Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Алмалык айылында курулушу бʏткɵрʏлгɵн мектепти кɵрʏп чыкты. Шаар башчысы мектеп пайдаланууга берилген соң окуучулардын билим алуусуна, ɵнʏгʏʏсʏнɵ жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ тʏзɵɵрʏн билдирди. 2 кабаттан турган мектеп ɵз мɵɵнɵтʏндɵ бʏткɵрʏлʏп, 150 окуучуга ылайыкташкан. Билим берʏʏ мекемесинде спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана ж.б. зарыл болгон бардык шарттар тʏзʏлгɵн. Эске салсак, буга чейин Бакытбек Жетигенов Алмалык айылынын тургундары менен жолугушуусунда жергиликтʏʏ тургундар жаңы мектеп куруп берʏʏнʏ суранышкан. Ага ылайык, мэр жашоочуларга берген убадасын аткарып, мектептин курулушу бир жыл аралыгында толук бʏткɵрʏлдʏ.
Ал эми 2024-жылы Ош шаарындагы 19 билим берʏʏ мекемесинде оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏргʏзʏлгɵн.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарындагы мектептерди жана балдар бакчаларын кɵрʏп чыгып, билим берʏʏ мекемелеринин сырткы жана ички абалын жакшыртуу боюнча тапшырма койгон. Ага ылайык, 2024-жылы 19 билим берʏʏ мекемелеринде оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏргʏзʏлгɵн. Тактап айтканда, №38 Барпы Алыкулов атындагы мектептин, №53 мектептин чатыры жана ашканасы, Алтыбаев жана Керме-Тоо атындагы мектептердин чоң жыйындар залы жаңыланган.
Учурда Х. Абдуллаев атындагы №41 мектептин чоң жыйындар залын оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏрʏп жатат.


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды