдер академиясынын космостук изилдɵɵ институтунун илимий жетекчиси Лев Зеленыйдын эсебинде ракеталык техниканын азыркы ɵнʏгʏʏ этабында кошуна планетаны колониялаштыруу аз реалдуулукка ээ. Жалпы алганда идея  Илон Масктын башка идеяларындай эле сонун. Бирок, марсты колониялаштыруу иш жʏзʏндɵ таптакыр эле реалдууу эмес?

“Мен ɵзʏм бул идея менен ɵз мезгилинде кɵп алпуруштум,-дейт Лев Матвеевич. Он жыл  мурда биз ал турсун “Марс –адамзат ʏчʏн запастагы планета” деген аталыш менен тегерек стол да уюштурганбыз. Бʏгʏн Марс жɵнʏндɵ кɵптʏ билебиз, аны активдʏʏ изилдешʏʏдɵ. Жакында эле кытайлар ага жумшак конууну ишке ашырышып, азыр марстын ʏстʏңкʏ бетинде кɵптɵгɵн марсоходдор иштешʏʏдɵ. Алардын бир нечесинде россиялык приборлор бар. Биздин колдо бар маалыматтарга караганда адамзаттын марска учуусу, андан да ɵтʏп аны колониялаштыруу маселеси ынанымсызыраак болууда. Марска учуу жана ал турсун жумшак конуу азыр анча деле фантастикалуу эмес. Планетанын ʏстʏндɵгʏ радиация деле чечʏʏгɵ боло турган маселе: бир жарым-эки метр жерди ылдыйга казып, радиациядан сактанууга мʏмкʏн. Бирок, биз экипажды учуу учурунда радиациядан кантип сактоону билбей жатабыз”.

Эксперттин маалыматы боюнча космосто радиациялык нурлануунун бир нече тʏрʏ бар. Нурлануунун салыштырмалуу алганда чернобылдык тиби да белгилʏʏ, ал жетиштʏʏ деңгээлде жумшак келип,  нурлануу ооруусуна жана акырындатылган ɵлʏмгɵ алып келет. Бирок, доза ɵлʏмгɵ жетерлик даражада болбосо салыштырмалуу узагыраак жашоого да мʏмкʏнчʏлʏк болуп калууусу ыктымал. Бирок, ʏлкɵн энергияга ээ галактикалык космостук нурлар да бар. Алар ɵтɵ жаңы  жана нормалдуулуктан жогорку  жарк этʏʏлɵрдɵн жана экстремалдык башка процесстердин натыйжасында калыптанышат. Бул нурлар жерге да жетип келет, бирок кɵпчʏлʏк бɵлʏгʏ ионосферада жутулуп жок болот. Ал эми космосто аларга каршы кʏрɵшʏʏ абдан кыйын, анткени алардын ɵтʏп кетʏʏчʏлʏк жɵндɵмʏ ɵтɵ эле жогору.

 КОСМОСТУК  РАДИАЦИЯ  ИНТЕЛЛЕКТКЕ ТААСИР ЭТЕТ

“Медико-биологиялык институттун медиктери Дубнада  ядролук изилдɵɵлɵрдʏн бириккен институтундагы коллегалары менен биргеликте кɵргɵзмɵлʏʏ тажрыйба жасашкан. Алар жогоруда белгиленген эквиваленттеги радиация менен чычкандар тобун нурлантышкан. А чычкандар ага дейре  тамакты лабиринттен издеп табууга ʏйрɵтʏлгɵн эле. Азгырык оокат лабиринтке жайгаштырылып, ага жетʏʏ ʏчʏн жолдун татаал системасын басып ɵтʏʏ талап кылынган. Чычкандар-абдан акылдуу жаныбар. Айталы, алар биринчи кʏнʏ тамакты ʏч саат издеп убараланышты. Экинчи кʏнʏ бир саат талап кылынды. Ал эми кɵп ɵтпɵй эле тамакты  10 мʏнɵт аралыгында эле табууга маш болуп калышкан. Башкача айтканда, бурумдардын жайгашуу схемасын жаттап алышкан. Анан чычкандардын бир тобун дал ошол нурлар менен нурлантышкан да, бир бɵлʏгʏн жɵн коюшкан. Нурланган чычкандар баарын эстеринен чыгарып, тамакты лабиринттен мурдагыдай эле 2-3 саат издешкен. Ал эми нурланбаган чычкандар бир ай ɵткɵндɵн кийин деле лабиринттеги бурумдардын схемасын эстен чыгарбай, тамакты 10 мʏнɵттɵ табууну улантышкан. Ошентип, бул сыяктуу  нурлануунун  тʏздɵн-тʏз акыбети болуп интеллектуалдык функцияны жоготуу саналат. Жана бул акырындаштырылган мʏнɵздɵгʏ нурлануу илдети эмес, когнитивдик жɵндɵмдʏ бир ирмемде жоготуу болуп  калат. Анткени, заряддалган бɵлʏкчɵ бийиктиктен башка тʏшʏп кеткен кирпичти элестетет, анын энергиясы абдан кʏчтʏʏ болуп, мээнин нейрондорун жабыркоого дуушар кылат. Муну менен кантип кʏрɵшʏʏ керек, ал жагы мага тʏшʏнʏксʏз”,-дейт академик Лев Зеленый. Анын эсеби боюнча “Айга кудай жалгап эле галактикалык нурланууга туш келбесеңиз, ʏч айда жетесиз. Ал эми марска кандай айлантпа алты айдан кем эмес убакыт жол жʏрʏш керек, азыркы тапта учуп жете албайсыз. Жана бул жолдо  реалдуу бир жамынчыны таппайсыз. Коргошундун кандайдыр бир катмарын колдонууга мʏмкʏн дээрсиз? Бирок, мынчалык оордукту космоско сʏйрɵп чыгуунун эмне кереги бар? Билбейм, бул жагын Маск кандай пландаштырып жатат, бирок менде марска учуу-акыркы чекке бир  билет алуу болуп калат деген коркунуч бар. Албетте, космостук транспорт жаатында жаңы каражаттар иштелип жатат. Балким, убакыттын ɵтʏшʏ менен марска  секундуна  ондогон, жʏздɵгɵн чакырым ылдамдыкты кʏчɵтʏʏ жолу аркылуу бир аптада учуп жетʏʏнʏн ылаажысы табылып калгысы бардыр, бирок ракеталык техниканын азыркы ɵнʏгʏʏ этабында адамдардын марска учуп баруусу – утопия.

Абдираим Мамытов