21 августа, 2025

“Ош шаарына заманбап тɵрɵт ʏйʏн куруу зарыл”

Узаган жылдын 20-21-декабрында Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, ɵлкɵ жетекчилигинин, чакырылган коноктордун жана 700 делегаттын катышуусунда болуп ɵткɵн III Элдик курултайга Ош шаарынан 43 делегат катышып келишти. Тогуз делегат трибунага чыгып сʏйлɵсɵ, калгандары ɵздɵрʏнʏн алып барган материалдарын тиешелʏʏ министрлик, ведомстволорго тапшырып, алдыда жоопторун алмакчы. Секретариат, катчылык жана тиешелʏʏ министрликтер ай сайын жолугуп, кварталда бир жолу делегаттардын сунуш-пикирлерин кароо боюнча жолугушуулар болуп турмакчы.

Эркин Абдыразаков, Элдик Курултай делегаттарынын Ош шаары боюнча координатору.

-Курултайда адегенде Кыргызстан-Ɵзбекстан-Кытай темир жолуна адистерди даярдоо маселесине токтолдум. Темир жол ишке кирсе транзиттик эле эмес, жʏктɵрдʏ Тынч жана Инди океандарынын деңиз портторуна алып чыгууга, туризмди ɵнʏктʏрʏʏгɵ зор мʏмкʏнчʏлʏк жаралат. Жол бʏтʏшʏ менен Кытайдан, Ɵзбекстандан келген адистер ɵз ɵлкɵлɵрʏнɵ кетишет. Демек, кесипкɵй темир жол адистерин даярдашыбыз керек. Сунушумда Ош технологиялык университетиндеги жол куруу жана автотранспорт факультетинин базасында темир жол курулуш жана тейлɵɵ адистерин окутуу бɵлʏмʏн ачуу керектигин жаздым.

Экинчи маселе, “Ош текстиль” ири фабрикасы ɵз ишин баштагандан бери сырьенун жана айланма каражаттардын жетишсиздигинен улам толук кандуу иштей албай келʏʏдɵ. Жеке оюм боюнча буга чейин Араван жана Кара-Суу райондорунда айдалып келген пахта аянттарын дагы да жандантып, бирдиктʏʏ агрардык саясатты жʏргʏзʏʏгɵ шарт тʏзʏʏ зарыл. Чарбалык субъектилердин башын бириктирип, агрохолдинг тʏзʏʏ учурдун талабы.

Аттокур Жоробаев, Тɵлɵйкɵн айылдык аймактык башкармалыгынан шайланган делегат.

-Акыркы жылдары мектеп, бала бакчалар, жол жана башка объекттер байма-бай курулуп жатканы баарыбызга маалым. Ошого карабай мектеп, бала бакчага болгон муктаждык дагы деле толук чечиле элек. Административдик аймактык реформанын алкагында Ош шаарына кошулган Тɵлɵйкɵн, Учар, Бодур-Таш, Кыргызстан, Дыйкан-Кыштак, Ак-Буура 1-2-3-4 айылдарында бала бакча менен мектептин курула турган орду бар, бирок, каржы булактары жоктугунан курулуш баштала элек. Ак-Буура 1-2-3-4 аймагында 2 гектар жер тилкеси мектеп жана бала бакчага деп 2003-жылы генпланга киргизилген бойдон турат. Озгур айылындагы 60 орундуу бала бакчага 2021-жылы Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵтʏнʏн жергиликтʏʏ бюджетинен 4 миллион сом акча бɵлʏнʏп, биринчи кабаттын дубалы гана бʏткɵн. Калган курулуш иши 2025-жылдын планына киргизилди. Кыргызстан айылында 2007-жылы бала бакчага 20 сотых жер бɵлʏнгɵн. Учар айылындагы ФАПтын, Тɵлɵйкɵндɵгʏ эскилиги  жеткен Г.Айтиев атындагы мектептин жана жогоруда айтылган мектеп, бала бакча курулуштарынын каржылоо булактарын республикалык бюджет аркылуу чечип берʏʏсʏн президентке жеткирдим.

Адалат Темирбаева, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынан шайланган делегат.

-2010-жылкы Ош  окуясынан кийин Ачы массивинин 850 гектар жеринен 1000ден ашуун жер участоктору,  Кеңсай массивинин 500 гектарынан 3200 участок элге бɵлʏнʏп берилген. Андан бери 15 жыл ɵтсɵ да эл ʏй сала элек. Анткени жол, электр жарыгы, суу маселелери толук чечилген эмес. Чечилип калса тургундар ʏйлʏʏ-жайлуу болуп калмак.

-Ош шаары экинчи борбор болгонуна карабай мамлекеттик чоң спорт комплекси жок. Жеке залдар кɵп болгону менен аларга акча тɵлɵп катышканга карапайым элдин балдарынын мʏмкʏнчʏлʏгʏ жок. Мен кɵтɵргɵн маселелердин бири филармонияны жаңылоо болчу. Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын имараты эскилиги жеткен, жаңыдан куруу же заманбап ремонттон ɵткɵрʏʏ зарыл. Бул боюнча Маданият министрлигинен планга киргизилгени тууралуу кат келди.

Керме-Тоо аймагында Анар, Черемушки, Кулатов, Тɵлɵйкɵн кичи райондорунда жаңы кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн кɵп салынып жаткандыгынан улам жылуулук системасынын кубаттуулугу жетпейт. Аталган райондорго кошумча от казан куруу учурдун талабына айланды.

-Ош шаарынын башталышындагы Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылы бар. Фуркат айылынын тургундары Он-Адырдан ɵткɵн каналдан суу ичишет. Каналга кандай гана таштанды, шагыл, заводдон жана ʏйлɵрдɵн чыккан саркынды суулар кошулганына карабай элге тундурулуп берилет. Сугат учурунда бир айлап суу келбейт. Башка убакта 5 кʏн бар болсо, 5 кʏн болбойт. Кɵпчʏлʏк жашоочулар суу кампа жасап алышкан, калгандары атайын бочкага сактап ичишет. Болбосо шаардын башка жерлеринен ташып келишет. Бул маселе боюнча эл тийиштʏʏ жерлерге кɵп жолу кайрылышкан, бирок, жыйынтык болгон эмес. Фуркат айылынын тургундары суу маселесин чечип берʏʏнʏ суранышат.

Бекмамат Шамшиев, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынан шайланган делегат.

-Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын катарына киргенден бери кунары ɵчʏп баратат. Тоо тегерегиндеги дарактардын жарымынан кɵбʏ куурап бʏттʏ. Жылда май айынын аягында чɵптɵр куурап ɵрт каптап, карайган кейиштʏʏ кɵрʏнʏш орун алат. Кургакчылыкка чыдамдуу дарактар эгилбейт. Учурда Сулайман-Тоо Маданият министрлигинин карамагында болгону менен министрликтен жакшы кɵңʏл бурулбайт деген ойдомун. Ал аз келгенсип тоонун айланасы ʏч зонага бɵлʏнʏп, курулуш тармагына тоскоолдук жаратууда. Курулуш компаниялары министрликтен уруксат алуу ʏчʏн борборго бир нече каттап, араң дегенде жооп алышат. Сулайман-Тоого министрликтин салымы дээрлик жокко эсе. Ошондуктан Сулайман-Тоонун тегерегиндеги маселелерди жеринде чечʏʏ жана кɵрктɵндʏрʏʏ ʏчʏн Ош шаарынын мэриясынын карамагына ɵткɵрʏп берʏʏ керек.

-Башка маселеге ɵтсɵм, менчик жана кɵп кабаттуу ʏйлɵр кɵмʏр жагып, кыштан чыгуунун аракетинде. Аба бир топ булганды. Ошондуктан шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу максатында кичирайондор талапка жооп берген заманбап жылуулук борборлорду курууну сунуштадым.

-Президенттин демилгеси менен мугалимдер компьютерлер менен камсыз болушту. Бирок, окуучулар китеп менен жеткиликтʏʏ камсыз болбой келет. Ошондуктан педагогдор, програмисттер, айтишниктер биргеликте ар бир предметтер боюнча санарип китептерди жана аларды окутуу методикаларын иштеп чыкса.

Айыл чарбасында кезинде дʏркʏрɵп, мамлекетке чоң киреше берип турган жибек ɵндʏрʏʏ тармагы болгон. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында тыт катарлар бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин сакталып турат. Буга кызыккан инвесторлор табылат деген ойдомун. Жибек куртун багуу жолдорун билген ʏй-бʏлɵлɵр бар. Жип кылып ɵндʏрʏʏгɵ чейин билген кесипкɵйлɵр табылат. Жибек ɵндʏрʏʏ кайра жанданса кɵпчʏлʏк ʏй-бʏлɵлɵр ʏйдɵ отуруп жумуш менен камсыз болмок.

Рано Матмусаева, Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынан шайланган делегат.

-Башка чоң шаарлар сыяктуу эле Ош шаарында жол тыгыны жашоочуларды тʏйшʏккɵ салат. Жол тыгындын дагы бир негизги себеби, Бишкек-Ош-Баткен жолунун Ош шаарын аралап ɵткɵндʏгʏндɵ. Ошондуктан аталган  жолду шаарды айланып ɵтʏʏсʏнɵ ыңгайлуу альтернативдик жол куруу зарыл. Тактап айтканда, Кара-Суу районунун Фуркат айылынан, Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын Куцемилова кɵчɵсʏ, Озгур, Тɵлɵйкɵн айылдары аркылуу Ош-Ноокат-Баткен жолун туташтырсак оор жʏк ташуучу машинелер айланма жол аркылуу каттамак жана ички жолдорду талкалабай, жол тыгыны азаймак.

Ɵзʏбʏздʏн аймакка келсем, Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы шаардын четинде жайгашып, 70 миңдин тегерегинде калк жашайт. Негизги кɵйгɵйʏ заманбап тɵрɵт ʏйʏ жок. Жакынкы тɵрɵт ʏйʏ 15 чакырым алыстыкта жайгашып, баягы эле жол тыгындын айынан келиндердин тɵрɵтканага ɵз убагында баруусу кыйын. Бизде социалдык объекттерди куруу ʏчʏн бɵлʏнгɵн 2 гектар муниципалдык бош жер бар. Шаардагы калкы эң жыш жайгашкан кичирайон катары аймагыбызга тɵрɵт ʏйʏ, бала бакча жана мектеп керек. Мындан сырткары Жибек-Жолу аймактык башкармалыгына зарыл болгон канализация кɵйгɵйʏн башкы планга киргизип берʏʏнʏ эл суранат.

Аида Субанова, Курманжан-Датка МАБынан шайланган делегат.

-Курултайда ɵзʏбʏздʏн аймактык башкармалыктын кɵйгɵйлɵрʏнɵн сырткары Ак-Буура дарыясы жана аялзатынын коомдогу орду тууралуу баяндадым. Билесиздер, ɵткɵн жылдын июнь айындагы ʏрɵй учурган сел бир топ жерди каптап, адам ɵмʏрʏнɵ коркунуч жараткан. Буга чейин Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоп-тʏзɵɵ иштери башталып, каражат жоктугунан токтоп калган эле. Ушул ишти кайра жандантсак элдин коопсуздугуна эң чоң пайда болмок. Ал эми Курманжан-Датка айылдык аймактык башкармалыгында эки мектеп бар. Экɵɵнʏн тең эскилиги жетип, авариялык абалда турат. Генпланда мектеп ʏчʏн кɵрсɵтʏлгɵн жер бар, каржылоо булактарын республикалык бюджетке киргизип берʏʏ тууралуу баяндама жасадым.

-Аялдарыбыздын 15-20 пайызы 20дан 40 жашка чейинки тɵрɵт курагындагылар болуп эсептелет. Дал ушул курактагы аялдар эшикке чыгып эркек, ʏйгɵ кирип аял, жеке ишкердик да кылып, башкаруу тармагында, медицинада, билим алууда, каражат табууда, нарк-насилди сактоодо кʏчтʏʏ сапаттарын кɵрсɵтʏп келет. Ал эми 55-60% аялдарыбыз жʏрɵк-кан тамыр, боор, нерв, бɵйрɵк жана башка жеңил-орточо оорулар менен жабыркашат. Дагы 15-20 пайызы онкологиялык оорулар менен кʏрɵшʏп келʏʏдɵ. Тилекке каршы, акыркы жылдары оорулар жашарып, ɵспʏрʏм кыздарда да кезигʏʏдɵ. Мунун негизги себеби катары экология кɵйгɵйлɵрʏн айтсак болот. Калктын саны кʏндɵн-кʏнгɵ ɵсʏʏдɵ. Ошондуктан шаарыбызга дагы 4 айыл аймактык округ кошулгандыктан ʏчʏнчʏ заманбап тɵрɵт ʏйʏн, ден соолукту калыбына келтирʏʏчʏ жана ден соолукту чыңдоо борборлорун ачуу керек.

Бакытбек Самиев, Тɵлɵйкɵн муниципалдык аймактык башкармалыгынан шайланган делегат.

-Кыргызстан айылына Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵтʏнɵн жерлер бɵлʏнʏп берилген. Кɵп жылдан бери жерибизге заманбап бала бакча курулбай, жер бош турат. Экинчиден, автобус линиялары коюлса жакшы болмок. Кыргызстан айылы менен Мырзалы Чону уулу кɵчɵсʏндɵгʏ жол оңдоого муктаж. Бул айылда жерден суу чыгып жаткандыктан дренаж каналдарын орнотууну, электр мамычаларын алмаштыруу керек. Машина базарды Алмалык айылында бош турган жерге жылдырууну сунуштадым. 

Назгʏл Баргыбаева, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынан шайланган делегат.

-Коомубузда кант диабети, жʏрɵк кан-тамыр, боор жана онкологиялык оорулар кɵбɵйʏʏдɵ. Жеген азыктарыбыздын кɵпчʏлʏгʏ дары-дармек менен бышып, натуралдуу болбой жатат. Оорукчан балдар тɵрɵлʏʏдɵ. “Биринчи байлык – ден соолук” демекчи, Ош шаарында балдар ʏчʏн жана улуу муун ʏчʏн ден соолукту чыңдоо, атайы калыбына келтирʏʏ борбору керек. Азыркы кʏндɵ логопеддер, невропатолог, психолог, эндокринолог врачтар аз. Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдар ʏчʏн бала бакчалар, мектептер жана кол ɵнɵрчʏлʏк боюнча орто окуу жайлар ачылса, алардын коомго аралашуусуна жакшы шарт тʏзʏлмɵк. Мындан сырткары туризм тармагын ɵнʏктʏрʏʏ зарыл. Ошондой эле токуу фабрикалары ачылып, байпактарды чыгаруучу чакан ишкерлерди колдосок.

Алмаз Чоробаев, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынан шайланган делегат.

-Жапалак айылына газ тʏтʏктɵрʏ 18 жыл мурда эле тартылган. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин газ берилген эмес. Тургундар газ берилʏʏсʏн бир топ жылдан бери эңсеп келет. Мындан сырткары шаарыбыздагы жол тыгындарын азайтуу максатында Фуркат айлампасынан Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы аркылуу Кара-Кысмак жайытын кесип ɵтʏп, Учар айылынын Дача конушуна чейин айланма жол ачуу керек. Айланма жолдун долбоору да даяр. Ошондой эле ɵлкɵ аймагында трансформацияга берилген жерлердин багыты ɵзгɵртʏлбɵй калган. Багытын ɵзгɵртʏʏ зарыл болгон жерлер Жапалакта да бар. Кызыл-Кыштак, Жапалак жана Тɵлɵйкɵн айылдарына дыйкан чарбалык ишмердʏʏлʏк ʏчʏн логистикалык борбор курууну сунуштадым. Анткени айыл-чарбасы ɵлкɵбʏздʏн приоритеттʏʏ багыттарынын бири болуп саналат. Ош шаарынын мэриясына айыл чарба бɵлʏмʏн ачып, айыл чарба жана ветеринардык кызмат адистерин жумуш орду менен камсыздап, аталган аймактардын айыл чарбасын ɵнʏктʏрʏʏнʏ жолго салышыбыз керек.

Айжылдыз  Тойчиева

About The Author