• Вт. Июл 21st, 2026

Популярдуу темалар

Ɵлкɵдɵгʏ бала бакчалардын 63 пайызы видеокамера менен камсыз болгон

Автор:Osh Shamy

Янв 20, 2025

Министрлер Кабинетинин ишмердʏʏлʏгʏнʏн 2024-жылдагы жыйынтыгы боюнча кеңешмеде айтылды. Министрликтин маалыматы боюнча, ɵлкɵдɵ бала бакчалардын 63 пайызы видеокамера менен камсыз болгон.

Мындан ары менчигинин тʏрʏнɵ карабай  Кыргызстандагы бала бакчанын баарына видеокамера орнотуу тапшырмасы берилди. Жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына кɵзɵмɵл камерасы орнотулуп, ал ИИМдин «Коопсуз шаар» системасына туташат.

Мындай чечим бала бакчалардагы коопсуздук чараларын кʏчɵтʏʏ, тарбиячылар менен ата-энелердин ортосундагы ишенимди арттыруу жана тартипти камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылды.

Буга чейин, мектепке чейинки билим берʏʏ мекемелерин видеокамера аркылуу кɵзɵмɵлдɵ маселеси Сузактагы бала бакчада тарбиячылардын балдарды урганы аныкталгандан кийин кɵтɵрʏлгɵн.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *