• Вт. Июл 21st, 2026

Популярдуу темалар

Эл ɵкʏлдɵрʏ шаардык чарба объекттеринде

Автор:Osh Shamy

Янв 20, 2025

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык, муниципалдык чарба объекттеринде кɵчмɵ жыйын болуп ɵттʏ.

Жыйынды Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Б.Баетов жетектеп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаев жана тиешелʏʏ мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Жыйындын жʏрʏшʏндɵ шаарды жашылдандыруу, ирригация, калкты электр энергия жана жылуулук менен камсыздоо маселелери каралып, депутаттар менен мекеме-ишканалардын жетекчилери ортосунда суроо-жооп иретинде талкуу жʏрдʏ. Ошондой эле депутаттар мекеме-ишканалардын объекттеринде алып барылган жумуштар, атайын техникалар жана жабдыктар менен таанышышты. Жыйындын жыйынтыгы менен Ош шаардык Кеңеши тарабынан протоколдук тапшырмалар берилип, Ош шаардык Кеңешинин сессиясында шаардагы жолдордун жана тротуарлардын кыш мезгилиндеги тазалыгы жана коопсуздугу боюнча, ирригация маселелери кɵтɵрʏлɵрʏ жана аларды чечʏʏ чараларына колдоо кɵрсɵтʏлɵрʏ айтылды.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *